Трамп Путинди "досум" деп атаганын Украинадагы согушту токтотуу аракети менен түшүндүрдү

EPA
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинди эмне себептен "досум" деп атаганын түшүндүрдү. Анын айтымында, эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы жакшы мамиле Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотууга жардам бериши мүмкүн.

"Түшүнүшүңөр керек, биз келишим түзүүнү каалайбыз. Адамдардын өлүмүн токтоткубуз келет. Мен ал [Путин] досум эмес деп айтып, алдына барып: "Сен мага жакпайсың!" десем деле болмок. Бирок анда Зеленский менен Путиндин ортосундагыдай маселе жаралмак. Тынчтык келишимине жетишүүгө тоскоол болуп жаткан негизги нерсе, эки лидердин бири-бирин жек көргөнү",- деди ал журналисттерге.

Трамптын айтымында, ал Владимир Путин менен тил табыша алды, анткени алар бири-бирин көптөн бери тааныйт. Ошондой эле АКШ президенти Путин келишим түзүүнү каалап жатканын дагы бир жолу кайталады.

Трамп ноябрдын ортосунда Кытайда Путин менен жолугушкандан кийин социалдык тармакка аны менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, алдына аны "досум" деп жазган.

Украинанын президенти Володимир Зеленский болсо Би-Би-Синин кабарчысы Сара Рейнсфордго берген маегинде АКШ президенти Дональд Трамптын Владимир Путин "досум" деп айтканы тууралуу пикирин билдирген.

Журналист Зеленскийден Ак үй башчысы социалдык тармактагы баракчасына Путин менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, алдына "Менин досум" деп жазганын көргөндө кандай сезимде болгонун сураган.

"Албетте, бул АКШ президентинин өз иши. Бирок бул таң калыштуу. [Путин] агрессор жана киши өлтүргүч. Ал XXI кылымдагы фашизмди кайра алып келди. Ал эч качан дос боло албайт. Жөн гана дос боло албайт. Бул Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда кимдир бирөө Гитлерди жакшы досум деп атагандай эле кеп",- деп жооп берген Зеленский.

"Балким, алардын жеке мамилеси бардыр. Мындай сөздү журналисттердин катышуусуз эле айтса болот. Анткени бул уул-кызын жоготкон үй-бүлөлөр үчүн абдан оор. Алар АКШ президентинин колдоосуна үмүт артып жатышат. Биз да АКШ менен болгон мамилебизге жана өнөктөштөрүбүзгө ишенебиз. Биз ушуга таянабыз! Киши өлтүргүч экенин көрүп туруп, АКШ аны жакшы досум деп атаса, биз буга кандай карашыбыз керек? Жок, ал дос эмес",- деп кошумчалаган Украинанын президенти.