Иранда хиджабсыз ырдаганы үчүн белгилүү ырчыга 74 жолу балак урулду

youtube.com/@ParastooAhmadii
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Иран бийлиги белгилүү ырчы Парасту Ахмади менен анын музыкалык тобундагы төрт адамды жазалады. Алардын ар бирине 74 жолудан балак урулду. Буга ырчынын хиджабсыз сахнага чыкканы себеп болгон.

Адвокаттардын маалыматына караганда, жаза Кум шаарында аткарылды. Дал ушул шаарда 2024-жылы ырчынын YouTube каналында түз эфирде концерт өткөн. Ал концерт бийликтин көңүлүн бурган.

Ал кезде 29 жаштагы Ахмади ийиндери ачык көйнөк кийип, башына жоолук салбай ырдаган. Ирандын мыйзамдары аялдардын эл алдында ырдоосуна тыюу салып, аларды хиджаб кийүүгө жана дене түзүлүшүн толук жапкан кийимдерди кийүүгө милдеттендирет.

Быйыл июнь айында Кум шаарындагы кылмыш иштери боюнча сот Ахмади жана дагы сегиз адамды "коомдук адеп-ахлакты бузган" деп таап, "уятсыз жана адепсиз материалдарды" жарыялаганы үчүн күнөөлүү деген чечим кабыл алган. Айыпталуучулар өздөрүнө коюлган айыптарды четке каккан.

Жаза ачык аткарылган эмес. Соттолгондордун адвокаттарынын бири Би-Би-Сиге билдиргендей, алар Кум шаарындагы Жазаларын аткаруу башкармалыгынын үчүнчү бөлүмүндө урулган.

74 жолу балак уурудан тышкары, соттолгондорго эки жыл бою видео жана аудио материалдарды жаздырууга, өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Адвокаттардын маалыматына ылайык, сентябрдын аягында Кум шаарындагы апелляциялык сот айыпталуучулардын даттанууларын канааттандырбай, мурдагы өкүмдү күчүндө калтырган.

Кыйноолорго тыюу салуу нормасынын бузулушу

Өкүм Ирандагы искусство өкүлдөрүнүн жана укук коргоочулардын кескин сынына кабылды. Алар муну ырайымсыз, адамгерчиликсиз жана адамдын кадыр-баркын басмырлаган жаза деп атап, кыйноолорго каршы эл аралык нормаларга каршы келерин белгилешти.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Өкүмдү жокко чыгаруу же жок дегенде жазаны жеңилдетүү, болбосо анын аткарылышын кийинкиге жылдыруу үчүн колдон келгендин баарын жасадык. Бирок эч кандай майнап чыккан жок. Тиешелүү бөлүмдүн кызматкерлери жазаны дароо аткарууну талап кылышты",- деди адвокаттардын бири.

Реформаларды жактаган Etemad күнүмдүк гезити жактоочу тараптын дагы бир адвокаты Мостафа Нилиге шилтеме берип, Ахмади менен бирге балак жеген төрт эркектин аты-жөнүн жарыялады. Алар Сохейл Фагих-Насири, Амин Тахери, Амирали Пирния жана Мохсен Лашкари.

АКШда жайгашкан Ирандагы адам укуктары борборунун (CHRI) укук коргоо иштери боюнча директору Бахар Гандехари бул өкүмдү кескин сынга алды.

"Парасту Ахмадини өзү каалагандай ырдап, өзү каалагандай кийингендиги үчүн жазалоо анын негизги укуктарын одоно бузуу. Бул Иран бийлигинин аялдардын эркиндигин басмырлаган мыйзамдарына жана саясатына каршы чыккан адамдарды катаал жазалоого, аялдардын эркиндиктерин басууга канчалык чечкиндүү экенин көрсөткөн кооптуу көрүнүш",- деди АКШда жайгашкан Ирандагы адам укуктары борборунун (CHRI) укук коргоо иштери боюнча директору Бахар Гандехари.

Иранда колдонулган шариат мыйзамдарына ылайык, бойго жеткен кыз-келиндер чачын жаап, дене түзүлүшүн көрсөтпөгөн узун жана кенен кийим кийүүгө милдеттүү.

Жүздөгөн адам өлүм жазасына тартылды

2022-жылы Иранда 22 жаштагы күрт кызы Махса Амини каза болгондон кийин массалык нааразылык акциялары башталган. Ошол жылдын сентябрь айында Тегеранда адеп-ахлак полициясы Аминини хиджабды "туура эмес" кийген деген негиз менен кармаган.

Өлкө боюнча диний бийликке каршы өткөн нааразылык акциялары маалында аялдар жоолуктарын өрттөп, чечип ыргыткан. Нааразылык акцияларын күч менен басуу учурунда коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери жүздөгөн адамдын өмүрүн кыйышкан.

Ошондон бери Ирандагы көптөгөн аялдар менен кыздар бийликтин талаптарына ачык каршылык көрсөтүп, коомдук жайларда чачын жаппай жүрө башташкан. Бийлик буга жооп катары мезгил-мезгили менен камакка алып, эскертүүлөрдү берип, ишканаларды жаап жана башка чектөө чараларын колдонуп келген.

Ушул жылдын январь айында коопсуздук күчтөрү өкмөткө каршы массалык нааразычылык акцияларынын жаңы толкунун басканда миңдеген адамдар каза болуп, он миңдеген адам камакка алынган. Бул жолу нааразычылык акциялары өлкөнүн экономикалык кризисинен улам келип чыккан.

АКШ менен Израил ушул жылдын февраль айынын аягында Иранга каршы согуш баштагандан кийин, Иран бийлиги нааразычылык акцияларына катышкандарга карата өлүм жазасын колдонууну күчөткөн.

Норвегияда жайгашкан "Iran Human Rights" адам укуктары уюмунун маалыматы боюнча, январь айындагы нааразычылык акцияларына катышкандыгы үчүн соттолгон кеминде 39 адам, 2022-жылдагы нааразычылык акцияларына катышкандыгы үчүн дагы экөө өлүм жазасына тартылган.

Мындан тышкары, бийлик тыюу салынган оппозициялык топтор менен байланышы бар деп шектелген 16 адамды, тыңчылык же чет өлкөлөр менен кызматташуу үчүн дагы 17 адамды өлүм жазасына тарткан.

Уюмдун маалыматы боюнча, январдагы нааразычылык акцияларынын дагы 121 катышуучусу, анын ичинде алты аял жана беш жашы жете элек өлүм жазасын күтүп жатышат.