"Бийлик эмес, сый талашар курактабыз". Келдибековдун билдирүүсү эмнеден кабар берет?

    • Author, Айдай Аманкулова
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Кыргызстанда президенттик шайлоого 241 күн бар. Тактап айтканда, шайлоо 2027-жылы 24-январда өтөт. Даярдык көрүүгө расмий түрдө али эрте болсо да, саясий өнөктүк көшөгө артында эбак башталдыбы?

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын төрагасы, соңку жылдары саясий майданда анча көрүнбөй калган Акматбек Келдибеков Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү таратып, президенттик шайлоого катышпай турганын жарыялады.

Ал 2020-жылдан бери ишкердик менен алектенип жүргөнүн, саясатта чогуу жүргөн пикирлештери бийликке келгендиктен, азыркы кырдаал андан аярлыкты талап кыларын жазган. Ошол эле учурда ал азыркы бийлик менен мамилеси түз экенин жана жакында эле президент менен жолугушканын кошумчалаган.

"Анан жолуккан сайын айланабыздагы интриганттар тири укмуш ушактарды чыгарышат. Мына, эки күндөн бери тааныштарым: "Президенттик шайлоого аттанат турбайсызбы", дешип тынбай телефон чалып жатышат. Алтургай, "Келдибеков шайлоого барат экен", – деп атайын мени каралаган топ түзүлүптүр. Шайлоо өнөктүгү башталбай жатып, калп маалыматтар менен элдин башын айландыруу кимге керек? Анан калса, менин президенттикке коюу ниетим жок. Анткени, биз бүгүн дос катары бийлик эмес, сый талаша турган курактабыз. Ошондуктан Садыр Жапаровдун колдоо жана жакын санаалаштарымды колдоого чакыруу менин милдетим. Мен үчүн элибиздин биримдиги, журтубуздун бүтүндүгү баарынан кымбат", - деп жазды Акматбек Келдибеков.

Бул билдирүүгө чейин социалдык тармактарда саясатчынын бир нече жыл мурдагы делген эски видеолору кайрадан тарай баштаган.

Акматбек Келдибеков 2005- жана 2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал "Ата-Журт" партиясынын курамында парламент төрагалыгын жетектеген, ошондой эле Социалдык фонддун жана Мамлекеттик салык кызматынын башчысы кызматтарын аркалаган.

"Шайлоо бүткөндөн кийин кызматка илинип калайын деп үмүттөнүшөт окшойт"

Ахматбек Келдибековдун соңку билдирүүсү эмнеден кабар берет?

Саясат талдоочу Адил Турдукулов бул билдирүүнү алдыдагы президенттик шайлоо өнөктүгү менен байланыштырат. Анын пикиринде, алдыда Келдибеков сыяктуу саясий аренадан четтеп калган башка ишмерлерден да ушундай маанайдагы билдирүүлөрдү күтүүгө болот:

"Азыркы саясий жүрүштөрдүн баары президенттик шайлоо өнөктүгү менен түздөн-түз байланышта. Ошол эле президенттин эл менен тынымсыз жолугуп жатканы, керек болсо Ташиевге козголгон кылмыш иши. Кемпир абадчылардын акталышынын да шайлоо менен байланышы бар го деп эсептейм. Ал эми Акматбек Келдибековго келсек, мындай адамдар, биринчиден, өздөрүн саясатта көрсөтүүгө аракет жасап жатышат. Экинчиден, президентке жагынуу аракети болуп жатат го. Президент болсо өзүнүн тарапташтарын кеңейтүүгө, аны ачык колдогондорго муктаж. Өлкө башчы шайлоого бир жыл калганда өзүнүн айланасында көбүрөөк адамдарды чогултууга, өзүн реалдуу жалгыз талапкер катары көрсөтүүгө далалат жасайт. Буга чейинки бийлик деле ушундай кадамдарга барып келген. Кээде аша чаап кетишет. Эми Келдибеков эле эмес, көрүнбөй жүргөн көптөгөн саясатчылар Жапаровду колдойм деп чыга беришет го. Алар президентке өздөрүн көрсөтүп, шайлоо бүткөндөн кийин кандайдыр бир кызматка илинип калайын деп да үмүттөнүшөт окшойт".

"Чыныгы оппозиция да, оппозицияны каалаган бийлик да жок болуп турат"

Президенттик шайлоого кимдер койору белгисиз. Талдоочулар азырынча ага даярдык көргөн күчтөр жана саясатчылар байкала электигин белгилешүүдө.

Саясат таануучу жана чыр-чатактарды изилдөөчү Чынара Эсенгулдун көз карашында, шайлоо алдында оппозициялык талаа дээрлик жок.

