"Өлгөндөрдүн саны жарым миллионго жетти". Росстаттын файлдары ачыкка чыгып кетти

SOPA Images
    • Author, Ольга Ившина*, Ярослава Кирюхина
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 5 мүнөт

Би-Би-Си жана "Медиазона" Росстаттын системасынын файлдарындагы каза болгондор тууралуу ачыкка чыгып кеткен жазууларды талдап чыкты. Бул маалыматтарга ылайык, Украинага бастырып киргенден бери Орусия бери дегенде 490 334 жоокерин жоготкон. Мындан тышкары, Украинада Орусиянын тарабында согушуп жүргөн 7 421 чет элдик каза болгон.

"Киберпартизаны BY" жана Silent Crow (Орусияда экстремисттик уюмдар деп табылган жана ишмердигине тыюу салынган) хакердик топторунун киберчабуулунун натыйжасында Росстаттын файлдары ачыкка чыгып кетти. Бул өз кезегинде биринчи жолу орусиялык статистикалык мекеме Украина менен согушта каза болгон орусиялыктар тууралуу кандай маалыматтарды каттап жатканын кылдат изилдөөгө мүмкүндүк берди. Росстат киберчабуул болгонун тастыктады, бирок маалыматтардын ачыкка чыгып кеткенин четке какты.

Хакерлер журналисттердин тобуна берген маалыматтарды Би-Би-Си каза болгондордун аты-жөнү жазылган тизме менен салыштырып чыкты. Бул тизмени Би-Би-Си "Медиазона" жана ыктыярчылардын көз карандысыз тобу менен биргеликте жүргүзүп келатат.

Росстаттын маалыматтары да, каза болгондордун аты-жөнү жазылган тизмесин талдоо да бир эле тенденцияны көрсөтүүдө: жоготуулар аймактар боюнча тең эмес бөлүштүрүлгөн, ал эми каза болгондор тууралуу маалыматтар барган сайын кечирээк түшүп жатат.

Ошол эле учурда биз жүргүзүп жаткан тизмени Росстаттын маалыматтары менен салыштыруу мамлекеттик эсепке алуу системасында ката кеткенин көрсөттү: миңдеген учурларда жоокерлердин өлүмү же катталган эмес, же согуштук аракеттерге катышуунун кесепети катары белгиленген эмес.

Кандай маалыматтар ачыкка чыкты?

Журналисттердин колуна тийген маалыматтарда 2021-жылдан 2026-жылдын сентябрына чейинки мезгилге таандык 11 миллиондон ашык жазуу бар.

Бул маалыматтарды Росстаттын өзү 2024-жылга чейин жарыялап келген маалыматтар менен салыштырууга шарт түзүлдү. Хакерлер тобу тапкан маалыматтардагы сандар менен расмий статистиканын ортосунда айырма анчалык деле чоң эмес.

"Медиазона" биз жүргүзүп жаткан тизмени хакерлер берген маалыматтар менен салыштырып чыгып, алар 90% дал келгенин аныктады. Росстаттын маалыматтарында өлгөндөрдүн аты-жөнү жок, бирок биз каза болгондордун жаш курагы, жашаган жери жана өлүмүнүн жагдайлары боюнча жазууларды так салыштыра алдык.

Би-Би-Си ошондой эле өлүмү согушка байланышпаган, бирок коомчулукка белгилүү болгон 200 орусиялыктын картасын текшерип чыкты. Бардык учурларда Росстаттын базасында катталган маалыматтар маркумдардын туугандары жана ЖМКлар жарыялаган маалыматтар менен дал келди.

Бул текшерүүлөрдүн баары хакерлер журналисттерге жиберген файлдар анык деп так айтууга негиз берет.

490 миң деген сан кайдан чыкты?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Росстаттын маалыматтарынын негизинде Украинадагы орусиялык армиянын жоготууларынын саны үч чоң категориядан турат:

согуштук аракеттерге же алардын кесепеттерине байланыштуу өлүмү маалыматтар базасында түз катталган маркумдар;

өлүмү соттун чечими боюнча тастыкталган дайынсыз жоголгон жоокерлер (адатта алардын өлүмүнүн себеби көрсөтүлбөйт, себеби сөөгү табылбашы мүмкүн, бирок болжолдуу кайсы жерде өлгөнү жарыяланат);

аскердик кызмат жөнүндө белги, жаракаттардын мүнөзү жана өлгөн жери боюнча өлүмүн согуш менен байланыштырууга мүмкүн болгон маркумдар.

