You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Бул сенин иниң же сиңдиң эмес". Украинада карын эне болгусу келгендер көбөйдү
- Author, Виктория Приседская
- Role, Би-Би-Синин Украин кызматы, Киев
- Published
- Окуу убактысы: 10 мүнөт
Бул Би-Би-Синин Украин кызматынын сайтында жарыяланган материалдын котормосу. Макаланын түп нускасын бул жерден окуңуз.
Киевдин кичи райондорунун биринде ижарага алган чакан батирде Анастасия эки баласын кучактап отурат.
"Апаңардын иши ушундай, бул силердин иниңер же сиңдиңер эмес, - дейт ал балдарга курсагын көрсөтүп. – Балдарым эмне үчүн ичим барган сайын чоңоюп жатканына кызыгышууда. Ошондуктан турмуш шарт ушундай кадамга барууга мажбурлап жатканын түшүндүрдүм".
39 жаштагы Анастасия – карын эне, ал Испанияда жашаган түгөйлөрдүн баласын көтөрүп жүрөт.
Согуш башталганда Анастасия 9 жаштагы уулу жана 7 жаштагы кызы менен Херсондун жанындагы айылынан качып чыгып, Хмельницкий облусундагы чакан шаарчадагы жатаканада орун тапкан.
Бул үй-бүлөнүн кайтып бара турган жери жок. Днепрдин жээгиндеги Антоновкадагы үйүн орусиялык снаряддар жер менен жексен кылган.
Анастасия эки баланы эки башка эркектен төрөп, учурда аларды жалгыз тарбиялап жатат. Анын айтымында, алардын аталары балдарынын жашоосуна эч качан кызыгышкан эмес.
Анастасия карын эне болуу тууралуу согушка чейин эле ойлонуп жүргөн. Карын энеликтен тапкан акчага Анастасия үйүнүн шарттарын оңдоп, балдарын чет өлкөдө эс алдырып келүүнү кыялданчу. Бирок Орусия Украинага бастырып киргенде бардык пландар өзгөрдү.
Жаңы жерге көчүп барганда Анастасия тазалыкчы болуп иштей баштаган, бирок тапкан акчасы эч нерсеге жетчү эмес.
"Балдарымды чоңойтуу үчүн карын энелик жөнүндө кайрадан ойлоно баштадым", - дейт аял.
Согушка карабастан, карын эненин кызматын колдонуу максатында Украинага дүйнөнүн булуң-бурчунан түгөйлөр келишүүдө. Өнүккөн репродуктивдүү медицина, башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла жумшак мыйзамдар жана жеткиликтүү баалар бул жакка болочок ата-энелерди АКШдан, Европадан, ал тургай Кытайдан да тартууда.
Орусиялык ракеталар жана дрондор да балалуу болгусу келгендерди коркута алган жок.
Ошол эле маалда өкмөт Украинада репродуктивдүү технологиялар чөйрөсүн, биринчи кезекте карын энеликти жөнгө салуу керектигин моюнга алат.
Ошондой эле демографиялык кризис балдардын "экспортунан" баш тартууга да мажбур кылууда. Жогорку Радада күйөөсү же аялы Украинанын жараны болбогон түгөйлөр үчүн карын энеликке тыюу салчу мыйзам долбоорун карап жатат.
Бирок айрым укук коргоочулар бул аздык кылат деп эсептешет. Укук коргоочулар согуш аяр абалдагы аялдарды башкалар үчүн бала төрөп берүүгө түртүп жатат деп кооптонушууда. Алар карын энеликти эксплуатациялоонун бир түрү деп атап, андан аялдар да, балдар да азап чегип, буга толугу менен тыюу салууну талап кылышууда.
Кээ бир адамдарга ата-эне болуу кыялын орундатууга, башкаларга жашоосун оңдоп алууга жардам берген, миллиондогон доллар айланган индустрияны мындан ары эмнелер күтүүдө? Карын энеликтин чордонунда балдар турат, эгерде пландар бузулса, дал ушул балдар өзгөчө жабыркашат.
Бизнес
Украинада гестациялык карын энеликке уруксат берилген, башкача айтканда, баланы төрөгөн аялдын аны менен генетикалык байланышы болбойт.
Эмбрион лабораторияда ата-эненин же донорлордун клеткаларынан пайда болуп, баланын биологиялык энеси болбогон аялдын жатынына көчүрүлөт. Бала төрөлгөн учурдан тартып анын юридикалык укуктары биологиялык ата-энесине таандык болот.
