You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Украина: Андрей Ермак арам акчаны адалдоого шектелип кармалды
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-би-си Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Украинанын Жогорку антикоррупциялык соту Президенттин кеңсесинин мурдагы башчысы Андрей Ермактын Киевдин жанындагы элиталык турак жай курулушу аркылуу арам акчаларды адалдоо боюнча ишин карап, аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Ага 140 млн гривен (болжол менен 3,2 млн доллар) өлчөмүндө күрөө бекитилди.
Эгер күрөө төлөнсө, Ермакка Киевден чыкпоо, чет өлкөгө чыгуучу паспортторун тапшыруу жана бул иш боюнча өтүп жаткан башка адамдар, анын ичинде Тимур Миндич, мурдагы вице-премьер Алексей Чернышов жана көзү ачык Вероника Аникеева менен байланышпоого милдеттендирилет.
"Менде андай акча жок", - деди Ермак сотто. Ошол эле учурда ал өзүнүн "достору, тааныштары жетиштүү" экенин айтып, "алар бул жагынан жардам бере алат" деген үмүтүн билдирди.
Түрмөгө түшүп калуу ыктымалдыгы тууралуу суроого жооп берип жатып ал "2022-жылдын 24-февралында көптөр Киев бир нече саатта, бир нече күндө кулайт деген сөз болгондо, Киевде, Президенттин кеңсесинде калган адам катары… мен болушунча күчтүү адаммын", - деп кошумчалады.
Ермак ошондой эле өзүнө коюлган бардык айыптоолорду четке кагарын дагы бир жолу айтты.
Мурдагы аткаминердин жактоочулары соттун чечимине каршы беш күндүн ичинде доо арыз бере алышат.
Бейшемби күнү судья чечимдин резолютивдик бөлүгүн гана окуду. Бул чечимдин жүйөсүн түшүнүүгө мүмкүн болгон толук текст 18-майда жарыяланары күтүлүүдө.
Алгач прокуратура Ермакты 180 млн гривен күрөө менен камакка алууну суранган. Бирок анын адвокаты күрөөнүн суммасы оголе көп болуп жатканын айтып, сотко аны төмөндөтүү өтүнүчү менен кайрылды.
Буга чейин Украинанын антикоррупциялык органдары Киевдин жанындагы элиталык турак жайдын курулушунда 460 миллион гривняны легалдаштырууга катышы бар уюшкан топтун бети ачылганын билдиришкен. Шектүүлөрдүн арасында Владимир Зеленскийдин кеңсесинин мурдагы жетекчиси Андрей Ермактын дагы ысымы аталган.
Ал былтыр ноябрь айынын аягында "Миндичгейт" аттуу коррупциялык жаңжалдан кийин кызматынан алынган эле.
Украинанын Улуттук антикоррупциялык бюросу (НАБУ) жана Атайын антикоррупциялык прокуратурасы (САП) Андрей Ермак Киевдин жанындагы элиталык курулуш аркылуу 460 миллион гривняны (болжол менен 10,5 миллион доллар) мыйзамдаштырууга катышы бар "уюшкан топтун" мүчөлөрүнүн бири болушу мүмкүн экенин билдиришкен. Ал кылмыш жолу менен алынган мүлктү адалдоо беренеси боюнча шектелип жатат.
НАБУнун маалыматына ылайык, курулуш иштери "Династия" аттуу коттедж шаарчасында жүргүзүлгөн. Тергөө версиясы боюнча, курамына Тимур Миндич жана Украинанын мурдагы вице-премьер-министри Алексей Чернышев кирген бизнесмендер менен саясатчылардын тобу ал жерде жашоо үчүн төрт жеке резиденцияны сатып алуу боюнча келишим түзүшкөн.
Ар бир резиденциянын аянты болжол менен 1 миң чарчы метрди түзүп, баасы эки миллион доллардын айланасында экени айтылды. Антикоррупциялык органдардын маалыматына ылайык, резиденциялар жалпы аянты сегиз гектардан ашкан жер тилкелерине курулуп, алардын баасы алты миллион доллардан жогору болушу мүмкүн.
НАБУ жана САПтын версиясы боюнча, 2021–2025-жылдары бул резиденциялардын келечектеги ээлери жана башка адамдар курулуш иштеринин алкагында дээрлик тогуз миллион долларды адалдаштырган.
Ермак өзүнө коюлган айыптарды караманча четке кагып келет.