Бардык учурларда биз Украинада, анын ичинде Орусия басып алган аймактарда, ошондой эле согуштук аракеттер орун алган Орусиянын чек ара аймактарында каза болгон адамдарды гана эсепке алдык.

Росстаттын файлдарын талдоонун жүрүшүндө биз өлүмгө согуштук аракеттер себеп болгонун ачык көрсөткөн 425 174 жазууну аныктай алдык. Алар аталган мекеме колдонгон Оорулардын эл аралык классификациясына (ОЭК) ылайык каралган.

Жай тургундар эсепке кошулуп калбашы үчүн биз атайын чыпкаларды колдондук. Мисалы, тандалмадан бардык аялдарга, ошондой эле 18 жашка чыга электерге же 65 жаштан ашкан эркектерге тиешелүү жазуулар алынып салынды.

Биз ошондой эле жашаган жерине да көңүл бурдук: эгерде адам Донецк, Луганск, Запорожье же Херсон облустарынын оккупацияланган аймактарында жашап, каза болсо, ката кетирип албаш үчүн аны тизмебизден чыгарып турдук.

Бул 2022-жылы Луганск жана Донецк облустарынын согушка катышуу үчүн мобилизацияланган тургундары биздин эсептен чыгып калды дегенди билдирет (некрологдордун жана дайынсыз жоголгондордун маалыматтарынын негизинде биз алардын санын 21 000-23 500 адам деп баалаганбыз).

Ошол эле учурда Малиде жана Сирияда каза болгон орусиялык аскерлер эсепке кирген жок, бирок Украинадагы согуш жүрүп жаткан аймактарда кызматта жүрүп, жүрөк оорусунан каза болгондорду коштук.

Базада дагы 51 067 адам соттун чечиминин негизинде каза болгон деп катталган. Каттоонун мындай түрү согуш жүрүп жаткан аймакта жарым жылдан ашык убакыт мурун жоголгон жана сөөгү табылбай жаткан жоокерлер үчүн колдонулат. Эреже катары, адамды каза болгон деп таануу үчүн сотко аскер бөлүктөрүнүн өкүлдөрү (алар башка жоокерлерди фронтко алдыртуу үчүн өздүк курамдын тизмесин расмий түрдө жаңылашы керек) же туугандары (жеңилдиктерди жана төлөмдөрдү алуу максатында арыз жазышы үчүн) кайрылышат.

Согуш Орусиядагы эркектердин арасында өлүм көрсөткүчүн түп-тамырынан бери өзгөрттү. 2025-жылы 18 жаштан 24 жашка чейинки курактагы эркектердин 65% жана 25 жаштан 34 жашка чейинки курактагы эркектердин 59% өлүмүнүн негизги себеби катары согуштук аракеттер же алардын кесепеттери көрсөтүлгөн.

Ноябрдын аягында Би-Би-Си менен "Медиазонанын" курман болгондордун тизмесине 290 012 орусиялык жоокердин аты-жөнү кирген. Бул сандар некрологдордун, туугандарынын жана жергиликтүү бийликтин билдирүүлөрүнүн, көрүстөндөрдөн жана ачык мамлекеттик реестрлерден алынган маалыматтардын негизинде чогултулган. Росстаттын орусиялык аскерлердин жоготуулары тууралуу маалыматы толугураак, себеби өлүмдөрдүн бир бөлүгү коомчулукка жарыяланбай келет.

Биздин тизмебизге жасалган талдоо көрсөткөндөй, жоготуулардын эң чоң үлүшү Чыгыш Сибирдин аймактарына туура келет. Алсак, Тыва, Бурятия жана Забайкалье аймагынан согушка кетип, каза болгон эркектердин саны Москва жана Санкт-Петербургдун тургундарына караганда 20-25 эсе көп.

Жалпысынан базада 2026-жыл үчүн чогултулган маалыматтар өтө толук эмес – балким, ЗАГС жана башка бийлик органдары хакердик чабуул учурунда Росстатка маалыматтардын бир бөлүгүн берүүгө үлгүрбөй калган болушу ыктымал.