Бул тукумсуздукту дарылоонун ыкмаларынын бири жана балалуу болгусу келген көптөгөн түгөйлөр үчүн акыркы үмүт.
Согушка чейин Украина коммерциялык карын энелик боюнча АКШдан кийинки эле лидерлердин бири деп аталып келген.
2020-жылы Юстиция министрлиги карын энеликтин аркасында Украинада жыл сайын 1,5 миңге жакын бала төрөлөөрүн, алардын 95 пайызы чет өлкөлүк түгөйлөр үчүн экенин билдирген. Учурда расмий статистика жок.
"Украинада согуш башталганда программалардын саны кыйла кыскарган, бирок азыр акырындык менен калыбына келүүдө", - дейт Оксфорд университетинин изилдөөчүсү Полина Власенко. Ал Украинадагы репродуктивдүү кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун изилдеп жүрөт.
2022-жылдын февралында орусиялык танктар Киевге жакындаганда, клиникалар да жер которууга мажбур болушкан.
Алар генетикалык материалды Украинанын бир аз коопсуз батыш аймактарына ташып жеткирип, эмбриондорду сактап калуу үчүн зарыл болгон суюк азотту издешкен. Айрым карын энелер оккупацияланган аймактарда кала берсе, чет элдик ата-энелер балдарын алып кетүү үчүн Украинага кире албай калышкан.
Бирок андан бери Украинага келүүнү чечкен түгөйлөрдүн саны акырындап өсүүдө. Буга дүйнөлүк суроо-талап себеп болууда.
Изилдөөчүлөрдүн болжолунда 2034-жылга чейин карын энеликтин дүйнөлүк рыногу он эсе көбөйөт. Буга тукумсуздуктун көбөйүшү жана репродуктивдүү технологиялардын өнүгүшү себеп болуп жатат.
Марттын аягында Би-Би-Си "Биотехком" клиникасына барганда иш күнү кызуу өтүп жаткан экен. Чет өлкөлүк түгөйлөр үчүн бала көтөргөн үч жүзгө жакын кош бойлуу аял коридорлордо дивандарда күтүп турушат. Алардын көбү камераларды байкап калып, ошол замат бөлмөдөн чыгып кетишти, башкалары болсо жүзүн капюшон же беткап менен жашырып, көрсөтпөй отурушту.
Жаңы төрөлгөн балдардын биологиялык ата-энелери отурган бөлмөдө да ушундай көрүнүштү байкоого болот.
Алардын эч кимиси камерага сүйлөп берүүгө көнгөн жок, себеби алардын көбүнүн туугандары жана достору карын эненин кызмат көрсөтүүсүнөн колдонуп жатканын билишпейт.
"Биотехком" клиникасына жетүү үчүн биз Киевдин чет жакасына багыт алдык – карталар бизди кичи райондордун бирине жеткирди. Бул даректе медициналык мекеменин ордуна көп кабаттуу үйдү көрдүк. Батирлердин биринде клиника орун алган экен, анда ата-энелер, карын энелер жана ымыркайлар үчүн бөлмөлөр бар.
Аба чабуулу тууралуу белги берилгенде, клиниканын кызматкерлери көнүмүш аракеттерди жасап, ашыкча дүрбөлөңгө түшпөстөн, ымыркайларды көтөрүп алып, жер төлөгө түшүшөт.
"Биотехком" – Украинадагы карын энелик жаатында иш алып барган ири борборлордун бири. Кайсы бир кездери маалымдоо каражаттары бул клиниканы "балдар фабрикасы" деп атап коюшкан.
Клиника бир нече жолу чыр-чатактын чордонунда болгон. COVID-19 пандемиясы башталганда "Биотехкомдон" тартылган сүрөттөр дүйнөгө тарап кеткен. Бул сүрөттөрдө бир бөлмөдө элүүгө жакын ымыркай жатканын көрүүгө болот, себеби, чек аралар жабык болгондуктан аларды ата-энелери алып кете алышкан эмес.
Клиниканын ээси Альберт Точиловскийге адам сатуу жана салык төлөөдөн качуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок, Башкы прокурордун кеңсесинен бизге түшүндүрүшкөндөй, "эл аралык кызматташтыктын алкагындагы процессуалдык иш-аракеттерге байланыштуу сотко чейинки тергөө убактылуу токтотулду".
Точиловский өзү бардык айыптарды четке кагып, мунун баарын каралоо катары баалайт.
