Бажы кызматы: Кытайдан жүк ташуунун баасы ишкер менен айдоочунун ортосунда бычылат
Элеонора Куленбекова,
Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда Кытайдан жүк ташуунун баасынын кымбатташына транспорт каражаттарынын жетишсиздиги себеп болуп жатат деген маалымат боюнча Бажы кызматы түшүндүрмө берди. Бажы контролун уюштуруу башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Адилет Бердибековдун айтымында, жүк ташуунун баасы ишкерлер менен айдоочулардын ортосундагы келишимдин негизинде аныкталат. Ал эми чек арадагы оор жүк ташуучу унаалардын кезеги Кытай менен соода жүгүртүүнүн өсүшүнө байланыштуу экенин билдирди.
Би-Би-Си: Ушул тапта "Торугарт", "Эркечтам" өткөрмө бекеттеринде оор жүк ташуучу унаалардын кезеги орун алып жатканы айтылып жатат. Бажы кызматы буга кандай комментарий бере алат?
Адилет Бердибеков: Ооба, социалдык тармактарда айдоочулар тарабынан кезектер орун алып жатканы көрсөтүлүп жатат. Бул Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода-алакасынын өсүп жатканын белгиси. Эки мамлекеттин ортосунда транспорт каражаттары аркылуу товарларды өткөрүүнүн өзүнүн тартиптери бар. Ал тартиптер өткөрмө пунктарда мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт. Кытайга чыгып жаткан транспорттор жүк алып келүү үчүн бош кетет. Кытайга экспорт менен кетип жаткан унаалар да бар. Бирок алардын салыштырмалуу саны аз. Буга карата чек арада Бажы жана Чек ара кызматы тарабынан көзөмөлдөр жүргүзүлөт. Паспорттук көзөмөл, транспорт көзөмөлү жана бажы контролунан өтүшөт.
Чыгып бара жаткан транспорт каражаттарына көзөмөл жүргүзүү тартиби өтө жөнөкөйлөтүлгөн. Аз гана убакытты талап кылат, жалпысынан, беш мүнөттүн тегерегинде бир транспорт текшерилет. Жалпылап айтканда, бул ошол товар алмашуунун өсүшүнө байланыштуу болуп атат. Ал жакка кирген транспорттордун санын мурдагыга салыштырмалуу көбөйүшү ушундан.
Өткөрмө пункттунда жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча айта алам, унааларды текшеруүдөн өткөрүү көп убакытты албайт. Транспорт каражаттары чек арада өтө көбөйүп бара жаткан болсо, көбүрөөк кызматкерлерди коебуз. Биз азыр өткөрмө пункттардагы транспортторду өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. Учурда "Торугарт", "Эркечтам" өткөрмө пункттарында инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер аягына чыгып калды.
Ушу тапта бир тарапка өтүп жаткан транспорт каражаттарынын саны 700 болуп атса, келечекте 1 миң транспорт каражатынан ашык өткөрө алабыз.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Чек арада транспортторду өткөрүү бир эле тараптын көзөмөлүнө көз каранды нерсе эмес, эки тараптуу болот. Биз чыгарып жаткан транспорт каражаттарын чектеш мамлекет кабыл алышы керек. Учурда "Торугарт" өткөрмө пункттун ала турган болсок, кыргыз тарап жети күн бою 24 саат иштеп жатат. Бирок, кытай тараптагы өткөрмө пункт жети күн бою14 сааттан гана иштейт. Кытай тарап эртең мененки 8:00дөн кечки 22:00гө чейин иштеп жатат. Ушул себептен биз алардын өткөрүү убактысына байланганбыз. Андан ашык өткөрө албайбыз, андан ашык өткөрсөк деле чек арага барып такалып калат.
Эске алчу дагы бир нерсе, "Торугарт" өтө татаал климаттык шартта жайгашкан. 3600 метр ашык бийиктикте, андан аркы чек ара линиясы 4 миң метрге чейин жетет. Эгерде ал жакта калып калган болсо, айдоочулар кыйналып калышат. Андайга жол бербешибиз керек. Ден соолугуна байланыштуу да маселе болот. Биз кытай тараптын иштөө убактысы башталганга чейин транспорт каражаттары чек ара жетип бара турган убакытта иштейбиз. Мисалы, эртең мененки 6:00дөн баштап транспорт каражаттарын өткөрүү башталат. Жабылуу убактысын да эске алабыз, айдоочулар орто жолдо калып калбасын дейбиз.
Би-Би-Си: Бажы Кызматынын алдында Бажы инструктурасы деген түзүм иштейт. Анын максаты бекеттеги тыгындардын алдын алуу делген. Бирок эмне үчүн тыгындар чек арада суюлбай жатат?
