Адвокат: Прокурорлор Ташиевди түрмөгө камоо жазасын сурашууда

Бишкек шаардык сотунда 13-августта "75чилердин каты" боюнча кылмыш ишин кароо уланды. Прокуратура шаардык соттон Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу, баш болгон сегиз адамды абакка кесип, жазаны катаалдаштырууну сураганы белгилүү болду. Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов журналисттерге билдирди.
"Актаган берене (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу-ред) боюнча ошол актоо чечимин жокко чыгарып, санкциянын чегинде жаза берүүнү суранып жатышат. 326-берене (Бийликти күч менен басып алууга-ред) боюнча да өтө эле жеңил жаза берилген деп, жазаны катаалдаштырууну суранып жатышат", - деди Айткулов.
13-августтагы сот жараянында бир канча өтүнүч келтирилди.
"Мен соттун ачык өтүшүн сурап өтүнүч келтирдим. Бирок сот аны четке какты. Соттук териштирүүнүн көптөгөн катышуучулары да соттун ачык өтүшүнө каршы болушту. Курсан Сатарович, Дыйканбаев жана дагы айрым айыпталуучулар гана макул болушту", - деди Курсан Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекова.
Анын айтымында, Камчыбек Ташиевдин адвокаттары да соттун ачык өтүшүнө каршы болушкан. Алар муну жараянга тоскоолдук жаралат деп негиздешкен.
Жараян жабык өтүп жаткандыктан, журналисттер сот залына киргизилген жок.
Соттун алдында мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев журналисттерге жараяндын ачык өтүшүн талап кылып жатышканын айтты.
13-августтагы отурумда мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулунун адвокаты Латыпбек Нуралиев "75чилердин катына" кол койгон адамдардын баарын сот отурумуна күбө катары чакыруу тууралуу өтүнүч келтирди. Аны сот канааттандырды. Буга байланыштуу сот отуруму 17-августка жылдырылды.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыккан.
Ага ылайык, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Курманкул Зулушев, мурдагы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев жана мурдагы депутат Аалы Карашев Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга" байланыштуу беренеси боюнча үй мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан эркинен ажыратылды. Бирок сот аларга үч жылдык пробациялык мөөнөт колдонуу менен эркиндикте калтырган. Ал эми "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча акталышкан.
Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам өкүм жарыяланган күнү сот залынан бошотулган.
Соттолгон сегиз адамдын баары тең райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан. Ошондой эле өкүмгө байланыштуу Башкы прокуратура да шаардык сотко апелляциялык арыз берген.
Быйыл 9-февралда мурдагы преьер-министрлер, депутаттар, саясатчылар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жолдоп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан.
Кийин бул кайрылууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, сегиз адамга "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган. Айыпталуучулар коюлган айыптарды четке кагып, күнөөсүз экенин билдирип келишет.
Бул иш өлкөдөгү соңку айлардагы эң талкууланган сот процесстеринин бири болуп калды.
































