Аскат Алагөзов жарандарды президенттикке талапкерлерди колдоого чакырды

Сүрөттүн булагы, Social
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жарандарды "Түндүк" тиркемеси аркылуу президенттикке талапкерлерди колдоого чакырды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Алагөзов 8-декабрга чейин жарандар тиркеме аркылуу бир эмес, бир нече талапкерди колдосо боло турганын эске салды.
"Жакында эле мамлекет башчысы Садыр Жапаров шайлоого байланыштуу жарандарга кайрылып, "Түндүк" тиркемеси аркылуу бардык талапкерлердин шайлоого катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө чакырды. Президенттике талапкер болом дегендер да өз кезегинде жарандарга ушундай кайрылууларды жасап жатышат. Кол топтоо мөөнөтүнүн аякташына аз убакыт калгандыктан, бул маселенин маанисине дагы бир жолу токтолгум келип турат. 8-декабрга чейин ар бир жаран "Түндүк" тиркемеси аркылуу бир эмес, бир нече талапкерди колдоп, кол коё алат",- деди ал.
Ал бул добуш берүү эмес, талапкерлердин шайлоого катышуусу үчүн мыйзамда каралган шарттардын бири экенин белгиледи.
Алагөзов мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине кайрылып, кызматкерлерине кол топтоо тартиби тууралуу туура маалымат жеткирип, алардын бул процесске активдүү катышуусуна шарт түзүүгө чакырды.
"Антпесек, 30 миң кол топтой албай жаткан талапкерлер саясатка айлантып, бийлик бут тосуп жаткандай айтышы мүмкүн. "Түндүктө" эч ким бут тосо албайт. Талапкерге добуш берген тизме талапкердин өзүнөн башка эч кимге көрүнбөйт. Жөн эле бийликти жамандап, саясатташтырганды токтотолу. Шайлоо өлкөбүздүн саясий турмушунун ажырагыс бөлүгү эмеспи. Анын таза, ачык жана атаандаштык шартында өтүшү үчүн салым кошолу",- деген ал.
25-ноябрга карата 297 миңден ашуун киши 11 адамдын ичинен өзү каалаганын колдоду. Кол топтоо жараянына 19 жаштан 35 жашка чейинкилер көбүрөөк катышууда.
Белгилей кетсек, президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, 11 адам арыз берген. Алардын арасында Садыр Жапаров, Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев, Азамат Эсенбеков, Акай Кыдыров, Исхак Масалиев, Бактыбек Адылов, Амур Айба Медер, Бакыт Калмаматов, Мамбетжунус Абылов жана Клара Сооронкулова бар.
Талапкерлердин ичинен Садыр Жапаров, Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев, Исхак Масалиев жетиштүү санда кол топтоп бүттү. Калгандары кол чогултуу ишин улантууда.
Талапкерлердин кол топтоо жараяны 8-декабрга чейин уланат. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.




























