Париждин четиндеги ок атуудан бир адам каза болуп, бешөө жаракат алды. Макрон муну террордук акт деп атады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Париждин четиндеги куралдуу кол салуулардан бир адам каза болуп, дагы бешөө жаракат алды. Жаракат алгандардын арасында 12 жаштагы кыз да бар. Франциянын президенти Эммануэль Макрон бул окуяны расизмден улам жасалган террордук акт деп атады.
Алгач Париждин түштүк-батышындагы Трапп шаарында өтүп бара жаткан унаадан ок атылган. Андан кийин куралчан адам жакын жердеги Ла-Верьер шаарына барган.
Франциянын ички иштер министри Лоран Нуньестин айтымында, кол салуулар жалпысынан 15 мүнөткө жакын убакытка созулган.
Шектүү Куаньер шаарында кармалган. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, ал 39 жашта. Буга чейин полициянын көзүнө түшкөнү менен, Франциянын атайын кызматтарына белгилүү болгон эмес. Франциянын терроризмге каршы прокуратурасы BFMTV телеканалына билдиргендей, ал коопсуздукка олуттуу коркунуч келтирген адамдардын тизмесине киргизилген эмес.
Бийлик азырынча кол салуунун себептери тууралуу так айта элек. Бирок Франциянын терроризмге каршы улуттук прокуратурасы (PNAT) бул окуя "террордук аракетке байланыштуу киши өлтүрүү" болушу мүмкүн экенин билдирди.
"Бул, албетте, террордук мүнөздөгү кылмыш. Прокурор дал ушундай деп билдирди", — деди Нуньес Трапп шаарында журналисттерге.
Ок атуунун мүмкүн болгон себептери тууралуу суроого Трапп шаарынын мэри Али Рабе каза болгон адам африкалык тектүү болгонун, ал эми оор абалда жаткан жаракат алгандардын бири теги Түндүк Африкадан экенин айтты. Анын пикиринде, кол салуунун "расисттик, балким, исламга каршы маанайдагы өңүтү" болгон.
"Бүгүн болгон окуя республикабыздын жана улутубуздун жашоосунда бурулуш учур болуп калды. Бүгүн расисттик негизде террордук кол салуу болду. Улуттук терроризмге каршы прокуратура аны ушундай деп мүнөздөдү. Натыйжада алты адам жабыркады. Бүгүн эртең менен биздин бир жараныбыз расисттик идеологияны жетекчиликке алып, адам өлтүрдү", — деди Франциянын президенти Эммануэль Макрон.
"Бул адамдар терисинин түсүнө же болжолдуу диний ишенимине байланыштуу гана бутага алынган. Мындан башка эч кандай себеп болгон эмес", — деп сөзүн улады президент.
Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, куралчан адам боз түстөгү Renault Clio унаасы менен шаардын бир нече аймагын аралап өткөн. Рабенин билдиришинче, ал "туш келди ок аткан" жана, сыягы, "мүмкүн болушунча көп адамга зыян келтирүүнү" көздөгөн.
"Ал кан төгүлгөн кыргын уюштургусу келген!, — деди мэр.
Анын айтымында, кол салган адам Трапп шаарындагы май куюучу жайда, медициналык борбордун жанында жана балдар аянтчасында адамдарды аткан. Андан кийин коңшу Ла-Верьер шаарына багыт алган.
Болжолдуу мотив
Жаракат алган 12 жаштагы кыздын апасы Франциянын RTL радиостанциясына билдиргендей, кызына ок сегиз жолу тийип, ага хирургиялык операция жасоо керек. Аялдын айтымында, кызынын башында жоолук болгон. Бул кол салууга себеп болушу мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Ал Францияда, Трапп шаарында төрөлгөн бала. Анын Францияда жашоого жана бул жерде өз жашоосун курууга укугу бар", — деп кошумчалады аял.
Терроризмге каршы прокуратура билдирүүсүндө ок чыгарган адамдын мотивдери тууралуу шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырды.
Ошол эле учурда прокуратура тергөө жүрүп жаткан кылмыштардын тизмесине "террордук аракетке байланыштуу киши өлтүрүү" беренесин киргизген. Ошондой эле кылмыш жабырлануучулардын чыныгы же болжолдуу расалык, этностук, улуттук же диний таандыктыгына байланыштуу жасалган деген оорлотуучу жагдай каралууда.
Маалымат каражаттарынын жазышынча, кол салган адам негизги жолдордун бири менен бара жатып, унаасынын терезесинен маал-маалы менен ок чыгарган.
Жергиликтүү полициянын жетекчиси BFMTV телеканалына шектүү адам эски үлгүдөгү жарым автоматтык курал колдонуп, кезек-кезеги менен ок чыгарганын билдирди. Le Parisien басылмасынын жазышынча, курал Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жасалган.
Трапп шаарынын мэринин айтымында, кол салуу учурунда ок чыгарган адам медициналык борбордун имаратына, май куюучу жайга жана бир нече унаага зыян келтирген.
Франциянын терроризмге каршы улуттук прокуратурасы (PNAT) тергөө "А категориясындагы куралды мыйзамсыз сактоо" беренеси боюнча да жүргүзүлүп жатканын билдирди. Бул категорияга, атап айтканда, аскердик куралдар жана кезек-кезеги менен ок атууга жөндөмдүү куралдар кирет.
Мындан тышкары, терроризмге каршы прокуратура "адамга каршы кылмыштарды даярдоо максатында террордук топ менен кылмыштуу бүтүм түзүү" фактысын да тергеп жатат.



































