АКШ Кыргызстанга байланышы бар делген A7 каржы тармагына санкция салды

АКШнын Каржы министрлиги
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

АКШнын Каржы министрлиги Орусия менен байланышкан A7 каржы тармагын "олуттуу трансулуттук кылмыштуу уюм" деп таанып, санкциялык тизмеге киргизди. Кошмо Штаттардын Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) 1-октябрда расмий документин жарыялап, анда A7 Network менен байланышкан өлкөлөрдүн арасында Орусия, Кыргызстан, Нигерия жана Зимбабве да аталат.

Американын Каржы министрлиги A7ни санкцияларды кыйгап өтүү үчүн түзүлгөн "көмүскө банк тармагы" деп мүнөздөйт. Вашингтондун маалыматына ылайык, тармак үчүнчү өлкөлөрдөгү компанияларды, бурмаланган соода жана импорт-экспорт документтерин колдонуп, санкциядагы тараптардын төлөмдөрүн кадимки коммерциялык операция катары көрсөтүп келген.

АКШнын Финансылык кылмыштарга каршы күрөш тармагынын иликтөөсүндө A7 менен байланышкан компаниялар 2025-жылдын январынан 2026-жылдын июнуна чейин дүйнө боюнча 17 миллиард доллардан ашык каражатты өткөргөнү айтылат.

A7 жана Кыргызстандын байланышы тууралуу The New York Times да жакында иликтөөсүн чыгарган. Андагы маалыматка караганда, A7 Батыштын Орусияга каршы санкцияларын кыйгап өтүү үчүн эл аралык компаниялар менен криптовалюталарды пайдаланган жана бул тармакта Кыргызстан негизги багыттардын бири болгон.

The New York Times буга чейин 15-сентябрда да Кыргызстан жөнүндө макала жарыялап, Кыргызстанда экономикалык "бум" болуп жатканын, ага олуттуу себеп - Украинадагы согуш экенин жазган.

21-сентябрда АКШга иш сапары менен барган президент Садыр Жапаров Америка-Кыргыз бизнес кеңеши уюштурган жыйында сүйлөп жатып, Кыргызстан санкцияга кирген бир да товарды Орусияга жөнөтпөгөнүн айткан.

Жапаровдун билдиришинче, Кыргызстан Орусияга товарларды мурдатан эле экспорттоп келген. Ал акыркы жылдардагы соода өсүшүн Украинадагы согуштан кийин пайда болгон реэкспорт менен байланыштыруу туура эмес деген позициясын билдирди.

"Орусия менен Украинанын ортоундагы согуш болгонуна байланыштуу Кыргызстан Кытайдын же Европанын товарын Орусиягы ташып, экономикасы ошондон көтөрүлүп жатат, болбосо көтөрүлбөйт эле деп, "Нью-Йорк Таймс" бул жерде туура эмес айткан. Анткени биз Орусияга мурдатан эле товарларды сатып келебиз. Кытайдан да экспорт кылабыз. Бирок согуш товарларын эмес. Санкцияга кирген бир да даана товарды документтик же факты түрүндө Орусияга жиберген жокпуз. Биз дагы санкцияны сыйлаган, Бириккен Улуттар Уюмунун мыйзамдарын сыйлаган мамлекетпиз".

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жапаров Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө реэкспорт эмес, башка факторлор таасир этип жатканын айтты. Ал экономиканын өсүшү үчүн кылмыштуулук жана коррупция азайышы керектигин билдирип, мамлекеттик жетекчилер бюджеттик каражаттарды уурдоого жол бербеши керектигине токтолду.

The New York Times басылмасы 15-сентябрда жарыяланган макалада Кыргызстандын экономикасы 2025-жылы 11% өскөнү, ал эми өсүштүн бир бөлүгү Орусияга багытталган реэкспорт менен байланыштуу экени жазылган. Басылма Азия өнүктүрүү банкынын маалыматына таянып, акыркы төрт жылда реэкспорт өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн 30–40%ын камсыздаганын белгилеген.

The New York Times материалында Кыргызстан аркылуу Орусияга автоунаалар, электроника жана жарандык да, аскердик да колдонулушу мүмкүн болгон айрым жабдуулар өткөнү айтылат. Ошондой эле Орусия Украинага толук масштабдуу басып киргенден кийин Кыргызстан Кытайдан жана Батыш өлкөлөрүнөн келген айрым товарлар үчүн Орусияга алып өтүүчү маанилүү багыттардын бирине айланганы баяндалган.

Ошол эле учурда Кыргызстандагы экономикалык өсүштү бир гана реэкспорт менен түшүндүрүү туура эмес экени белгиленген. The New York Times материалында алтындын баасынын өсүшү, каржы жана криптовалюта секторлорунун кеңейиши, ошондой эле мамлекеттик курулушка кеткен чыгымдардын көбөйүшү да экономикалык өсүштүн факторлору катары көрсөтүлгөн.

Кыргыз өкмөтү буга чейин санкцияга кирген товарларды көзөмөлдөө күчөтүлгөнүн айтып келген. The New York Times басылмасына берген комментарийинде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евробиримдик, АКШ жана Улуу Британия белгилеген санкциялык товарлар эске алынарын жана алар катуу көзөмөлдөнөрүн билдирген.