Пашинян Карабактан баш тартууну бекемдеген Конституциянын жаңы долбоорун сунуштады

Сүрөттүн булагы, EPA
- Author, Григор Атанесян
- Role, Би-Би-Си
- Published
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Армения өкмөтү Тоолуу Карабакка карата дооматтардан баш тартууну укуктук жактан бекемдеген жаңы Конституциянын долбоорун жарыялады. Оппозиция муну Азербайжандын талабын аткаруу катары бааласа, бийликтеги партия туруктуу тынчтыкка жетүүнүн кепилдиги деп эсептейт. Бирок парламентте референдум өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алууга бийликтин добушу жетишсиз. Эксперттердин айтымында, кырдаалдан чыгуунун эң ыктымал жолу, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү.
Дүйшөмбү күнү Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өкмөтү тарабынан иштелип чыккан өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоорун тааныштырды.
Анын айтымында, жаңы негизги мыйзамдын кабыл алынышы өлкөгө "тынчтыкты да, көз карандысыздыкты да, мамлекеттүүлүктү да, бакубаттуулукту да, эркиндикти да, демократияны да" алып келет.
Пашиняндын сөзүндө "тынчтык" деген сөз 18 жолу кайталанды. Премьер-министр жаңы Конституцияны кабыл алуу зарылдыгын Армениянын мамлекеттүүлүгүн кайрадан жаңыртууга убакыт келгендиги менен түшүндүрдү.
Анын айтымында, бул Армения Республикасынын чыныгы демократиялык жана эгемен өлкөгө айланышы үчүн керек. Улутчул пропаганда өлкөнү талап-тоноп, бийликти узурпациялаган доорду артта калтыруу зарыл.
Пашинян 2018-жылы эл көчөгө чыгып, "Бархат революциясын" жасоо менен мурдагы бийликти четке какканын эске салды. Эми элдик бийлик принцибин мыйзам жүзүндө бекемдей турган мезгил келгенин белгиледи.
Бирок Конституциянын жаңы долбоору Армениянын Тоолуу Карабакка карата аймактык дооматтарынан баш тартканын укуктук жактан бекемдейт. Тоолуу Карабак - тарыхый жактан негизинен армяндар жашаган, бирок Азербайжандын аймагы болуп саналган регион.
Иш жүзүндө Армения бул дооматтарынан 2020-2023-жылдардагы окуялардын жүрүшүндө баш тарткан. Бул мезгилде Азербайжан согушта жеңишке жетип, өз аймагын толук көзөмөлгө алган. Карабактык армяндардын дээрлик бардыгы Арменияга качып кетүүгө аргасыз болушкан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армениянын коңшу өлкөгө карата аймактык дооматтарынан иш жүзүндө гана эмес, юридикалык жактан да баш тартуусу керектигин талап кылып келет. Ал Армениянын азыркы Конституциясынын преамбуласында 1990-жылдагы Эгемендүүлүк жөнүндө декларацияга шилтеме берилгенине көңүл бурат. Ал декларацияда Армениянын Тоолуу Карабак менен биригүүсү тууралуу сөз болот.
Армениянын негизги мыйзамында Карабакка байланыштуу мындай шилтеме сакталып турганда, Алиев тынчтык келишимине кол коюудан баш тартып келет.
Жаңы Конституциянын долбоору бул маселени чечүүгө багытталган. Анын преамбуласында Карабакка карата келечектеги бардык дооматтар так жана ачык түрдө жокко чыгат. Анын ордуна Армения мамлекетинин аймагы "эл аралык деңгээлде таанылган чек аралары" менен чектелери белгиленет.
Расмий Баку Пашинян сунуштаган документти колдой турганын буга чейин эле билдирген.
"Азербайжан үчүн жаңы Конституциянын долбоорунда биздин өлкөнүн аймагына карата мындай дооматтардын жоктугу маанилүү. Бул - жылыш бар экенин көрсөткөн оң көрүнүш. Бул маселе боюнча акыркы чечим кабыл алынгандан кийин тынчтык келишимине кол коюу мүмкүнчүлүгү жаралат",- деп жазган Азертадж агенттиги Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамовдун сөзүнө шилтеме берип.






























