Темирлан Султанбеков кайрадан президентке кайрылуу жолдоду

Султанбеков
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

"Социал-демократтар" партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбеков Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдоду. Ал кайрылуусунда өзүнө карата козголгон ишти, чыгарылган өкүмдү жана сот жараянынын жабык өтүп жатканын сынга алып, апелляциялык сотту ачык өткөрүүгө чакырган.

Темирлан Султанбеков 2020-жылдын октябрь айындагы саясий окуяларды да эске салган. Ал ошол мезгилдеги окуяларда өзүнүн да саясий ролу болгонун белгилеген.

Ошондой эле өзү тууралуу таратылган видео монтаждалып, бурмалганын айткан.

2026-жылдын 8-октябрында Бишкектин Биринчи май райондук соту "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековду 7 жылга, Кадыр Атамбаевди 4 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган.

Сот Султанбеков менен Атамбаевди Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Эрмек Эрматов Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмышты жашыруу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, ага бир жыл пробациялык көзөмөл дайындалган. Кубанычбек Кадыров соттун чечими менен акталган.

Казакстандын жана Кыргызстандын жараны Абдурахим Абдрахманов жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен 8 жылга эркинен ажыратылган.

Казакстандын жараны Серикбай Кабыланбек 1 жыл 9 айга эркинен ажыратылган. Бирок ал тергөө учурунда абакта отурган мөөнөтүн толук өтөп койгонуна байланыштуу сот залынан бошотулган.

Ага чейинки отурумда прокурор айыпталуучуларды 7.6 жылдан 9 жылга чейин эркинен ажыратууну суранган.

Иштин чоо-жайы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

2025-жылы 22-ноябрда, парламенттик шайлоонун алдында "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков баш болгон ондой адам жапырт кармалган. Анын алдында ИИМ Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки киши менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган.

"Кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өлкөнүн түштүгүнөн баштап Бишкекке жана облустарга чейин жапырт нааразылык көрүнүшүн жаратып, өлкө аймагында митингдерди пландашкан. Алардын планында Конституцияга каршы чакырыктар жана ошондой эле административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объекттерин, курал-жарак жана абак жайларын ээлеп алуу ыктымалдыгы болгон", - деп айтылган ИИМдин маалыматында.

ИИМ жапырт кармалган адамдардын үйлөрүн тинтүү учурунда курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңгизаттар алынганын маалымдаган.

Кийинчерээк 150 миң доллар "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдуку экени ачыкка чыккан. Саясатчы бул акча үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил зат катары алып кеткенин билдирген. Адахан Мадумаров бул иште күбө катары сурак берген.

Калгандары, анын ичинде, мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров, Урмат Барктабасов, Шайлообек Атазов үй камагына чыккан. Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакев тил кат менен бошотулган. Былтыр 22-ноябрда жапырт кармалган бул кишилердин ичинен Шайлообек Атазовдун, Урмат Барктабасовдун, Дамир Мусакеевдин иши өзүнчө бөлүнгөн.