Талас: Сот бейбаштык боюнча шектелип кармалган сегиз кишини камакта калтырды

Social
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Талас шаардык соту 23-ноябрда "Бейбаштык" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган сегиз адамдын баш коргоо чарасын аныктады.

Соттун чечимине ылайык, алардын алтоосу 2027-жылдын 22-январына чейин, башкача айтканда, эки айга камакка алынды.

Калган эки шектүүнү 2026-жылдын 22-декабрына чейин камакта калтыруу чечими чыгарылды.

Буга чейин Талас обулстук Ички иштер башкармалыгы Талас шаарында 20-ноябрда болжол менен түнкү 12лерде топ балдар алдын ала даярданып А.Ш. аттуу жаранды көчөдөн кармап, темир, жыгач менен сабаганын аныктаган. Милициянын аталган окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

"Териштирүүнүн жүрүшүндө жабырлануучу 2000-ж.т. А.Ш. аттуу жарандын окуя учурунда денесинен алган жаракаттары аныкталып, катталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери уланууда", -деди Талас облустук ИИБ басма сөз кызматы.

Кылмышка шектелип, 31 жана 32 жаштагы 8 жаран кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Юристтер жана башка соцтармак колдонуучулары аталган беренин туура эмес коюлганын айтып, видеодо адам өлтүрүүгө аракет көрүлгөнүн белгилешүдө.

"Коомдук жайда, ошол шаардын ортосунда ушундай кылмыш кылып жатканы, бул ошол мыйзамды дагы, милицияны дагы көзгө илбей, мыйзамсыздыктын туу чокусуна жеткени деп эсептейм. Ошол себептен, оор беренелерди коюш керек. Бул адамды өлтүрүүгө аракет кылуу, адамды уурдоо, жаап-жашыруу деген сыяктуу. Ал эми "Бейбаштык" беренесине жыйырма-элүү миң штраф менен гана чектелет", - деди юрист Адилет Мерканов.

Окуя боюнча кылмышка шектелип кармалгандардын жакындары комментарий бере элек.

Сабалды делген Азамат Шаматов 2024-жылы Талас шаардык кеңешине талапкерлигин койгон. 2025-жылы "Талас жашыл чарба" муниципалдык ишканасында жетекчинин орун басары болуп иштеген. Учурда ишкерлик менен алектенет.