"Абайлагыла дешти". Иркутскидеги тумоо тууралуу эмне белгилүү?

Тумоо катталган аймакта тартылган, социалдык тармактарга тараган сүрөттөр.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тумоо катталган аймакта тартылган, социалдык тармактарга тараган сүрөттөр.
    • Author, Мээрим Догдурбекова
    • Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

Орусиянын Иркутск облусунда кара тумоо чыгып, бир аял көз жумганы, 200дөй адам изоляцияга алынганы тууралуу кабарлар социалдык тармактарда 2-октябрдан бери тарап жатат . Иркутск облусунун бийлиги аймакта "өзгөчө коркунучтуу инфекция" жуктурган учур тууралуу билдирип, ал кырдаалды "Роспотребнадзор" көзөмөлдөп жатканын, ал эми байланышта болгон адамдар медициналык байкоого алынганын билдирген.

Иркутскиде бир топ жылдан бери жашап келаткан кыргызстандыктардын бири Би-Би-Сиге учурда кырдаал туруктуу экенин, бирок чочулоолор болуп жатканын айтты.

"Бул биз турган Иркутск шаарынан 20 километр алыс жайгашкан бир райондо болуп жатат. Анан эки жүз адамды карантинге алды деп жатышат. Андан башка маалымат жок. Же телевидение сүйлөбөй жатат, же башка жактан айтышпайт. Кечинде кыргыздардын тою болду. 500-600 адам отурдук. Жолду жапкан деле киши жок, мектеп, бакча – баары эле иштеп жатат. Кадимкидей эле күн болуп жатат. Кудай сактасын эми, кудай сактасын деп отурабыз. Москвадан Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү келди деп уктук. Комиссия келиптир деп кечинде билимдүү адамдар сөз кылып отурушту. Эгер өрчүп кете турган болсо, шаардан эч кимди сыртка чыгарбайт экен жана шаарга киргизбейт экен деп айтышты. Анан бул жерде медайым кыздарыбыз бар экен, алар группаларга сак болуңуздар, абайлагыла, ушундай болуп жатат деп жазышты", - деди коопсуздугунан улам атын атагысы келбеген кыргыз жараны.

Кыргызстан кандай чараларды көрүп жатат?

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иркутск облусунда 6000ден ашык кыргыз жараны миграциялык каттоодо турарын, карантинге кабылган жарандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин Би-Би-Сиге билдирди.

"Инфекция жуктурган жаран каза болгон Шелехов райондук ооруканасы карантинге жабылды. Карым-катнашта болгон адамдар аныкталып, алар да аталган дарылоо мекемесинде карантинде турушат. Иркутск шаарындагы мамлекеттик мекемелер жана башка уюмдар штаттык режимде иштеп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, карантинде жаткан байланышта болгон адамдардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул факты боюнча элчиликтин канцеляриясына кайрылуулар түшкөн жок", - деп айтылат маалыматта.

Орусиянын Иркутск облусунда кара тумоо катталгандыгы тууралуу маалыматтардан кийин Кыргызстандын чек ара бекеттеринде санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү. Ага ылайык, аэропортторго чет жактан келип конгон учактар жана жүргүнчүлөр текшерүүдөн өтөт.

"Азыркы учурда санитардык – карантиндик пункттарда күчөтүлгөн режимде иш алып барылууда. Бардык аэропорттордо жана жөө өтүүчү пункттарда дагы күчөтүлгөн режимде иш алып барылууда. Мисалы "Манас "аэропортунда ар бир келип конгон самолетту, жүргүнчүлөрдү кылдаттык менен текшерилип жатат. Текшерүүгө жогорку сезгичтүү стационардык тепловизор жардам берүүдө. Бул атайын жабдуу болуп эсептелет. Эгерде оорулуулардын дене табы көтөрүлгөн болсо, же өзүн алсыз сезип жаткан болсо, бул камера аркылуу бизге аны аныктап берет. Биз анан иш алып барабыз", - деп айтылат Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий билдирүүсүндө.

Орус расмийлери эмне дейт?

Буга чейин Иркутск облусунун Шелехов районунун башчысы Максим Модин жергиликтүү оорукана 1-октябрда карантинге жабылганын билдирген. Ал карантиндин себептерин атаган эмес.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Осторожно, новости" Телеграм-каналы жергиликтүү тургундарга таянып, карантиндин себеби ооруканага кара тумоонун белгилери менен жаткырылган аялдын өлүмү болушу мүмкүн экенин жазган. Бул диагноздун расмий тастыктамасы жарыялана элек.

"Люди Байкала" басылмасы Иркутск облусундагы Байкал шаарынын администрациясы кара тумоо чыкты делип жаткан Шелехов шаарына барбай турууга чакырган постун алып салганын жана РЕН-ТВ телеканалы да бул боюнча жазган маалыматтарын өчүргөнүн жазып чыкты.

Ушул эле басылманын маалыматы боюнча, каза болгон адам кара тумоонун козгогучу бар пробирканы байкабай сындырып алган Иркутсктагы кара тумоого каршы институтунун 28 жаштагы лаборанты болгон.

Чектелүү маалыматтарга ылайык, Иркутскидеги "өзгөчө кооптуу инфекция" кара тумоонун өпкөнү сезгенткен түрү болушу мүмкүн.

Кара тумоо негизинен суур, келемиш сыяктуу кемирүүчүлөр жана алардагы мите бүргөлөрдүн чагуусу аркылуу жугат. Ал эми өпкө формасында адамдан адамга аба аркылуу жөтөлгөндө, чүчкүргөндө жугат. Эрте баскычында стандарттуу антибиотиктер менен дарыланат.

Бубон чумасына караганда, өпкө кара тумоосу коркунучтуураак. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, эгерде бейтап жуктургандан кийинки алгачкы 24 сааттын ичинде антибиотик албаса, анын каза болуу ыктымалдуулугу 100 пайызды түзөт. Кыргызстанда акыркы жолу кара тумоо 2013-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда катталган.