Согуштун шарттарына ыңгайлашуу аракетинде "Биотехком" ар кайсы өлкөлөрдө өнөктөш клиникалардын тармагын түзгөн. Кардарлар биоматериалдарды өздөрүнө ыңгайлуу болгон жерде тапшырып, андан соң Украинага аны чабарман менен жөнөтө алышат.
"Бул жерде 10 миңден ашык эмбрион бар. Мына, булар Казакстандан, ал эми булар Нью-Йорктон келди", - деди "Биотехкомдун" юристи Денис Герман.
"Биотехкомдо" карын энелик аркылуу баланын төрөлүшү 40 миңден 50-65 миң еврого чейин турат. Бул, мисалы, АКШга салыштырмалуу кыйла арзан, дейт Герман. Бул акчага түгөйлөр кызмат көрсөтүүлөрдүн толук пакетин алышат – медициналык жол-жоболордон баштап, жашаган жерге чейин берилет жана ата-эне баласын алып кеткенге чейин ымыркайга толук кам көрүлөт.
"Биотехкомдо" карын энелер бир баланы төрөп бергени үчүн 19 миң доллар алышат.
Карын энелик – көп миллиард долларлык глобалдык бизнестин бир бөлүгү. Сайттарда жана социалдык тармактарда клиникалар кардарлар үчүн атаандашат, ал эми агенттердин тармагы баланы көтөрүп, төрөп берчү аялдарды издеп, тандап алышат.
22 жаштагы Карина карын энелик тууралуу TikTok'ко чыккан жарнамадан улам билип калган.
Жумуш
Бахмутка согуш келип, Орусия басып алганда Карина 17 жашта болчу. Орусиянын аба соккусунан кыздын үйү талкаланып, көп өтпөй Орусия шаарды урандыга айландырып, жер менен жексен кылган.
Карина мурунку жигити менен орус армиясы кирип келгенге чейин эле Бахмуттан чыгып кеткенге үлгүрүшкөн. Адегенде алар Киев облусуна, Белая Церковго көчүп келишкен. Андан соң Карина жаңы сүйлөшкөн жигити менен Киевге көчүп, ал жерде Ульяна аттуу кыздуу болушкан.
Карина кесиби боюнча ашпозчу. Ал ата-энесинен көз карандысыз болуу үчүн өспүрүм кезинде эле акча таба баштаган. Бахмутта шаурма сатчу, ал эми Белая Церковго көчүп баргандан кийин бариста болуп ишке орношкон.
Каринаны буга чейин чогултуп жүргөн акчасы көчүп-конгонго, ижарага кеткен. Көп өтпөй эле жашоосу абдан оорлошту.
"Ижара кымбаттады, жигитим аскер курагында болгондуктан, ал мурдагыдай иштей албай, шаарда ээн-эркин жүрө албай калды", - дейт Карина.
"Нанга, балдардын тамак-ашына жана жалаякка тыйын санай баштаганда башка бир жолду табышым керектигин түшүндүм", - дейт Карина.
Кош бойлуу маалда ооруканада жатканда Карина карын эне болгон аял менен таанышкан эле.
"Башында мен буга кескин түрдө каршы элем, андан кийин бул маселени тереңирээк түшүнө баштадым. Мындан жакшы акча тапса болот деген ой ээлеп алды", - дейт Карина.
Карина биринчи карын энелик программасын "Биотехком" клиникасында баштаган. Ал жерде анын жатынына үч эмбрионду көчүрүшкөн, бирок бири да орун алып кеткен эмес. Каринага клиниканын өзү да жаккан жок.
"Кызматкерлердин баары көңүл кош мамиле жасашат. Кабинетке кирсең эч ким учурашпайт", - деди Карина.
Андан кийин Карина ТикТокто карын энелик боюнча агент Светлананын видеосун көрүп калган.
Светлана Ferta агенттигин жетектейт. Ал карын энелерди ооруканага УЗИге, консультацияга жеткирет, кийим-кече, тамак-аш менен камсыздап, биологиялык ата-энелер менен байланышты үзбөй кармайт.
Карина азыр алты айлык боюнда бар. Кызды төрөгөндөн кийин аны кытайлык ата-энеге берерин гана билет.
Бала төрөлгөндөн кийин Карина 17 миң доллар алат. Башында Карина 21 миң доллар алары күтүлүп жаткан, себеби эгиз төрөмөк. Бирок 14-жумада бир түйүлдүк жашап кете алган жок, экинчи бала үчүн да олуттуу тынчсыздануу пайда болгон.
Каринанын айтымында, башында анын жакындары программага катышуусуна караманча каршы болушкан.
