Бишкекте Курман айт намазына 30 миңдей адам катышты

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кыргызстанда бүгүн Курман айт майрамы белгиленүүдө. Ага карата айт намазы Бишкекте Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта окулду.

Ага жалпы 30 миңдей адам катышканы айтылды. Майрамдык намазга өлкө башчысы Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү да барды.

Президент майрамдык куттуктоосунда "ар бир үй-бүлөгө кут-береке, бейпилдик жана ынтымак-ырыс каалады".

"Жараткан кутман жергебизге ырыскы, береке, бейпилдик жана туруктуулук берсин. Элибизди бөөдө кырсыктан, бөлүнүп-жарылуудан сактасын! Кыргызстаныбызда ар дайым бакубатчылык орноп, ар бир коломтодо токчулук менен молчулук өкүм сүрсүн!", - деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Майрамдык иш-чара эртең менен саат 07:00дө Куран окуу менен башталып, диний баяндары менен коштолду.

Быйыл Курман Айт 27-майга белгиленген. Бул күнү айт намазынан кийин мүмкүнчүлүгү жеткен адамдар курмандык чалышат. Мусулмандар айт күндөрү бири-бирин куттукташып, айтташып, бири-бирине конокко барышат.

Буга чейинки Орозо айт намазы да эски аянтта окулган. Ага чейин көптөгөн жылдардан бери Айт намаз Бишкектин эски аянтында окулуп, ага он миңдеген кишилер катышып келген. Бирок 2023-жылдан бери айт намаздарын борбордук аянттарда окууга чектөө киргизилип, намаз мечиттерде гана окулуп жүргөн. Бул коопсуздука байланыштуу деп түшүндүрүлгөн.