"Cогушка алып баратышат". Украинадагы согушка азгырылган кыргызстандык жардам сурап жатат

Би-Би-Си Кыргыз кызматына Украинадагы согушка тартылып кеткен кыргызстандык жарандын жакындары кайрылды. Алар бир тууганынын видео кайрылуусун жөнөтүп, аны согушка азгырып алып кетишкенин айтып, Кыргызстан бийлигинен жардам сурашууда.
Видео кайрылуусунда жаран Орусияда жакшы маяналуу жумуш тууралуу жарыяны көрүп, жумушка орношуу максатында барганын айтат. Анын сөзүнө караганда, жумуш боюнча сүйлөшүүлөрдө согуш тууралуу кеп болгон эмес.
"Мектеп, бала бакча карайсыңар, офисте болосуңар деген үчүн барганбыз. Бул жакка келгенде телефон менен сүйлөшөсүңөр, кеңири жүрөсүңөр деген. Мен айткам, күнүгө эки жолу чалып, бала-бакырамдан кабар алып турушум керек деп. Ой, баары сонун болот дешкен",- деди ал.
Айтымында, ал Орусияга баргандан кийин аскердик комиссариатка алып барышкан. Бир жылдык келишимге кол койдуруп, анда да согушка тартыла турганын ачык айтышкан эмес.
"Кабинетте отурасыңар. Колуңарда компьютер, телефон болот. Москвага кирип келе жаткан дрондор болсо аткылап турасыңар. Силер согуш болуп жаткан жерге жакын жолобойсуңар. Андай кыла албасаңар бери жакта тосмодо болосуңар. Тамак жасагандар болсо алар да керек. Ашканада иштесең да болот дешкен. Мен дагы согушка барбайт экенбиз. Легалдуу эле иш экен деп макул болуп жатпайынбы. Өз ыктыярыңар менен келдим деп жаздыртып алышты. Кол коюп жатып, жайнаган кагаздан келишимди деле окубаптырмын",- дейт жаран.
Анын сөзүнө караганда, согушка жөнөтүлөрүн алдын ала билгенде бул жумушка макул болмок эмес.
"Минтип согушка келе турганыбызды билгенде кол коймок дагы эмесмин. Ошол жерден чыгып кетмекмин. Дароо бул жакка келеримди кайдан билиптирмин. Бул жакка келгенде эле өкүнүп, жаңылганымды билдим. Айла жок, эми эмне кылабыз. Өзүмдү өзүм коргошум керек. Аракет кылып жатам. Өлбөшүм керек. Балдарыма барышым керек",- дейт ал видео кайрылуусунда.
Коопсуздугунан улам атын атабаган жаран турмуштун оор кырдаалынан улам, жакшы жашоо издеп, каражат табуу максатында Орусияга төрт ай мурун гана барган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Садыр Нуркожоевич, беш баланы атасыз калтырбаңыздар! Суранам, жолдошумду кайтарып бергенге жардам бериңиздер! Беш баланы атасыз калтырбаңыздар! Наны жок, чайы жок калсак да, ушу жерде эле болсо болмок. Ачка калалы, кийимсиз калалы, мейли, жаныбызда болсун. Кайдан жүрүп ал алдамчыларга кабылды экен? Үйүбүз жок, ушул фундаментти эптеп көтөрөлү деп жатканбыз. Орусияда иштеп келип, көтөрөм деп максаттарын коюп алып кеткен. Бул жерден болсо ичкен-жегенибизден ашпайт экен. Ар кайсы жумушта иштейт, ар кимдин талаасын сугарып берет. Кышкысын болсо, ар кимдин малын карап, жан багып жүрчүбүз. Анан чет жакка чыгып, чоңураак бир нерсе кылып, кичине алдыга жылалы деген максатта кеткен. Жакшы эле ой тилектерибиз бар болчу. Ошонун баары калды. Эми атабызды алып келе албай отурабыз. Атасы жок, беш бала менен бул жакта мен чыркырап ыйлап отурам",- деди жубайы Гүлназ Кулбаева.
Бул окуяга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги да билдирүү таратты. Анда У.Ө. аттуу кишинин туугандарынан 19-октябрда арыз келип түшкөнү айтылат. Буга байланыштуу министрлик тарабынан Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине тиешелүү тапшырмалар берилип, бул маселени көзөмөлгө алуу жана зарыл көмөк көрсөтүү өтүнүчү айтылган.
Учурда элчилик тарабынан Орусиянын компетенттүү органдары менен белгиленген жол-жоболордун алкагында тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы, маселе Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө экени маалымдалды.





























