Орусия Мерцтин сапары күнү Киевдеги көпүрөгө сокку урду, Зеленский жооп кайтарарын айтты

Сокку
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Жекшембиде Орусия аскерлери Киевдин Түндүк көпүрөсүнө кайрадан сокку урду. Украинанын борборундагы Днепр аркылуу өткөн көпүрөлөр бутага алынып жатканына бүгүн төртүнчү күн болду. Жекшембидеги чабуул Германиянын канцлери Фридрих Мерцтин Украинага сапары учурунда жасалды. Президент Володимир Зеленский Орусиянын эскалациясына Украина тиешелүү жооп кайтарарын билдирди.

Реактивдүү дрон Түндүк көпүрөгө сокку урган учурда, анын үстүндө унаалар өтүп бара жаткан.

Жардыруудан кийин көпүрөнүн бир метрге жакын жери тешилип калды. Эки адам жаракат алып, алардын бири ооруканага жеткирилди. Учурда унаалар бир тилке аркылуу каттап жатат.

Жардыруудан көпүрөнүн алдынан өткөн жылуулук системасы да жабыркап, борбордун түндүк-чыгышындагы Деснян району ысык суусуз калды.

Түндүк көпүрө экинчи күн катары менен аткыланды. Ага чейин Орусия метро линиясы Днепр дарыясын кесип өткөн Түштүк көпүрөгө сокку урган. 2-октябрда төрт дрон чабуулунан кийин Киев бийлиги Түштүк көпүрө аркылуу жүрүүгө толук тыюу салган. Днепр аркылуу өткөн дагы төрт көпүрөдө кыймылдын багыттарына чектөө киргизилген.

Орусиянын Коргоо министрлиги көпүрөлөргө сокку урулганын четке каккан жок. Бирок жекшембидеги сокку көпүрө Украина Куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында аскерлерди жана аскердик жүктөрдү ташуу үчүн колдонулгандыктан жасалганын билдирди.

Украинанын башка шаарларында да аткылоо уланууда. Украинанын Орусия менен чектеш жайгашкан Сумы шаарында кампалар соккуга кабылып, бир адам каза болду. Днепр шаарында байланыш түйүнү бутага алынып, алты адам жаракат алды.

Мерцтин сапары жана Киевдеги "Турель" системалары

Сокку

Жекшембиде Германиянын канцлери Фридрих Мерц Киевге барды. Ал күчөп жаткан жаңы аткылоолорго күбө болду. Президент Зеленский Мерцке жуманын башындагы аткылоодон жабыркаган Илимдер академиясынын имаратын көрсөтүп жаткан учурда шаарда жаңы аба чабуулу тууралуу эскерткен сиреналар жаңырды.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Бул жерде согуштун канчалык керексиз экенин өз көзүбүз менен көрүп турабыз. Украинанын карапайым калкына жасалган жапайы чабуулдар токтошу керек. Бул жерде күн сайын согуш кылмыштары болуп жатат",- деди Мерц.

Германия менен Украинанын лидерлеринин сүйлөшүүлөрүндө кайрадан украин асманын коргоо маселеси негизги темалардын бири болду.

Зеленскийдин айтымында, Украина кадимки "Шахед" тибиндеги дрондордун 85-92%ын атып түшүрө алат. Бирок реактивдүү дрондордун 30-50 пайызы украиналык абадан коргонуу системаларынан өтүп кетүүдө.

Украинанын президенти Киевди коргоо үчүн Орусиянын реактивдүү дрондоруна каршы 12 "Турель" системасы жайгаштырылганын билдирди. Алыстан башкарылган бул автономдуу жабдыктар зениттик пулемёттор менен жабдылган. Зеленскийдин айтымында, жакын арада Киев облусуна дагы сегиз "Турель" орнотулат. Кийин дагы ондогон система орнотулат.

Киевде Мерц дрон чыгарган германиялык Quantum Systems компаниясынын заводуна да барды.

Тараптар ошондой эле жалпы суммасы 1 миллиард евро (1,13 миллиард доллар) болгон жаңы келишимге кол коюшту. Анын алкагында жок кылуучу дрондорду чыгаруу пландалууда. Украина бул дрондор Орусия армиясы колдонуп жаткан реактивдүү дрондордун жаңы муунун жок кылууга жардам берет деп үмүттөнүүдө.

