Азербайжан президенти АКШ менен Кытайды дүйнөдөгү жалгыз супердержава деп атады

Алиев
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Азербайжандын президенти Илхам Алиев АКШ менен Кытайды дүйнөдөгү эки супердержава деп атап, бул катарга башка өлкөнү кошкон жок. Анын айткандары чет элдик ЖМКларда кызуу талкууга жем таштады. Алиев бул тууралуу Бакуда өткөн бийликтеги "Жаңы Азербайжан" партиясынын VIII съездинде сүйлөп жатып айтты.

Анын айтымында, Азербайжан жакында Кытай жана АКШ менен стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин түздү. Кытай менен кеңири стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга, АКШ менен Стратегиялык хартияга кол койду.

"Бул - дүйнөдөгү эки супердержава, үчүнчүсү жок",- деди Алиев.

Ал АКШ менен Кытайдын ортосунда атаандаштык жана пикир келишпестиктер бар экенин, ошондуктан эки өлкөнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү бүткүл дүйнө үчүн маанилүү экенин кошумчалады. Алиев Азербайжан эки супердержаваны тең стратегиялык өнөктөш катары көрөрүн белгиледи.

Анын айтымында, Азербайжандын калкы да, аймагы да салыштырмалуу чакан. Ошого карабастан, АКШ жана Кытай менен мындай деңгээлдеги мамиле түзүлүшү Бакуга жана анын саясатына болгон ишенимди көрсөтөт.

Алиев Азербайжан эч качан "кош оюн" ойнобогонун, башка мамлекеттерге карата эки жүздүүлүккө же алдамчылыкка барбаганын айтты. Анын сөзүнө караганда, өлкө өз алдынча саясат жүргүзүп, кабыл алган чечимдерине таянат.

Карабактагы согуш тууралуу сөз кылган Алиев Азербайжан 30 жылга созулган жаңжалдан кийин жеңишке жетип, атаандашын өз шарттарын кабыл алууга мажбур кылганын жана капитуляция тууралуу актыга кол койдура алганын айтты.

Ошол эле учурда Баку согушту мындан ары улантып, кан төгүүнү көбөйтпөш үчүн аскердик аракеттерди өз убагында токтотконун белгиледи.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Бизге түбөлүк согуштун кереги жок - бул биздин тандообуз болгон эмес",- деди Алиев.

Анын айтымында, Азербайжан Экинчи Карабак согушунда да, 2023-жылдын сентябрындагы аскердик операция учурунда да согуштук аракеттерди өз убагында токтоткон.

Алиев ошондой эле Азербайжан олуттуу геосаясий өзгөрүүлөргө жол ачканын айтты.

Анын айткандарын бир катар маалымат каражаттары Азербайжандын Орусияны супердержава катары тааныбастыгы деп чечмелешти.

Соңку жылдары Орусияга болгон мамиле постсоветтик мейкиндикте кескин өзгөрүүдө. Орусия баарынан да тез Түштүк Кавказдагы позициясын жоготту.

2020-жылы Азербайжан менен Армениянын ортосундагы согуш Путиндин ортомчулугу менен аяктап, ал эми орусиялык тынчтык орнотуучу күчтөр Тоолуу Карабакка киришкен. Бирок Орусия Украинага согуш баштагандан кийин баары өзгөрдү.

2023-жылы Азербайжан Карабакка көзөмөлдү күч менен кайтарып алып, орусиялык тынчтык орнотуучу күчтөр мөөнөтүнөн эрте мекенине кайтарылган. 2025-жылы эки өлкөнүн лидерлери Дональд Трамптын ортомчулугу менен тынчтык макулдашуусунун текстин бекитишкен.

Азербайжан менен анын эксклавынын ортосундагы жолдун долбоору "Трамптын Эл аралык тынчтык жана өнүгүү жолу" (TRIPP) деп аталган. Трамп Илхам Алиев менен Никола Пашинянды өзүнүн достору деп атаган.

2025-жылы болсо Баку менен Москва дипломатиялык жаңжалды башынан өткөрүштү. Мынан улам камакка алынган орусиялыктар Азербайжандын түрмөсүндө калып, бийликчил азербайжандык медиа каражаттары Кремлди сындаган.