Орус тарапта согушкан чет элдиктер

Росстаттын маалыматы боюнча, Орусиянын тарабында Украинада согушуп жүргөндө кеминде 5 017 чет элдик жоокер курман болгон.

Каза болгон чет элдиктердин арасында Өзбекстандын (1031) жана Тажикстандын (720) жарандары басымдуулук кылат. Росстаттын маалыматы боюнча, каза болгон жоокерлердин 133ү Колумбиянын, 66сы Кубанын жарандары болгон.

Бул маалыматтарды биздин тизмебиз менен салыштыруу Украинада Орусиянын тарабында согушкан чет элдиктердин чыныгы жоготуулары көбүрөөк болушу мүмкүн экенин көрсөттү. Мисалы, буга чейин Непалдын Тышкы иштер министрлиги согушта курман болгон 71 непалдыктын атын жарыялаган. Бирок алардын 48и гана Росстаттын базасында катталган экен.

Чет элдиктердин өлүмү эң көп 2025-жылдын күзүндө катталып, айына болжол менен 390га жеткен.

Росстаттын файлдарында согушта түндүк кореялык аскерлердин курман болгону тууралуу маалымат жок. Балким, алар тууралуу маалыматтарды орусиялык ЗАГС эсепке албай, системага киргизилбей калган болушу ыктымал.

Ушул жылдын май айында Би-Би-Си спутниктен алынган сүрөттөр жана Түндүк Кореядагы мемориалдын расмий сүрөттөр менен таанышып чыгып, 2024-2025-жылдары Курск облусунда Украинанын чабуулуна каршы турууда курман болгон 2 304 түндүк кореялык аскердин атын аныктап чыккан.

Базада эмнелер жок?

Getty Images

Росстаттын базасы биздин эсептөөлөрүбүзгө караганда кыйла толук болгонуна карабастан, ал жоготуулардын толук көрүнүшүн чагылдырбайт.

Мисалы, биз орус армиясынын курамында согушуп, каза болгон Украинанын Донецк жана Луганск облустарынын 6 миң жашоочусунан турган маалымат базасын ачыкка чыгып кеткен файлдар менен салыштырдык.

Росстаттын базасында бул адамдардын 70% гана катталган экен. Анын үстүнө "өлүмдүн себептери" деген графада маркумдардын үчтөн биринин гана жанына "согуштук аракеттер жана алардын кесепеттери" деп көрсөтүлгөн.

Бахмутка чабуул маалында "Вагнердин" каза болгон жалданма аскерлеринин маалыматтары да базага олуттуу кемчиликтер менен киргизилген. Алардын 70% гана согуштук аракеттердин жүрүшүндө каза болгон деп көрсөтүлгөн. Бир катар маркумдун аты-жөнүнүн жанына "өлүмүнүн себеби аныкталган жок" деген белги коюлганы белгилүү болду.

Жоготуулардын чыныгы саны кандай?

Аскердик эксперттердин баалоосу боюнча, орусиялык көрүстөндөрдү, аскердик мемориалдарды жана некрологдорду талдоонун жыйынтыгы курман болгондордун чыныгы санынын 45 пайыздан 55 пайызга чейинкисин камтышы мүмкүн.

Башкача айтканда, Орусия тараптан каза болгондордун чыныгы саны 527 295тен 644 471ге чейин жетиши ыктымал.

Украина согуштагы жоготуулары тууралуу акыркы жолу 2026-жылдын июль айында билдирген. Ошондо президент Владимир Зеленский "50 миңге жакын" украиналык жоокер каза болгонун айткан. Батыштын эксперттери Зеленский келтирген сан азайтылып айтылган болушу мүмкүн деп эсептешет.

Ачык булактардын негизинде украин тараптын жоготууларынын тизмесин Ukraine losses анонимдүү сайты жүргүзүп келатат. Учурда бул сайтта каза болгон 115 952 жоокердин аты-жөнү илинип турат. Ukraine losses ошондой эле дайынсыз жоголгондор тууралуу маалыматтарды эсепке алуу менен, украиналык тараптан каза болгон аскерлердин жалпы саны 221 миңден ашышы мүмкүн экенин божомолдойт. (ZMa)