You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Ишкерге 29 жолу бычак урулган". Оштогу үрөй учурган окуя
Ош шаарында үрөй учурган окуя кечээ, 24-майда кечке жуук Амир-Тимур көчөсүндө катталды. Шаардык милиция кабарлагандай, белгисиз жаран акча алмаштыруучу жайга кирип барып, ээсине бычак менен кол салган. Маалымат түшкөндөн шаардык милициянын жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери айтылган жайга барышкан. Акча алмаштыруучу жайдын ээси, 35 жаштагы М.Х. аттуу ишкер шаардын жандырдыруу бөлүмүнө жеткирилип, операция маалында өзүнө келбей каза болгон. Дарыгер Таалай Беков аны сактап калууга мүмүн болбогонун айтты:
"Дароо реанимацияга алып, операция кылдык. Ичин ачсак, ичегиси үч жеринен тешилип кетиптир. Бир учурда травматолог, нейрохирургдан турган үч топ иштедик. Кан басымы төмөн болуп, такыр көтөрүлгөн жок. Операция бүткөндө жүрөгү токтоп калды. Маркумга 28-29 жолу бычак сайылган экен".
Шаардык милиция кылмышка шектүүнү кармоо учурунда ал өзүнө кол салууга аракет кылганын, бирок кызматкерлер колундагы бычагын алганга жетишкенин кошумчалады. Шектүүнү тинтүү учурунда анын жанынан 37 500 сом акча табылган.
"Акча алмаштыруучу жайдагы видео көзөмөл камераларын караган учурда, бул атайын даярданып, колуна бычак кармап, акча салууга сумка алып жана беткап кийип киргенин байкоого болот. Кирип эле ошол жерде иштеген 1992-жылы туулган жаранды бычактай баштаган. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда", - деди Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков.
Каза болгон жаран 35 жаштагы Нариман айылынын тургуну. Айылдаштарынын бири Рахматилла Тешебаевдин айтымында, ал бүгүн жерге берилди. Артында үч баласы калды.
"Жакшы үй-бүлөнүн баласы эле. Депутатыбыздын уулу болчу. Мен ушул жакта айыл башчымын. Апасы менен бирге иштейм. Кесиптешимдин уулу эле. Бир жарым жыл мурун мээсинен микроинсульт алып, операция болгон. Эч кимге зыяны жок, беш маал намаз окучу. Багымдатка жакын үйүнө алып келдик. Эми жерге беребиз".
Маркум аталган даректеги акча алмаштыруучу жайда 2026-жылдын февраль айынан тартып иштеп келгени маалым болду.