"Ар бир сөзүмдү далилдөөгө даярмын": Имамидин Ташов президентке кайрылды

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, абактагы Имамидин Ташов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал катында мамлекет башчысынын 2026-жылдын 12-октябрында Ташовдун кылмыш ишине байланыштуу айткан сөздөрүнө жооп берип, өзү тууралуу айтылган маалыматтарды четке какты. Ошондой эле коюлган дооматтарды далилдөөгө жана полиграфтан өтүүгө даяр экенин билдирди.
"2026-жылдын 12-октябрында мен туулуп-өскөн Кадамжай жергесине барып, калың элдин алдында менин кылмыш ишим тууралуу чындыкка дал келбеген, туура эмес маалымат бердиңиз. Алгач сиз айткан үч маселени тизмектеп өтөйүн. Биринчи маселе, К. Көлбаевдин балдарына 450 миң АКШ долларына бааланган батир жана башка мүлк бергенимди айттыңыз. Урматтуу президент мырза, 44 жашка келип, кылмыш дүйнөсүнүн бир да өкүлүнө бир сом берген адам эмесмин. Алар менен мамиледе болуп, эч качан иш кылбаганымды жоопкерчиликтүү айта алам. Эгер сиз айткан сөздөрдүн тамыры болондо, азыркы күндө мени уюшкан кылмыштуу топ менен байланышта болуу жана аны каржылоо беренелери боюнча жоопкерчиликке тартып, соттоого аракет кылышмак. Мени соттогон кылмыш ишинде 450 миң АКШ долларына бааланган мүлктү берген адам да, алган адам да жок. Мүлктү берүү же алуу учурунда кармалган эч ким жок. Эң кызыгы, 450 миң АКШ доллары жөнүндө сөз да, мындай сумма да, аны мойнума койгон далил да жок!",- деген Ташов.
Ал экинчи маселе катары президенттин анын чек араны бузганы тууралуу айткан сөзүнө токтолгон.
Анын айтымында, тергөөнүн жүрүшүндө бул маселе боюнча аны айыптоо аракети болгон, бирок сотто негизсиз экени аныкталган.
Үчүнчү маселе катары Ташов президенттик шайлоо учурунда болгону 120 миң доллар гана коротконун билдирген. Анын айтымында, бул чыгымдарды тастыктаган бардык документтер жана квитанциялар бар.
Ал шайлоо маалында республика боюнча бир да баннер илбегенин жана телеканалдардан эфир сатып албаганын белгилеп, ага колдоо көрсөткөн жарандарга ыраазычылык билдирген.
"Мен да жогоруда тизмектеп өткөн үч маселе боюнча жазган ар бир сөзүмдү далилдөөгө даярмын. Өз чындыгым үчүн полиграф аркылуу текшерүүдөн өтүүгө да даярмын",- деген ал.
12-октябрда Садыр Жапаров Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушуу учурунда Имамидин Ташовдун апасы Саипжамал Абдукаимова президентке кайрылып, уулунун ишин көзөмөлдөп, жардам берүүнү суранган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Менин балам Имамидин Ташов эч күнөөсүз үч жылдан бери кармалып отурат. Жасалма айып менен кармалган. Сиздин башыңыздан да өттү. Ушул ишти тыкыр иликтеп, өзүңүз көзөмөлдөп, жардам беришиңизди суранам. Ошондой эле компанияда да өтө көп проблемалар болуп жатат. Ушул компанияны башка бирөө жетектеп турган мезгилде 560 млн сомду жеп кеткен. Аны Бишкек шаардык ички иштер бөлүмү карап, аягына чыгарбай, ишти жаап коюп жатат. Биз элдин үйүн куруп беришибиз керек. Ошондой эле объектилер камакта. Ушуга жардам берсеңиз. Буга чейин мен сиздин жардамыңызды көрдүм. Биздин акчабыз камакта болгон учурда, сиз бизге жардам берип, акчаны алдык. Буга чоң ыраазычылык. Мындан кийин да элдин үйүн куруп беришибиз керек. Көйгөйлөрүбүзгө көңүл буруп, жардам берип койсоңуз деп келдим", - деген Ташовдун апасы.
Садыр Жапаров Ташовдун ишинен кабардан экенин, ал төңкөрүш аракети үчүн кесилгенин билдирип, ырайым гана бере ала турганын айтты:
"Саипжамал апа, уулуңуз боюнча тээ башында маалымат алгам, билем. Эч ким аны тузакка түшүргөн эмес. Ал отуруп алып, революция кылам деп 450 миң долларлык мүлкүн, батирлерин криминалдарга тараткан. Ал убакта Көлбаев тирүү болсо керек эле. Ошонун балдарына, ошого берген. "Мына, алгыла, чыгып бергиле" деген. Акча чачып, революция кылабыз деген. Мен аны билем. Үйлөрдүн акчасын алып алган дагы шайлоого иштетип жиберген. Бирок үй салып бере албай калган. Аны да мен териштиргем. Элдерди зарлатпагыла, деп Иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаевди жиберип, бир-эки үйдү аягына чейин бүтүрүп, элди киргизип, пайдаланууга берилбей жаткан үйүн берип, элдин маселесин чечип бергем. Эми дагы чечиле элек маселеси бар деп айтып жатасыз. Мен аны карап көрөюн. Ал эми уулуңуз боюнча сотторго көрсөтмө бере албайм. Эгер соттордун өкүмү күчүнө кирсе, мага кайрылыңыз, мен ырайым гана бере алам",- деген ал.
Ишкер Имамидин Ташов 2025-жылдын 25-июлунда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан тогуз жылга эркинен ажыратылган. Сот анын мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Ишкердин жактоочусу бул өкүмгө макул болбой, шаардык сотко арызданган.
Быйыл 17-июлда Бишкек шаардык соту Ташовду 8 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Сот аны "чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси боюнча актап, "бийликти басып алуу" жана "бийликти басып алууга чакырык жасоо" боюнча күнөөлүү деп тапкан. Адвокаттар сот чечимине макул эместигин, кассациялык тартипте кийинки инстанцияга кайрылыша турганын билдиришкен.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылдын апрель айында кармаган. Атайын кызмат ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин кармалганын маалымдаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айып тагылган.
Ташов буга чейин абакта кыйноого кабылганын айтып, шарттардын начардыгына нааразы болуп, бир нече жолу өзүнө кол салып, ачкачылык жарыялаган.





























