Ошто койлорду сел агызды, Манас шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Жалал-Абад облусуна караштуу Манас шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилип, штаб уюштурулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 24-май күнү саат түнчүндө жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен Манас шаарындагы турак үйлөрдүн жана чарбалык курулмалардын короолорун суу каптаган.

Алдын ала маалымат боюнча, 27 турак үйдүн короосун суу каптап, 4 үйдүн ичине жана 1 үйдүн жер төлөөсүнө суу кирген. Ошондой эле 7 көп кабаттуу турак үйдүн короолоруна жана жер төлөлөрүнө сел суулары кирген.

Селдин кесепеттерин жоюу иштерине 84 куткаруучу, 4 мотопомпа, 1 өрт өчүрүүчү унаа, Манас шаардык ЖК кызматтарынан 86 кызматкер жана 9 техника тартылган. Мындан тышкары, 47 жергиликтүү тургун жардам көрсөтүүдө.

Жалпы 217 адам тартылып, учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылууда.

Бул арада түндө нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Өзгөн райондорунда сел жүрүп, турак үйлөргө, социалдык объектилерге жана унаа жолдорго зыян келтирилди. Алдын ала маалымат боюнча 56 турак үйдүн жер төлөсүнө, 23 үйдүн короосуна, оорукананын жер төлөсүнө суу кирген. Сел жергиликтүү мектептин короосун суу каптаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгы кабарлагандай, авариялык абалга кептелген турак жайлар да бар. Зыяндын көлөмүн тактоо иштери уланып жатат.

Катуу жааган жамгырдан улам Кара-Суу районундагы Сары-Колот айылында 48 койду суу агызып кеткен.

Май айы жаан-чачындуу болуп, өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында сел жүрүп жатат.