Луганск: Путин колледжге жасалган чабуулдан кийин Коргоо министрлигине "сунуштарды киргизүүнү" буйруду, ал эми Украина аскердик буталарга сокку урулганын билдирди

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Украиналык учкучсуз учактар 22-майга оогон түнү оккупацияланган Луганск облусундагы Старобельск шаарындагы колледждин жатаканасына сокку урганын Орусия бийлиги билдирүүдө. Алардын маалыматы боюнча, алты адам каза болгон.

Орусия президенти Коргоо министрлигине жооп кайтаруу чаралары боюнча "сунуштарды киргизүүнү" буйруганын билдирди. Украина жайкын тургундарга сокку урулганын четке кагууда.

Украинанын Куралдуу күчтөрү Старобельск шаарынын аймагында ок-дары кампаларына, абадан коргонуу каражаттарына, башкаруу пункттарына жана Орусия армиясынын штабдарынын бирине сокку урулганын билдирди.

"Учурда алты адам каза болуп, 39 адам жабыркаганы, 15 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде экени белгилүү, анткени урандыларды тазалоо иштери дагы деле уланууда", - деди Орусия президенти Владимир Путин Орусиянын Украинага каршы согушунун мурдагы катышуучулары үчүн уюштурулган программа учурунда.

Буга чейин Орусия бийлиги төрт адам каза болгонун кабарлаган.

Путин "жатакананын жанында эч кандай аскердик багыттагы объекттер, атайын кызматтардын же алар сыяктуу кызматтардын объекттери жок" деп ырастоодо.

"Ошондуктан снаряддар имаратка биздин абадан коргонуу каражаттарыбызга, радиоэлектрондук күрөш каражаттарыбызга тийди деп айтууга эч кандай негиз жок. Эч ким кандайдыр бир объектти атууга аракет кылышкан, ал эми учкучсуз учактар биздин өз каражаттарыбыз менен атып түшүрүлүп, кокусунан бул имаратка тийген окшойт деп айта албайт", - деп кошумчалады ал.

Украина тынч тургундарга сокку урулганын четке кагып, Старобельск аймагында аскердик буталарга чабуул жасаганын билдирүүдө.

Путин ошондой эле сокку "үч толкун менен өткөнүн" - "бир эле жерге 16 учкучсуз учак" сокку урганын ырастоодо.

"Мындай учурларда Тышкы иштер министрлигинин билдирүүлөрү менен гана чектелүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан Орусия Федерациясынын Коргоо министрлигине өз сунуштарын киргизүү буйрулду", - деди ал.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Украинанын убактылуу оккупацияланган аймагындагы жарандык инфраструктура объекттерине сокку урулгандыгы тууралуу билдирүүлөрдү "манипуляциялык маалымат" деп атады.

"2026-жылдын 22-майына караган түнү орус агрессорунун бир катар объекттери, анын ичинде мунайды кайра иштетүүчү завод, ок-дары кампалары, абадан коргонуу каражаттары, башкаруу пункттары жана душмандын аскердик күчү, анын ичинде Старобельск шаарынын аймагындагы "Рубикон" бөлүгүнүн штабдарынын бири жок кылынды", - деп билдирди Башкы штаб.

Украиналык аскерлер "Рубиконду" Украинанын аймагындагы жарандык объекттерге сокку урууга катышкан "Перспективдүү учкучсуз технологиялар борбору" атайын бөлүгү деп аташты.

Оккупациялык бийлик эртең менен Украина түндө учкучсуз учактар менен Педагогикалык университеттин Старобельск колледжинин окуу корпусуна жана жатаканасына атайылап чабуул жасаганын ырастаган. Сокку урулган учурда ал жерде 14төн 18 жашка чейинки 86 бала болгону айтылган.

Орусиянын Тергөө комитети административдик имараттарга жана колледждин жатаканасына сокку урган төрт учкучсуз учак тууралуу билдирген. "Окуянын кесепетинен беш кабаттуу имарат экинчи кабатына чейин урап калган", - деп айтылат пресс-релизде.

Украина да, Орусия да жайкын тургундарга атайылап сокку урууну четке кагышат.

Май айында Орусиянын ракетасы Киевдеги тогуз кабаттуу үйгө тийгенинин кесепетинен 24 адам, анын ичинде үч бала каза болгон.

Украинанын Башкы прокурорунун кеңсеси Орусиянын агрессиясынын кесепетинен кеңири масштабдуу согуш башталгандан бери 600дөн ашык украиналык бала каза болгонун билдирген.

Луганск облусу - Москва 2022-жылы бир тараптуу тартипте өз аймагы деп жарыялаган Украинанын төрт аймагынын бири. Орус аскерлери аймакты толугу менен басып алышканын ырасташууда. Украина бийлиги аны кайтарып алууга аракет кылышарын билдирип келет.