АКШ айрым соода өнөктөштөрүнө жаңы бажы төлөмдөрүн киргизерин жарыялады

Сүрөттүн булагы, Andrew Harnik/Getty Images
АКШ өзүнүн ири соода өнөктөштөрүнүн айрымдарына жаңы импорттук бажы төлөмдөрүн киргизерин жарыялады. Бул чечим АКШнын Соода мыйзамынын 301-бөлүмүнө ылайык жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында кабыл алынды. Иликтөөдө өнөр жай өндүрүшүндөгү ашыкча кубаттуулук жана товарларды ашыкча өндүрүү маселеси каралган.
Иликтөөдө Кытай, Европа Биримдиги, Сингапур, Швейцария, Индонезия, Малайзия, Камбоджа, Таиланд, Түштүк Корея, Вьетнам, Тайвань, Бангладеш, Жапония жана Индия мамлекеттери тууралуу айтылган.
Бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү өлкөгө жана товарлардын түрүнө жараша аныкталат.
Кытайдан импорттолгон товарларга эң жогорку 40 пайызга чейинки бажы төлөмдөрү киргизилет. Вьетнам үчүн бул көрсөткүч 35 пайызга чейин жетет. Башка соода өнөктөштөрүнө 20% же 25% өлчөмүндө бажы төлөмдөрү салынат.
Бирок айрым өлкөлөр үчүн бул төлөмдөр көрсөтүлгөн өлчөмдөн төмөн болушу мүмкүн. Анткени Дональд Трамп буга чейин айрым өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдүн алкагында бажы төлөмдөрүнүн жогорку чегин төмөндөтүү боюнча макулдашкан.
Трамп президенттик кызматтагы экинчи мөөнөтүндө импорттук товарларга бажы төлөмдөрүн киргизерин бир нече жолу эскертип, айрым учурларда аны ишке ашырган. Анын айтымында, мындай саясат АКШнын өнөр жайын өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө жардам берет.
Бирок экономисттер импорттук бажы төлөмдөрү инфляцияны күчөтүп, керектөө товарларынын кымбатташына алып келиши мүмкүн экенин, ошондой эле дүйнөлүк сооданын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратарын эскертишет.
Ушул жылдын башында АКШнын Жогорку соту Трамп өзгөчө ыйгарым укуктарын колдонуу менен киргизген көптөгөн бажы төлөмдөрүн мыйзамсыз деп тапкан.
Натыйжада, быйыл жайында товарларды өлкөгө алып кирүүдө бажы төлөмдөрүн төлөөгө милдеттүү болгон америкалык компанияларга миллиарддаган доллар кайтарылып берилген.
Бирок бул жагдай Трамптын администрациясын тарифтик саясаттан баш тартууга үндөгөн жок. Ак үй бажы төлөмдөрүн киргизүүнүн башка укуктук жолдорун издеп жатат. Бүгүнкү чечим анын кезектеги далили.
Түштүк-Чыгыш Азияны изилдөө боюнча Юсоф Исхак институтунун эл аралык соода боюнча эксперти Жаянт Менондун пикиринде, АКШнын администрациясы бул жолу башка ыкманы тандады. Анын айтымында, жаңы төлөмдөр соттук териштирүүлөргө туш болгон учурда да мыйзамдуулугун сактап калуу мүмкүнчүлүгүнө көбүрөөк ээ.
Менон белгилегендей, Трамп өткөн жылы жарыялаган тарифтерге салыштырмалуу жаңы төлөмдөр азыраак өлкө менен аймакты камтыйт. Мындан тышкары, алардын өлчөмү көпчүлүк учурда кыйла төмөн жана бирдей.
Алгачкы реакциялар
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Европа ашыкча өндүрүштүк кубаттуулуктун булагы деген пикирди биз кескин түрдө четке кагабыз. Тескерисинче, Европа бул көйгөйдөн эң көп жабыркап жаткан тараптардын бири",- деп билдирди Еврокомиссия АКШнын жаңы бажы төлөмдөрүнө байланыштуу.
