Президенттик шайлоо: Сыймык Жапыкеев топтогон кол тамгалардын аныктыгы текшерилди

Official
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, арыз берген Сыймык Жапыкеевди колдоо үчүн чогултулган 31 140 кол тамга анык деп таанылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

Маалыматка ылайык, кол тамгалардын аныктыгын текшерүү талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайкүл Айдаралиеванын катышуусунда жүргүзүлгөн.

БШКнын маалыматына караганда, кол тамгалар "Кол чогултуу" автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу чогултулган. Алардын тактыгы тутумдагы маалыматтарды салыштырып текшерүүнүн негизинде аныкталган.

"Сыймык Жапыкеев бир апта мурун БШКга кол топтоо баракчаларын тапшырган. Жумушчу топ аларды текшерип бүтүп, бүгүнкү жыйында кол тамгалар жарактуу деп табылды. Бул мыйзамда каралган жол-жобо. Мурда кол тамгалар кагаз түрүндө чогултулчу. Талапкер аларды комиссияга тапшыргандан кийин, биз текшерип чыкчубуз. Азыр бул иш "Түндүк" тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт. Кол топтоо аяктагандан кийин талапкер канча кол топтогону тууралуу маалымат берет. БШК аны карап чыгып, тастыктайт. Алдыда башка талапкерлердин кол тамгалары да ушундай тартипте текшерилет",- деди БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Би-Би-Сиге.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 31 140 кол тамга анык деп табылып, талапкердин кол коюу барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымкат берилген.

27-ноябрга карата 337 миңден ашуун жаран президенттикке талапкер болууну көздөгөн 11 адамдын ичинен өздөрү тандаган талапкерди колдоп добуш беришкен. Кол топтоо жараянына көбүнчө 19 жаштан 35 жашка чейинки жарандар катышууда.

Белгилей кетсек, президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, 11 адам арыз берген. Алардын арасында Садыр Жапаров, Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев, Азамат Эсенбеков, Акай Кыдыров, Исхак Масалиев, Бактыбек Адылов, Амур Айба Медер, Бакыт Калмаматов, Мамбетжунус Абылов жана Клара Сооронкулова бар.

Учурда талапкерлердин ичинен Садыр Жапаров, Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев, Исхак Масалиев, Клара Сооронкулова жана Бакыт Калмаматов керектүү сандагы кол топтоого жетишти. Калган талапкерлер кол чогултуу иштерин улантууда.

Талапкерлердин кол топтоо жараяны 8-декабрга чейин уланат. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.