Адилет Бердибеков: Мамлекеттик Бажы инфраструктурасы акционердик коому кыргыз өкмөтүнүн токтому менен электрондук кезектин оператору болуп аныкталган. Бул электрондук кезек системасы кандай иштейт? Алдын ала чыгып аткан транспорт каражаттары электрондук кезекке турушат. Бул өткөрмө пунктка барганга чейин, күтүү зоналарына жеткенге чейин сайт же тиркеме аркылуу кирип, кезекке алдын ала турса болот. Болбосо, күтүү зонасына жеткенден кийин дагы электрондук кезекке тура алат. Кол жазма аркылуу эмес, онлайн жүрөт. Кирип жатканда фото фиксация аркылуу транспорт автоматтуу түрдө кезекке коюлат. Анан кезекте турган учурда алар үчүн шарт түзүлгөн. Тамактануу, транспортуна кам көрүүгө да шарттар бар. Дагы бир жагы, өткөрмө пункттарга чейин жол жээгинде айдоочулар санитардык шарттардын жогуна байланыштуу акыр-чикир орун алчу. Бул көрүнүштөр да жоюу боюнча иштер жүрүп атат. Өткөрмө пункттарына келгенде кезек талашмай болчу, алар дагы электрондук кезек киргени жоюлду.
Электрондук кезек биринчи "Торугараттан" кирген жок. Ал биринчи Өзбекстан менен чектеш Кызыл-Кыя өткөрмө пункттун тажрыйбаланды. Айдоочулар ал жакта да мурда кезек талашып, укук коргоочулар иш алып баргыдай абалдар орун алган. Алар жоголуп калды. Эми электрондук кезек системасы жалпы бардык өткөрмө пункттарына жайылтылат.
Би-Би-Си: Ишкерлер айтып атат, сыртта Кытай тарапка жүк ташууга кызыкдар болгон айдоочулар көп болсо да, алар аз киргизилип атат. Ошонун эсебинен берки жакка жүк ташуучу машиналар аз болуп, жүк ташуунун баасы кымбаттап кетти деп. Сиздин оюңузча жүк ташуу эмнеге кымбаттап жатат?
Адилет Бердибеков: Жүк ташуунун баасы жүктү берген киши менен ташыган кишинин ортосундагы келишимдин негизинде түзүлөт. Учурда жүрүп жаткан ушундай сөздөрдөн улам биз дагы өзүбүзчө анализ кылып көрдүк. Айдоочулар менен байланыштык. Алардан алган видеолор, аудиолор бар. Аларга ылайык, ал жакта транспорт каражаты жетишпейт, жүк көп деген маалымат бизде тастыкталган жок. Унаа жетиштүү түрдө эле кирип жатат. Буга деген көп факторлор таасирин берип жатышы мүмкүн. Бензиндин баасы, солярканын кымбатташы же тетиктердин бааасы кымбатташы негизги фактор болушу мүмкүн. Ал эми "транспорт каражаты жетишсиз" деген бул чындыкка туура келбейт. Анткени, чыгып жаткан жана кирип жаткан транспорт каражаттарынын санын карасак, алар кытай тарапта жүккө кезек күтүп турган унаалар деле көп экен. Андай көрүнүш катталган жок.
Жүк ташууга машина аз деген туура эмес маалымат. Жүк ала турган транспорт каражаттырынын саны Кытайда жетиштүү эле экен.
Би-Би-Си: Ошондо ишкерлер менен жүк ташуучулар ич ара өздөрү келишим түзөт, баа ошого карата бычылат деп атпайсызбы. Бирок Ош тарапка жүк ташуу абдан өсүп кеткени айтылып атат. Жүк ташуучулар да өз жүйөөлөрүн айтып жатышат. Айдоочулар өз алдынча бааны көтөрүп, ошонун эсебинен баа көтөрүлүп, ишкерлерде нааразылык ошондон чыгып, анын эпкини Бажы Кызматынын да дарегине тийип атабы?
Адилет Бердибеков: Мүмкүн ошондой болуп атат. "Эркечтамдын" Торугараттан" бир аз өзгөчөлүгү бар. Ал жакта Кыргызстанга кирген трапспорттордо транзиттик каттамдар көбүрөөк. Жүктөр ал жактан кирип жаткан Кыргызстанга багытталган эмес, транзит аркылуу Өзбекстанга, андан ары кетет. Алар бааны ошого жараша бычышат. Кандай бычышат алар өздөрүнүн мамилесине жараша болот. Бажы кызматы кирген транпорт каражаты жана товарларга карата тартипти жана талаптарды аткарат. Кошумча эреже же талаптар койбойт, укуктук ченемдик актыларды аткарат.

































