Теги өзбек аял АКШ Сенатында Эпштейнге каршы көрсөтмө берди

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Теги өзбекстандык Роза аттуу аял АКШ Сенатында Өкүлдөр палатасында америкалык финансист Жеффри Эпштейнге каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу The Times жазды.

Розанын айтымында, ал 18 жашында моделдик агенттик аркылуу Өзбекстандан АКШга келген. Кийин аны ошол агенттик аркылуу Эпштейндин үйүнө жөнөтүшкөн. Ал учурда Эпштейн соттун көзөмөлүндө болуп, үй камагында болушу керек эле.

"Мен АКШга келгенден кийин бир ай өтпөй эле мени агентим сексуалдык кылмышкер катары каттоого алынган жана үй камагында болушу керек болгон адамдын үйүнө жөнөттү. Мен аны Батыш Пальм-Бичтеги үйүндө жолуктум", - деген Роза Сенаттагы угууда.

Ал Эпштейн аны алдыда дагы үч жылдай жыныстык зомбулукка алып келгенин айтып берди.

Жеффри Эпштейн өзүн "сексуалдык кылмышкер эмес, жөн гана мыйзам бузган адам" деп келген. Бул тууралуу анын 2011-жылы берген маегинде айтылат.

Эпштейн 2019-жылы Нью-Йорктогу түрмөдө каза болгон. Ал жашы жете элек кыздарга байланышкан оор кылмыштар боюнча айыпталган эле.

Ага жашы жете элек кыздарды тарткан жана пайдаланган тармак түзгөн деген айыптар коюлган, бирок ал күнөөсүн мойнуна албай келген.

2025-жылы АКШ Конгресси Эпштейнге байланышкан документтерди ачыктоону колдогон. Андан кийин бийлик тергөө материалдарын жарыялоо чечимин кабыл алган, анда ачыкталган жашы жете элек балдарга болгон сексуалдык кылмыштардын масштабы жана аларга расмий даражалуу адамдардын катыштыгы коомчулуктар чоң резонанс жараткан.

Жеффри Эпштейн ким экени тууралуу Би-Би-Синин бул макаласынан кененирээк маалымат тапсаңыздар болот.