Мерцтин айтымында, иштеп чыгууда бир катар маанилүү жетишкендиктерге жетишилди жана жок кылуучу дрондорду өндүрүү көбөйүүдө. Германия ошондой эле Украинага согуштук дрондорду жана спутниктик системаларды берип жатат. Алар Украинанын Куралдуу күчтөрүнө Орусиянын аймагындагы дрон учурулган жерлерге сокку урууга мүмкүнчүлүк берет.

"Эгер Орусияны токтотпосо, анын аскердик машинасы эртеби-кечпи бизге каршы багытталат",- деди канцлер.

Киевде кол коюлган дагы бир келишим Украинанын энергетика тармагын колдоого арналды. Бул Украинанын жылуулук жана электр энергиясын өндүрүүчү объектилерине Орусия соккулары уланып, кыш жакындап калган учурга туш келди.

Убада кылынгандай, 350 миллион евро генераторлорду жана трансформаторлорду сатып алууга, ошондой эле жабыркаган электр тармактарын оңдоо иштерине жумшалат.

Сокку

Зеленский соккулар тууралуу эмне деди?

Мерц менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өткөн басма сөз жыйынында президент Зеленский согуш аракеттеринин күчөшүнө орус тарап жооптуу экенин баса белгиледи.

"Алар биздин "Нова пошта" жана "Укрпочта" [Украинанын почта операторлору - Ред.] сыяктуу кампаларыбызга сокку уруп жатышты. Алар атышты! Биз аларга Wildberries аркылуу татыктуу жооп бердик. Эми алар көпүрөлөргө сокку уруп жатышат. Жоопсуз калтырат деп ойлобосун",- деди ал.

"Күн сайын эскалацияны каалаган мындай айбандык каалоо мени жөн гана таң калтырат. Ал [Путин - Ред.] дайыма эскалация болуп турушун каалайт, ага бул абдан керек",- деди Зеленский.

"Бул Путинден жөн гана сурансаң, ал сөзсүз согушту токтотот деп эсептегендерге берилген жооп",- деп кошумчалады ал.

Орусия аба соккуларынын күч алышын Украина тараптан Орусиянын аймагына жасалган чабуулдардын күчөшүнө жооп катары көрсөтүүгө аракет кылууда. Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембиде тараткан билдирүүдө Зеленский ушул аптанын башында айткан билдирүүлөргө жооп иретинде Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын бүткүл аймагына сокку урууну күчөтөрү айтылган. Зеленский буга чейин Киев Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна жасалган чабуулдарды күчөтөрүн билдирген.

Орусиянын президенти Владимир Путин да өткөн аптада Украинанын энергетика тармагына жасалган соккуларды жооп чарасы катары мүнөздөгөн.

Бирок бул билдирүү чындыкка дал келбейт. Анткени Орусия Украинанын энергетика системасын кыш мезгилинде иштен чыгарууга багытталган алгачкы аракетин 2022-жылдын аягында эле баштаган. Ал убакта Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү ишканаларына ийгиликтүү сокку ура элек болчу.

Орусия 2022-жылдын февралында баштаган согуштан бери бул ыкманы кээде күчөтүп, кээде басаңдатып, төрт жарым жылдан бери колдонуп келет.

Киев менен Москванын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруу аракеттерине байланышкан үмүт азырынча бүдөмүк бойдон калууда.

Мерц менен биргелешкен басма сөз жыйынында Зеленский АКШнын администрациясы октябрдын аягына чейин Украина, Орусия жана АКШ делегацияларынын дагы бир жолугушуусун өткөрүүнү сунуштап жатканын билдирди.

"АКШ тарап Украина, Орусия менен байланышып, октябрдын аягына чейин үч тараптуу форматта техникалык деңгээлде жолугушуу өткөрүүнү сунуштап жатат",- деди Зеленский.

Ал ишембиде "америкалык сүйлөшүү тобу менен сүйлөшкөнүн" жана Украина мындай консультацияларды өткөрүүнү колдоого даяр экенин ырастаганын айтты.