"Катты окуган эмесмин". Тургунбек уулу менен Зулушев айыптоолорду четке кагышууда

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда "75чилердин катына" байланыштуу сот жараян түштөн кийин кайра уланды.

Сот отурумуна келген Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу "75чилердин катын" мурда көрбөгөнүн билдирди:

"Мен ал катты көргөн да эмесмин, окуган да эмесмин. Түркияда иш сапар менен жүргөм. Ал колдон колго өткөн эмес, каттар бөлүмү аркылуу эле келген".

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев болсо, айыптоолорду четке кагарын айтты.

"Бардыгы купуя азыр. Сабыр кылып тургула. Жараян эми башталды, угасыңар. Коюлган айып боюнча менин [ага] эч кандай тиешем жок", - деди Зулушев.

Сот отуруму бүгүн эртең менен башталып, ага Камчыбек Ташиев баштаган сегиз айыпталуучунун баары келген. Ташиев өзү журналисттерге көрүнгөн жок, анын Toyota Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаасы ичкери кирип кетип жатат.

Бирок Ташиев сотко катышып жатканын Би-Би-Сиге адвокат Акынбек Ногоев ырастаган. Эртең менен Бекболот Талгарбековдун жактоочусу келбегендиктен сот жараяны түштөн кийинкиге жылдырылган.

Жалпысынан сегиз киши сотто айыпталуучу катары өтүп жатат. Алар Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы депутат жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев, экс-депутат жана мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков жана экс-депутат, мурдагы вице-премьер министр Аалы Карашев.

Эмилбек Узакбаевдин адвокатты Акынбек Ногоевдин билдиришинче, бул ишке байланыштуу Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" жана "Бийликти күч менен басып алуу" беренелери менен кине коюлган. Бирок алар эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте жүрүшөт.

Ал эми коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айып тагылган. Алар камакта жатат.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Ташиевди кызматтан алардын алдында, 9-февралда коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 киши президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атына кайрылуу жолдошкон. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган.

Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Башмыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканын белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү сунушташкан.

ИИМ 9-февралда интернетте тараган мындай маалыматтарга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, беш киши кармалган.

Милиция булардын "иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек" жана "өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө багытталган" деп билдирген.

Ал эми кармалгандардын жакындары жана адвокаттары айыптоолорду четке каккан.