Лавров Рубиого Киевге ыраттуу сокку уруларын билдирди

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Киевге жасалган жапырт сокку тууралуу комментарий берип жатып, АКШ Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууда ортомчу болууга даяр экенин билдирди.

"Мындай ири соккуларды көргөн сайын, бул согуш эмне үчүн токтошу керек экенин дагы бир жолу эске салат. Бул өтө коркунучтуу согуш жана ал өтө эле узакка созулду. Ачык айтканда, ал Экинчи дүйнөлүк согуштан да узак убакыттан бери уланып келет", - деди Рубио.

Ал АКШ бул согушту токтотууга көмөктөшүү үчүн колдон келген бардык аракеттерди көрүүгө даяр жана чечкиндүү экенин белгиледи.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен 25-майдагы телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда Лавров Москва Киевдеги украин аскерлерине тиешелүү объектилерге сокку урууну баштай турганын билдирген.

Министрликтин сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, Лавров бул чечимди "Киевдин Орусиянын аймагындагы тынч жарандарга жана жарандык объектилерге каршы жүргүзүп жаткан террордук чабуулдарына жооп" деп түшүндүргөн.

"[...] Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрү Киевде Украина Куралдуу күчтөрүнүн муктаждыктары үчүн колдонулган объектилерге жана тиешелүү чечимдер кабыл алынуучу борборлорго системалуу жана ырааттуу соккуларды ура баштайт", — деп айтылат Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Лавров ошондой эле Рубиого Орусия тарап АКШны жана башка өлкөлөрдү Киевдеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин эвакуациялоого чакырып жатканын эскерткен.

"Интерфакс" агенттиги билдиргендей, Орусиянын тышкы иштер министри Рубио менен сүйлөшүүдө "европалык элиталардын жана Киев режиминин басымчыл аракеттери" 2025-жылы Анкориджде жетишилген, "кызыкчылыктардын тең салмактуулугуна негизделген узак мөөнөттүү туруктуу жөнгө салууга жол ачкан" макулдашууларды үзгүлтүккө учуратып жатканын белгилеген.

Украина Орусиянын бул билдирүүсүн "ачык эле уятсыз шантаж" деп атап, өнөктөш өлкөлөрдү Москвага карата басымды күчөтүүгө чакырды.

Украин тараптын билдирүүсүндө Москва чет өлкөлүк жарандарга эскертүү берүү менен "өзүнүн аткылоолору, башка максаттар менен катар, чет элдик дипломатиялык корпусту коркутууга да багытталганын иш жүзүндө моюнга алып жатат" деп айтылган.

Ошондой эле билдирүүдө Киевге карата орус соккулары согуш башталгандан бери дээрлик бир да жума токтобогону жана Москвадан келип жаткан жалпы коопсуздук коркунучу "мурунку жылдардагы же айлардагыдай эле калып жатканы" белгиленген.

Орусиянын Украинага 24-майга караган түнкү жапырт чабуулдарында төрт киши каза таап, 100гө жакын киши түрдүү жараат алган.