Евробиримдиктин өкүлдөрү Вашингтон жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгын өз алдынча карап чыгарын билдиришти. Ошондой эле алар бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү 15%дан ашпашы керектигин эскертишти. Дал ушул тариф боюнча Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен Дональд Трамп былтыр Шотландиядагы гольф клубда өткөн жолугушууда макулдашкан. Еврокомиссия да Кытайдын өнөр жайына байланыштуу көптөн бери тынчсызданып келет.
"Евробиримдик менен АКШ дүйнөлүк масштабдагы өндүрүштүк ашыкча кубаттуулук көйгөйүнө олуттуу тынчсыздануусун билдирип келет. Бул көрүнүшкө көбүнчө үчүнчү өлкөлөрдөгү мамлекеттик саясат себеп болууда. Биз бул маселени биргелешип чечүү боюнча аракеттердин жоктугуна өкүнөбүз",- деп билдиришкен Евробиримдиктин өкүлдөрү буга чейин бир нече жолу.
Бүгүнкү жарыянын алдында Кытайдын Тышкы иштер министрлиги "ашыкча өндүрүштүк кубаттуулук деп аталган маселе атайын ойлоп табылган. Кытай бул түшүнүктү саясий манипуляциянын шылтоосу катары колдонууга каршы" деп билдирген.
Кытай соода согушу эч кимдин кызыкчылыгына жооп бербейт деп эсептейт. Өлкөнүн позициясына ылайык, пикир келишпестиктерди жөнгө салуунун эң жакшы жолу сүйлөшүүлөр.
Ошол эле учурда эки тарап тең бири-бирине бир катар маанилүү товарлардын экспортун көзөмөлдөйт. Ар бир тарап кандай жеңилдиктерге барууга даяр экени декабрь айында Майамиде өтө турган Си Цзиньпин менен Дональд Трамптын кезектеги жолугушуусундагы негизги маселелердин бири болот.
Талдоо: Трамп G20 саммитинде жаңы келишимдерди түзүүгө үмүттөнүүдө. Бажы төлөмдөрү ага кошумча басым жасоо мүмкүнчүлүгүн берет
Нада Тауфик, Би-Би-Синин Түндүк Америкадагы кабарчысы
Дональд Трамп бажы төлөмдөрүн башка өлкөлөрдү соода келишимдерин түзүүгө мажбурлоонун куралы катары дайыма колдонуп келген.
Бул кадам расмий түрдө ашыкча өндүрүштүк кубаттуулукка байланыштуу иликтөөнүн алкагында кабыл алынганы айтылганы менен, анын дал ушул убакта жарыяланышы жөн жерден эмес.
Трамп алдыдагы G20 саммитинде бир нече жаңы келишимге кол коюуга үмүттөнүп жатат. Бажы төлөмдөрү бул максатка жетүү үчүн ага кошумча басым жасоо мүмкүнчүлүгүн берет. Өткөн аптада АСЕАН саммитинде соода маселелери анын көңүл борборунда болду. Ал тургай Филиппин жана Таиланд менен түзүлгөн келишимдер толук даяр боло электе эле алар тууралуу жарыялоого шашылды.
Ошентсе да, бул кадам керектүү көрүнүштү жаратууга мүмкүндүк берди. Келишимдерге расмий кол коюу жана муну өзүнчө бир "жеңиш" катары көрсөтүү. АКШ менен соода келишимдерин буга чейин түзүп койгон өнөктөштөргө жаңы бажы төлөмдөрү олуттуу таасир этпейт.
Мисалы, Еврокомиссия жаңы тарифтер 15 пайыздан ашпашы керек деп буга чейин билдирген. Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен Дональд Трамп былтыр дал ушул өлчөм боюнча макулдашкан.
Демек, жаңы тарифтер биринчи кезекте АКШ менен соода келишимин түзүү жараянын аягына чыгара элек өлкөлөргө тиешелүү. АКШ администрациясынын жогорку кызматтагы өкүлүнүн айтымында, бул чечим G20 саммитинде чыңалуу же пикир келишпестик жаратпайт.
"Тескерисинче, бул билдирүүлөрдөн кийин G20 саммитинде дагы көп келишимдерге кол коё алабыз деп үмүттөнүп жатабыз",- деди ал.





