"Жигитим да, анын үй-бүлөсү да каршы болушту. Бирок бул чечимди мен кабыл алдым жана мага баары бир. Менин денем – менин ишим", - деп кошумчалайт ал.
"Мен бул менин балам болбогонум билем, - дейт Карина. – Бирок мен аны жакшы көрөм, мен аны менен сүйлөшөм, аны ата-энеси күтүп жатканын, алар аны жакшы көрүшөрүн айтып турам".
Карина баланы төрөгөндөн кийин андан баш тартуу оңой эместигин моюнга алат, бирок карын энелик башка адамдарды бактылуу кылууга мүмкүндүк берерин айтат.
Кыял
Көптөгөн түгөйлөр үчүн бул чындап эле акыркы үмүт.
Жаңы төрөлгөн уулун биринчи жолу көрүү үчүн Елена менен Игор Түндүк Македониядан эки миң чакырым аралыкты басып өтүшкөн. Алар беш жылдан бери тынымсыз согуш жүрүп жаткан өлкөгө келишти.
"Бизди көптөр акылынан айнып калды дешүүдө. Бирок биз ата-эне болуу үчүн колдон келгенин кылмакпыз. Биз тоолорду омкорууга даяр элек", - дейт Игор. Ал Бразилиядан, ашпозчу болуп иштейт, Елена македониялык, Hilton мейманканасында СПА менеджер. Экөө тең 40 жашта.
Елена менен Игор тогуз жыл бою балалуу болууга аракет кылышкан. Түгөйлөр үч жолу уруктандыруу процедурасынан, ЭКОнун төрт программасынан өтүшкөн. Буга кошумча Еленага бир нече жолу оор операциялар жасалган.
"Мен корксом да, башка аргабыз калган жок", - дейт ал.
Түгөйлөр Украинага биринчи жолу 2024-жылдын июль айында келишкен. Киевде электр жарыгы бир нече саатка өчүрүлүп, абадан чабуул болору тууралуу эскертүүлөр тынымсыз жаңырып турган. Бир жолу Елена менен Игор клиниканын жер төлөсүндө 10 саат отурушкан.
Ушул жылдын март айында уулу Александр төрөлдү.
"Ушунча жылдан берки аракеттерден кийин баламды колума биринчи жолу алганда ичимдеги сезимдеримди сөз менен жеткире албайм", - дейт Елена. Игор көзүнө жаш алып, бул "биздин жашообуздагы эң сонун күн", - деп кошумчалайт.
Түгөйлөр карын эне менен сүйлөшкөн эмес, бирок бала төрөлгөндөн кийин таанышкан. "Анын өз үй-бүлөсү, эки баласы бар, башка бирөөлөр үчүн төрөп берүү оңой чечим болбосо керек, ал абдан күчтүү аял", - деди Елена.
Сынчылардын пикири
Бирок карын энеликке каршы чыккан сынчылар да өз жүйөсүн келтирип жатышат.
"Аялдар балдарын башкалардын колуна карматкандан кийин кандай сезимде каларын билбейбиз", - дейт укук коргоочу жана феминист Мария Дмитриева.
Анын айтымында, карын энелерге психологиялык да, юридикалык да колдоо көрсөтүлбөйт, ал эми карын энеликтин натыйжасында пайда болгон медициналык көйгөйлөрдү аялдар өз алдынча чечүүгө аргасыз болушат.
Дмитриева ошондой эле аялдар өзү үчүн да, жарык дүйнөгө келген бала үчүн да медициналык жана психологиялык кесепеттери тууралуу жетишерлик маалыматка ээ эмес деп эсептейт.
"Кош бойлуу кезде бала менен эненин ортосунда пайда болгон байланыш өмүр бою кала берет. Ал эми карын энелик бул байланышты ажыратып, мээрим болушу керек жерде травманы жаратууда".
Карын энеликтин кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган клиникалар алардын максаттуу аудиториясы аз камсыз болгон аялдар экенин жашырышпайт, дейт укук коргоочу. Согуш маалында оор финансылык абалда калган аялдардын саны көбөйүп, клиникалар аларга акча табуунун жолун сунуштап жатышат.
Өткөн жылдын сентябрь айында ондогон өкмөттүк эмес уюмдар Украинада карын энеликке толук тыюу салууну талап кылышкан.
"Алар украиналык аялдарды эксплуатациялашууда, Украинанын медициналык системасын колдонушууда жана чет элдиктер албай койгон балдар Украинадагы балдар үйүндө тарбияланууда", - дейт Дмитриева.