"Тилекке каршы, азыркы саясий системада оппозициянын болушу кабыл алынгыс нерседей болуп жатат. 2021-жылы Конституцияны өзгөртүү учурунда бир адам бир кол менен башкарып, жоопкерчиликти алышы керек дешпеди беле. Ошол нерсе уланып жатат. Чын-чынына келгенде, биз, көчмөндөр эркиндикти сүйгөн, ар кандай көз караштарды уга билген элбиз. Ошондуктан оппозиция демократиянын шарты эмес, биздин табитка жарашкан шарт. Демек, оппозиция керек. Бирок ички саясий оюндардын натыйжасында азыр бизде оппозиция жок. Казакстанда Нурсултан Назарбаев, Өзбекстанда Ислам Каримов бийликте көпкө турганда экспертик коомчулук анын кесепеттери оор болорун айтып келген. Бир адам бийликте көпкө отуруп калса, туруктуулук жагынан, албетте, жакшы. Ошентсе да, башка адамдардын, партиялардын, муундардын көз карашы болбосо, өнүгүү кыйын болуп калат. Альтернатива талкуу өнүгүүгө жол ачат. Бирок бизде чыныгы оппозиция да, оппозицияны каалаган бийлик да жок болуп турат", - деди саясат таануучу чыр-чатак изилдөөчү Чынара Эсенгул.

Президенттик шайлоого даярдык расмий түрдө качан башталат?

17-февралда Конституциялык сот президенттик шайлоо 2027-жылдын январынын төртүнчү жекшембисинде, тактап айтканда, 24-январда өтөт деп чечмелеген.

Конституциялык соттун түшүндүрмөсү боюнча, 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзам боюнча, Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт. Демек, Садыр Жапаровдун алты жылы биринчи мөөнөтү катары эсептелет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов шайлоого расмий түрдө даярдык качан башталары боюнча Би-Би-Сиге буларды айтып берди:

"Шайлоого даярдык шайлоо дайындалган күндөн тарта башталат. Президенттик шайлоо болсо шайлоо өтө турган күндөн төрт ай мурун дайындалат. Мыйзамда шайлоо 2027-жылы 24-январда өтөрү аныкталган. Демек, 24-сентябрдан кеч эмес мөөнөттө шайлоону дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңеш чечим кабыл алыш керек. Ошол убакыттан баштап шайлоого расмий старт берилди деп эсептелет. Талапкерлерди көрсөтүү жана башка процедуралар ошондо башталат".

Бекматов БШК техникалык жактан саясий өнөктүккө даяр экенин, шайлоо дайындалган күндөн тарта календардык план, уюштуруу иштери башталарын айтты. Ошондой эле шайлоо дайындалгандан кийин БШК шайлоонун чыгымдарынын сметасын түзүп, Министрлер кабинетине жөнөтөрүн, ошондон кийин акча бөлүнөрүн кошумчалады.

Шайлоо күндөрүн жекшемби эмес, шаршембиге жылдыруу сунушталууда

Бул арада бүгүн, 28-майда депутат Дастан Жумабеков шайлоо күнүн жекшембиге эмес, жумуш күнүнө жылдырууну сунуштады. Ал добуш берүү күнү жылдырылса, шайлоого катышуу көрсөткүчү жогорулашы мүмкүн деген пикирин айтты. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы бул демилгени колдоду.

"Мурда расмий түрүндө Жогорку Кеңешке кат бергенбиз. Биз шайлоону шаршемби күнү өткөрүүнү сунуштаганбыз. Эл аралык практиканы эске алуу менен шайлоону шаршембиге белгилесек, добуш берүү көрсөткүчү жогорулайт. Борбордук шайлоо комиссиясында мыйзам долбоорун демилгелөө мүмкүнчүлүгү жок экен. Сиздерге кайрылып жатам. Кабыл алып бериңиздер, урматтуу депутаттар. Шайлоону шаршемби күнү өткөрөлү", - деди Тынчтыкбек Шайназаров.

Кыргызстанда акыркы жолу президенттик шайлоо бийлик алмашканда, тактап айтканда 2021-жылдын 10-январында өткөн. Жалпысынан 63 киши шайлоого катышуу үчүн арыз тапшырган. Алар 30 миң кол топтоп, бир миллион сом күрөө коюшу керек болгон. Улам иргелип, шайлоо бюллетенине 17 адамдын ысымы киргизилген. Добуш берүү тилкелерине жалпы шайлоочулардын 39, 75 % гана келген. Садыр Жапаров 79.20% менен жеңишке жеткен.