Өзгөндө мектеп окуучусун унаа сүзүп кетти, кыз ооруканада каза болду

Social
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылында айдоочу унаасын артка айдап жатып, мектеп окуучусун сүзүп алды. Бала алган жаракатынан улам ооруканада каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы Би-Би-Сиге билдирди.

Маалыматка караганда, окуя Куршаб айылындагы Камчыбеков көчөсүндө болгон. 1951-жылы туулган А.О. аттуу тургун "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаасын артка айдап жатып, 2014-жылы туулган А.К. аттуу окуучу кызды сүзүп алган.

Кырсыктан оор жаракат алган кыз Өзгөн районунун Куршаб аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Бул факт Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин социалдык тармактарда окуя тартылган видео тараган. Анда унаа жол жээгинде бара жаткан эки мектеп окуучусунун бирин сүзүп кеткени көрүнөт.

"Айдоочу унаасын артка айдап жатып байкабай сүзүп алган. Экинчи кыз эч кандай жаракат алган эмес",- деп билдиришти мекемеден.