Дмитриеванын ою боюнча, коммерциялык да, альтруисттик да карын энеликке тыюу салуу керек, себеби бул ымыркайды сатууга кирет.
Клиникалар мындай пикирге кошулушпайт.
"Аялдар бул чечимди кабыл алып жатканда аларга эч ким кысым жасабайт. Алар муну мыйзамдуу жол менен жасашууда, өздөрү макул болууда жана бул үчүн өз убагында адилеттүү акы алышат", - дейт "Биотехкомдун" юристи Денис Герман.
Ата-энесин күткөн балдар
Би-Би-Си көп учурда болочок ата-энелер ымыркайларын алып кетүүгө убагында жетишпей калып жатканын аныктады.
Клиника учурда Украинага кирүү оңой болгонун, толгоо күтүлгөндөн эрте башталышы мүмкүн экенин, ата-энелерде документтерге же транспортту уюштурууга байланыштуу көйгөйлөр пайда болушу ыктымалдыгын айтууда. Бирок ушул сыяктуу учурлар согушка чейин да, мисалы, COVID-19 пандемиясы маалында да болгон.
Унутта калган балдар
Бирок балдардын баарын эле алып кетишпейт.
Вэй 2021-жылы карын энеден төрөлгөн. Бала ара төрөлгөндүктөн, анын мээси катуу жабыркаган.
Вэй өз алдынча отура албайт, башын көтөрө албайт, көрүүсү да начар.
Анын чет элдик ата-энеси баланын оор диагнозу тууралуу укканда, ошол замат андан баш тартышкан. Баланы төрөгөн карын эне да баласынын кийинки тагдырына кызыккан эмес.
Бала күнү-түнү медициналык жардамга муктаж; ал өмүр бою дары ичүүгө мажбур. Вэй сыяктуу балдарга кам көрүү милдети мамлекеттик органдарга жүктөлөт.
Happy Home балдар үйүнүн директору Оксана Сидорчуктун пикиринде, мындай баланын төрөлүшү үчүн жоопкерчиликти процесстин бардык катышуучулары: клиника, карын эне жана биологиялык ата-энеси көтөрүшү керек.
"Биотехком" клиникасынын ээси Альберт Точиловский бул пикирге кошулбайт:
"Эгерде ата-эне баладан баш тартса, мыйзам боюнча менин анын жашоосуна катышууга укугум жок. Бул баланын тагдырын мамлекет чечет".
Карын энеликке тыюу салуу демилгеси
Балдарды коргоо боюнча мамлекеттик кызматта карын энеден төрөлгөн баладан биологиялык ата-энеси баш тарткан учурлар сейрек болорун айтышты. Бирок бийликти карын энеликке байланыштуу башка маселелер да тынчсыздандырууда.
"Биз бул балдардын кийинки тагдырынан кабарсыз калуудабыз, - дейт Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык кызмат көрсөтүүлөр департаментинин жетекчиси Валерия Соручан. – Аларды өлкөдөн чыгарып кетишкенден кийин жашоосу кандай болгонун билбейбиз. Карын энелик – бул бала сатуунун бир жолу".
Украинада карын энеликти жөнгө салган өзүнчө мыйзам жок. Көп жылдар бою бул практика Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйруктары, Үй-бүлө кодексинин айрым жоболору жана процесстин катышуучуларынын ортосундагы юридикалык келишимдер менен аныкталып келген.
Бийлик бул чөйрөнү жөнгө салууга аракет кылууда – көмөкчү репродуктивдүү технологиялар жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Радага үч жолу киргизилген. Бирок анын 2025-жылдын августунда катталган акыркы версиясына дарыгерлер да, бейтаптар да, айрым депутаттар да каршы чыгышууда.
Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө коммерциялык карын энеликке тыюу салынган. Кээ бир өлкөлөрдө, мисалы, Италияда бул үчүн кылмыш жоопкерчилиги да каралган, ал эми 2024-жылдан тарта карын эненин кызматын чет өлкөдө колдонууну чечкендер үчүн да жаза киргизилди.
Бирок, карын энеликке тыюу салууга каршы чыккандар, анын ичинде клиникалар жана агенттиктер, бул демилге мындай кызматты көрсөткөн, эч көзөмөлдөнбөгөн көмүскө базардын пайда болушуна түрткү болот деп ырасташууда.
Макала Би-Би-Синин Дүйнөлүк Кызматынын Global Women долбоорунун алкагында даярдалды. Бул долбоор дүйнө жүзүндөгү аялдардын көп белгилүү болбогон жана маанилүү окуяларын баяндап келет. (ZMa)