Мамлекеттик чек ара кызматы "Манас" аэропортундагы мүчүлүштүк боюнча түшүндүрмө берди

Сүрөттүн булагы, social
Мамлекеттик чек ара кызматы 24-ноябрда эртең менен "Манас" эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөрдүн узак убакыт кезек күткөнү боюнча түшүндүрмө берди.
Алар аэропортто жүргүнчүлөргө жаралган ыңгайсыздыкты чек ара көзөмөлүнүн бирдиктүү системасындагы техникалык мүчүлүштүк менен байланыштырды.
Ведомствонун маалыматына караганда, эртең менен саат 06:23төн 08:30га чейин Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасында техникалык мүчүлүштүк катталган.
"Бишкек убактысы боюнча саат 08:30да системанын иши толугу менен калыбына келтирилген. Учурда аэропортто чек ара көзөмөлү штаттык режимде жүргүзүлүүдө",- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен социалдык тармактарда "Манас" аэропортундагы кезекке байланыштуу видеолор тараган. Анда жүргүнчүлөр паспорттук көзөмөлдөн өтүү үчүн узак убакыт кезекте турганын айтып, нааразычылыгын билдиришкен.
"Манас" аэропортунун басма сөз кызматы Би-Би-Сиге техникалык мүчүлүштүк чек ара көзөмөлү системасында катталганын дагы бир ирет тастыктады. Ошондой эле аэропорт кадимки тартипте ишин улантып жатканын билдирди.
"Аэропорт тараптан эч кандай мүчүлүштүк болгон жок. Көйгөй Чек ара кызматынын системасында жаралды. Каттоодон өткөн жүргүнчүлөрдүн баары аман-эсен учуп кетишти. Аэропорт кадимки тартипте иштеп жатты",- деп билдиришти аэропорттун басма сөз кызматынан.
























