Өзбек жаштарынын ЖОЖдо окууга тилдик даярдыгы жетишпейт
Жогорку окуу жайлар Кыргызстанда негизинен кыргыз жана орус тилдеринде гана окутат. Жалаң өзбек тилде орто мектепти бүтүп чыккан жаштар эгер кыргыз же орус тилин жетиштүү деңгээлде билбесе жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп калууда.
Кыргызстандын Президенти жана өкмөт башчысы бүтүрүүчүлөргө өзбек тилинде жалпы республикалык тест жүргүзүүгө колдоо билдиришти. Буга парламент депутаттары жана бир катар жаштар уюмдары каршы чыгып жатышкан эле.
Өзбек тилдүүлөр жыш жайгашкан аймактын өзүндө тесттин өзбек тилинде болгону керекпи же жокпу деген маселеге караганда өзбек жана тажик мектептерин окуп чыккан жаштардын кыргыз же орус тилде жогорку билим алуу даярдыгын жакшыртуу маселеси орчундуу болуп жатканы талкууланууда.
“Өзбек тилдүү мектептерден бүтүп барган балдар ЖОЖдорго өткөндөн кийин кыргызча, орусчадан кыйналып жатышат,- дейт өзбек мектептеринин биринин мугалими Сахиба Урунова. - Маселен менин кызым медициналык окуу жайында орус тайпасында окуйт. Негизи мектепте орус, кыргыз тилин мектептен жакшы үйрөтүш керек экен. Азыр анчейин жакшы эмес. Орус тили эки саат окутулат. Кыргыз тили үч эле саат. Кошумча курстарга барганга баарынын эле шарты жок. Ошондуктан өзбек балдарга кыйын эле болуп жатат.”
Өзбек тилдүү мектептерде иштеген педагогдор республикалык тесттин өзбек тилинде болгону керекпи же жокпу деген маселеге караганда өзбек жана тажик мектептерин окуп чыккан жаштардын кыргыз же орус тилде жогорку билим алуу даярдыгын жакшыртуу маселеси орчундуу болуп жатканын белгилеп жатышат. Бирок ошол эле учурда мамлекет тарабынан жетиштүү китептер жок, кыргыз, орустилин окуткан сааттар аз.
“Балдар мектептен кыргызчаны канчалык жакшы окуса, кийин кайсыл гана ЖОЖго барбасын мыктылап өздөштүрүп кетет. Бирок андай шарт жок азыр. Мына китеп маселеси абдан оручундуу көйгөй бойдон калып келатат. Өзбек тилдүү мектептерде биология, кыргыз тили, орус тили боюнча китептер жок. Буга министрлик да анча көңүл койбой жатат. Карап көрүңүз, азыр өзбек мектептер кыргызча окутсун деп жатышат. Туура, биз абдан ынтызарбыз. Бирок китеп, окуу куралдары жок болсун кантип окутушат? Азыр өзбек тилинде билим бере турган ЖОЖдор жок бизде, орусча, кыргызча жогорку билим беришет. Ошондуктан Кыргызстанда жашап кыргызча билүүгө дилгирлик күч. Эгер биз аларга татыктуу билим бере албасак анда эртең чала сабат болуп калган балдар бизге наалат айтышат”,-деди өзбек тилдүү мектептин мугалими Танзила Абдураимова.
Өзбек тилдүү мектептен бүтүп чыккан жаштарга коңшулаш Өзбекстанга барып жогорку билим алууга тоскоолдук чоң. Өзбекстан латын арибине өткөнүнө бир топ жыл болду. Ал эми Кыргызстанда жогорку окуу жайлары кыргыз жана орус тилдеринде гана окутат.
“Мен өзүм Өзбекстандан жогорку билим алгамын. Бирок эми азыр алар латын арибине өттү, мен азыр латынча такыр түшүнбөйм. Айтайын дегеним алар латын арибине өткөн бүт бардык окуу куралдарын жетиштүү чыгарып берди. Бизде да ошондой болсо жакшы болмок”-дейт Т.Абдураимова.





























