Аскат Жетиген: Мен саясатка кириштим!

Акын Аскат Жетиген мындан ары саясатка аралаша турганын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Көпчүлүк менин мындан аркы ишимдин жана ишмердүүлүгүмдүн кандай болушуна чоң кызыгуу менен карап турганын байкадым. Чыгармачылык менен алек болоорум, же саясат менен кетээрим тууралуу билгиси келгендер көп экен.
Бул абдан жакшы!
Демек, бул менин үнүм элге жетип, айта турган оюмдун коомчулук үчүн кызыгуу туудуруп турганынын белгиси. Бул мен үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик болсо, саясий айдыңда менин кадыресе салмагым бар экендигин айтып турат!
Мен саясатка кириштим!
Арийне, мындан аркы алпара турган ишмердүүлүгүм конструктивдүү түрдө саясий позициямдын алкагында болмокчу.
Позициям мурда кандай болгон болсо, мындан кийин да ошондой болот!
Ал эми, "чыгармачылык эмне болот?" деген суроого жооп:
Менин саясатта алпара турган ишим дал ушул маданияттын, тарыхтын, о.э. кыргыз салттык музыкасынын актуалдуулугун арттырып, дэңгээлин дүйнөгө жайылтуунун камын көрүүдө болот!" - деп жазды Жетиген.
Аскат Жетиген быйыл, 19-августта эркиндикке чыккан. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти басып алууга чакырык жасоо" беренеси боюнча айыптуу деп табылып, үч жылга соттолгон. Акын айыптоолорду четке кагып, ырайым сураган эмес. Ал жаза мөөнөтүн толук өтөп бүткөн.
Өткөн аптада ал Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда үч күн концерт берген.
"Бир саатка жакын ток менен кыйнашкан"

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2024-жылы камалган Аскат Жетиген сот отурумдарынын биринде көрсөтмө берип жатып, тергөө учурунда УКМК кызматкерлери анын башына баштык кийгизип, кыйноого алганын билдирген:
"Кыйноо УКМКда болгон. Дагы бир жолу угуп алыңыздар. УКМКнын шаардык мекемесинде бир саатка жакын ток менен кыйнашкан".
Убагында атайын кызмат бул боюнча түшүндүрмө берген эмес.
Быйыл, 2026-жылы мартта Аскат Жетиген түрмөдө отургандарга ырайымсыз мамиле жасалып жатканын айтып чыккан. Өзү болсо айып изоляторуна камалганын билдирген.
"Учурда ШИЗОдомун. Түшкү тамактанууга чыкпай, бир сааттан ашык сейилдөөчү бөлмөдө жаанда турдум", - деп жазган Аскат Жетиген.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы катта айтылган билдирүүлөрдүн баарын төгүндөп, акын Аскат Жетиген эрежеге моюн сунбаганы үчүн айып изоляторуна киргизилгенин кабарлаган.
Ал бул билдирүүдөн төрт ай өткөндөн кийин, 15-июлда адвокаттары аркылуу кайра кат жолдоп, колониянын кызматкерлери соттолгон адамдарды ур-тепкиге алып жатканына жана жеке өзүнүн укуктары чектелип жатканына даттанган:
"Ар-намыска, абройго шек келтирүү – кадимки көрүнүш. Оозго алгыс сөздөр менен ашатып сөгүп, өз таламын талашкан жана укугун коргогон жарандарга катаал чаралар көрүлүп, аёосуз ур-тепкиге алуу менен соттолгон жарандарды өз кулундай эзип келатышат!"
Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова 18-августта Фейсбуктагы баракчасына кыйноо фактылары боюнча прокуратура кылмыш ишин козгоодон баш тартып келе жатканын жазды:
"2024-жылдын 12-апрелинде кыйноо жөнүндө арызды Аскер прокуратурасы өз алдынча иликтебестен, УКМКнын Өздүк коопсуздук кызматына жөнөткөн. Башкача айтканда, арызда сөз болгон кызматкерлердин өздөрү иштеген мекемеге текшерүү жүргүзүү үчүн тапшырган. 2024-жылдын 26-июлунда прокуратура кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтом чыгарган. Ошондон бери Аскат жана анын адвокаты прокуратуранын кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндөгү чечимдерине үзгүлтүксүз даттанып келишет. Аскат СИЗОдо жана түрмөдө отурганда бир дагы прокурор ага барып, кыйноо фактысын өз оозунан тактаган жок".

Сүрөттүн булагы, courtesy
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскат Жетигенди 2024-жылы 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомчулук анын бошотулушун талап кылган. Эки күндөн кийин,18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.
Бирок 20-мартта УКМК Аскат Жетигенге каршы дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.
Бишкектин Свердлов райондук соту акын жана композитор Аскат Жетигенди 2024-жылы 1-июлда "Бийликти басып алууга чакырык жасоо" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Жапырт башаламандыктарга чакыруу" беренеси боюнча актаган.
Кийинки инстанциялар өкүмдү күчүндө калтырган. Акын айыптоолорду четке кагып келет.
Укук коргоочулар бийликтен акынды бошотууну жана актоону өтүнүшкөн. Аскат Жетиген күнөөсүз экенин айтып, ырайым суроодон баш тарткан. Президент Садыр Жапаров 13-августта журналист Али Токтокунов менен курган маегинде акын элди көчөгө чыгууга чакырганы үчүн соттолгон болушу мүмкүн экенин айткан.
"Билбейм. Мени кимдер гана сөккөн жок. Бирине да көңүл бурган жокмун. Тим койгула деп коем. Бирок анын башка чакырыгы болушу мүмкүн, уюштуруп жаткан иши болушу мүмкүн, чакырыгы болушу мүмкүн да. Көчөгө чыккыла, анткиле-минткиле деп жатса, ал үчүн жооп бериши керек да", - деп жооп берген Садыр Жапаров.
Аскат Жетиген - акын жана композитор. Убагында "Ордо Сахна" фольклордук ансамблинин жетекчиси болгон. Акын 2022-жылдан тарта азыркы бийликтин саясатын сындап келген. Айрыкча, казинону иштетүү, мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгелерине каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын, маданият тармагындагы иштерди айыптаган. Түз эфирде сөгүнгөн учурлары болгон. Бул үчүн кийин элден кечирим сураган.
































