"Кыздары куса болуп атат". Мавлян Аскарбековдун соту жылды

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Элеонора Куленбекова,

Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сот залында тартылган сүрөт

Бишкек шаардык соту саясатчы Мавлян Аскарбековдун иши боюнча апелляциялык арызды кароону 8-декабрга жылдырды. Буга камактагылар кармалып турган тергөө абагын көчүрүү иштери себеп болгону айтылды.

Аскарбековдун жакындары анын абакта жолугушуу жана байланышуу укуктары камсыздалбай жатканын билдиришүүдө.

"Бир айдан ашты. Ленин райондук соту айына бир жолу жолугушууга уруксат берип койчу. Биздин андай укугубуз бар. Ал эми Бишкек шаардык соту биринчи отурумдан кийин гана каралат деп койду. Бирок биз дагы укуктарыбызды, тиешелүү беренелерди карап, окуп жатабыз", -деди анын жуьайы Айпери Асанбекова.

Ошондой эле Мавлян Аскарбековдун кызыкчылыгын сотто коргоого дагы бир адвокат кошулганы маалым болду. Эми саясатчыны Эрик Ирикулбековдон тышкары адвокат Акынбек Ногоев да коргомокчу.

"Мавлян Аскарбековдун сөзүндө кандайдыр бир улуттук аралык козутуу бар дегенге биз таптакыр эле макул эмеспиз. Экинчиден, тергөө тарабынан ошол эле Мавлян Аскарбековго таандык кылып келтирилип жатакн видео бизге монтаждалган видео болуп көрүнүп жатат. Бирок түп нускасын бергиле десек бизге бере элек. Ошол видео Мавлян Аскарековго таандык же таандык эмеспи бизде күмөн жаратып жатат", -дейт жактоочу Акынбек Ногоев.

Мавлян Аскарбеков быйыл 12-июнда кармалган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал эми 29-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен эки жылга эркинен ажыратылган. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү — расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу боюнча күнөөлүү деп тапкан.

"Күнөөлүлүгү боюнча маселени биз экспертизанын жыйыныгын эске алдык. Ал эми сиз тараптан келтирилген жүйөөлөр, тийиштүү түрдө экспертизалар же болбосо кандайдыр бир тийиштүү далилдер келтирилбегендиктен биз айыптоо өкүмүн чыгардык", -деген эле сот Темирбек Маматов ал өкүнүн негиздеп жатып.

Аскарбеков бул чечимге макул болбой Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Учурда саясатчы УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

"УКМК такыр киргизбейт экен. Сүрөттөрдү, каттарды, кыздардын каттарын киргизбейт экен. Бүгүн сүрөттөрүн көрсөтүп коюуга мүмкүнчүлүк болобу деп сурадым. Жарым жыл болду, көрө элек да кыздарын" - дейт Мавлян Аскарбековдун жубайы.

Кылмыш ишин козгоого Мавлян Аскарбековдун Facebook социалдык тармагындагы Кыргызстанда иштеп жаткан чет элдик жарандар, анын ичинде Кытайдын жарандары тууралуу билдирүүлөрү негиз болгон.

Соттук-лингвистикалык экспертиза бул материалдарда улут аралык кастыкты козутууга чакырыктар бар деген бүтүм чыгарган.

Бирок Аскарбеков жана анын адвокаттары экспертизанын тыянагына макул эмес. Саясатчы билдирүүлөрүндө улут аралык кастыкты козутуу максаты болбогонун, өлкөдөгү миграция жана ички эмгек рыногуна байланыштуу маселелерди көтөргөнүн айтып келет.