АКШда сот Huawei компаниясын коммерциялык сырларды уурдоого аракет кылган деп тапты

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бруклиндеги федералдык сот арачылары Кытайдын телекоммуникациялык жабдууларды чыгарган Huawei компаниясын коммерциялык сырларды уурдоо максатында сүйлөшүүлөргө барган деп тапты. Ошол эле учурда сот компанияны рэкетчилик менен алектенүүгө байланыштуу кыйла оор айып боюнча актады. Huawei компаниясы коюлган айыптарды четке кагып, мындай дооматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Бул өкүм АКШ өкмөтү менен дүйнөдөгү буласыз телекоммуникациялык тармактар үчүн жабдууларды чыгарган эң ири компаниянын ортосунда сегиз жылдан бери уланып келген соттук тирешүүнүн жыйынтыгы болду.
Арачылар Huawei компаниясын коюлган 12 айыптын 10у боюнча күнөөлүү деп табышты. Алардын арасында банктык алдамчылык, АКШнын санкцияларын бузуу жана коммерциялык сырларды уурдоо максатында макулдашуу да бар.
Эки айга созулган соттук териштирүүдө айыптоочу тарап Кытайдын технологиялык ири компаниясы рынокто атаандаштарын озуп өтүү үчүн алдамчылыкка жана уурулукка барганын билдирди.
Тактап айтканда, компания Ирандагы ишмердүүлүгү тууралуу банктарды адаштырган жана америкалык компаниялардын коммерциялык сырларын уурдаган деп айыпталды.
АКШнын федералдык прокуратурасы Huawei компаниясына коюлган айыптарды алгач 2019-жылы жарыялаган. Ага чейин, 2018-жылдын соңунда, компаниянын каржы директору Мэн Ваньчжоу Канадада кармалган.
Өткөн аптадага акыркы соттук отурумдагы жарыш сөздө АКШ прокурорунун жардамчысы Мередит Арфа арачыларга Huawei компаниясы 20 жыл бою бизнесин кеңейтүү үчүн ар кандай ыкмаларга барганын айткан. Анын сөзүнө караганда, компания Ирандагы ишмердүүлүгү тууралуу банктарды адаштырып, рынокто артыкчылыкка ээ болуу үчүн атаандаштарынын технологиялык үлгүлөрүн уурдаган.
"Huawei жана анын үч компаниясы ондогон жылдар бою АКШда калпка жана уурулукка негизделген ишмердүүлүк жүргүзүп келишкен",- деди АКШнын башкы прокурору Тодд Бланш.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"ФБРдин жана федералдык прокурорлорубуздун ишинин аркасында бул кылмыш иштерине катышкандар жоопкерчиликке тартылат",- деп кошумчалады ал.
Huawei компаниясынын адвокаттары прокуратура башынан эле компанияны кылмыштуу уюм катары көрүп, ошол көз карашка таянып айыптаганын билдиришти.
Алардын айтымында, Huawei компаниясынын ийгилиги өзүнүн инновацияларынын жана технологияларды өнүктүрүүгө салган инвестицияларынын натыйжасы болгон.
Компания тараткан билдирүүдө рэкетчилик менен алектенүү максатында сулөшүүгө барган деген айып боюнча акталганы "бул айыптоолордун фактылык негизи жок экенин ырастап, компания акыркы сегиз жыл бою карманып келген позициясынын тууралыгын далилдейт" деп айтылат.
Соттук териштирүү эки айдан ашык убакытка созулду. Айыптоочу тарап 60тан ашык күбөнү, жактоочулар 15 күбөнү чакырган. Huawei компаниясына кандай жаза чегерилери азырынча белгисиз. АКШнын аймактык сотунун судьясы Энн Доннелли компанияга карата өкүмдү 2027-жылдын 14-сентябрында чыгарат.





























