Маморгандарда жарандардын жеке маалыматы канчалык корголот?

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Жыл соңуна дейре Кыргызстандагы 150 мамлекеттик органдарда текшерүү жүрүп, жарандардын өздүк маалыматы канчалык мыйзам талабына ылайык корголуп жатканы текшерилет. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттиктин директору Кутман Мамыров билдирди.

Чиновник Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаеванын суроосуна жооп берип жатып айтты.

"Шылуундар ачык булактардагы жеке маалыматтарды пайдаланып, коопсуз системаларга жетүү үчүн жеке чабуулдарды жасап жатат. Жеке маалыматтар көп эле мамлекеттик органдарда бар. Аларды коргогон Санарип Кодекстин 88-беренесинин талаптарын аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын ишине монторинг жүргүзүлөбү? ", - деп суроо салган эле Ашымбаева.

Жогорку Кеңеште башка адамдын жеке маалыматтарын мыйзамсыз колдонгон жана жарыялаган жарандарга айып салуу боюнча өкмөт демилгелеген мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Бул мыйзам долбоору былтыр кабыл алынган Санарип кодекс менен Укук бузуулар кодексин шайкеш келтирүү үчүн сунушталды.

Кыргызстанда интернет аркылуу алдамчылык кылгандар күчөп, жарандар ири суммада акчаларын алдатып ийген учурлар көп болууда. Укук тартибин коргоо органдары сак болууга үндөгөнү менен кылмыштын бул түрү тыйылбай келет. Былтыр мындай кылмыштын зыяны 1 миллиард сомдон ашык каражатка жетти.

Аталган мыйзам долбоору менен башка адамдын жеке маалыматтарын мыйзамсыз колдонгон жана жарыялаган жарандарга айып салуу каралууда. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттик жеке жактарга 7500 сом, юридикалык тараптарга 65 миң айып салууну сунуштап жатат.

"Эгерде бирөөнүн уруксаты жок эле паспортунун маалыматтарын идентификация жүргүзө тургандай кылып. башка бирөөгө жөнөтсө, мыйзам бузуу болуп эсептелет. Эгер жаран паспортун Инстаграмга өзү чыгарып жатса, ал жалпыга жеткиликтүү маалымат болот жана мыйзам бузуу болбойт", - деди аталган агенттиктин директору Кутман Мамыров.

Депутат Элвира Сурабалдиева бул маселени элге туура түшүндүрүү керектигин, анткени башка бирөөнүн документин таап алган жаран аны жакшы ниет менен социалдык тармактарга жарыялаганда жазага илинип калбашы зарыл экенин айтты.

Депутат Гуля Кожокулова юридикалык жактар үчүн коюлган айып өлчөмү өтө көп экенин белгилеп, кийинки окууда ушу жагын карап чыгууну сунуштады.