Камила Талиева депутаттык мандатын тапшыруу тууралуу маалыматты четке какты

Сүрөттүн булагы, Official
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мандатын тапшыруу тууралуу маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, бул маалымат чындыкка дал келбейт жана эч кандай негизи жок.
"Бул жалган маалымат, эч кандай негизи жок. Мен жумушта отурам, мыйзам долбоорун талкуулап жатабыз. Бул маалымат кайдан чыкканын билбейм. Азыр баарын күтсө болот",- деди Талиева Би-Би-Сиге.
Бир нече саат мурун, айрым маалымат каражаттары Камила Талиева депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы тууралуу кабарлашкан.
Камила Талиева 2010-2012-жылдары V чакырылыштын, 2021-жылы VII чакырылыштын депутаты болгон. 2025-жылы 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо №1 көп мандаттуу шайлоо округунан VIII чакырылыштын депутаты болуп шайланган.
























