"Эсимде": Тарыхый эс тутумду сактоого салым кошкондор сыйланды

"Эсимде" сыйлыгы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Эсимде" сыйлыгы
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бишкекте тарыхый эс тутумду сактоого, унутта калган окуяларды жана ысымдарды коомдук мейкиндикке кайтарууга, архивдерди, булактарды жана күбөлөрдүн үнүн кийинки муундарга жеткирүүгө салым кошкон үч инсанга "Эсимде" сыйлыгы ыйгарылды.

"Эсимде" аянтчасы ишемби күнү кабарлагандай, Кыргызстандын эгемендик алдындагы жасаган эрдиги жана тарыхый эс тутум тармагындагы көп жылдык эбегейсиз салымы үчүн тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин, «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин түптөлүшүнө жана саясий репрессиялардын курмандыктары тууралуу эс тутумду сактоого кошкон салымы үчүн окумуштуу жана атайын кызматтын ардагери Болот Абдрахманов, Экинчи дүйнөлүк согуштагы туткундардын тагдырларын архивдерден изилдеп, унутта калган ысымдарды кайра коомдук эс тутумга кайтарып келе жаткан эмгеги үчүн изилдөөчү Бактыгүл Акунбаева сыйланды.

"Эс тутум өзүнөн-өзү сакталбайт. Аны изилдеген, калыбына келтирген жана кийинки муунга өткөрүп берген адамдар сактайт. «Эсимде» сыйлыгы дал ушундай эмгекти көрүнүктүү кылуу үчүн жаралды", - деп айтылат аталган аянтчанын маалыматында.

Бул сыйлык "Эсимденин" V эл аралык конференциясынын алкагында биринчи жолу тапшырылды.

Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин менен "Эсимде" аянтчасынын жетекчиси Элмира Ногойбаева.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин менен "Эсимде" аянтчасынын жетекчиси Элмира Ногойбаева.
Изилдөөчү Бактыгүл Акунбаева жана Элмира Ногойбаева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Изилдөөчү Бактыгүл Акунбаева (солдо) жана Элмира Ногойбаева
Болот Абдрахманов жана Элмира Ногойбаева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Болот Абдрахманов жана Элмира Ногойбаева

"90-жылдардагы доорду ачуу: посткоммунисттик мейкиндиктеги көз карандысыздыкка ээ болуу процесстери" деп аталган конференция 2-октябрда башталган. Ал 4-октябрда жыйынтыкталат.

Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринен, КМШ өлкөлөрүнөн бир катар изилдөөчүлөр, окумуштуулар, тарыхчылар катышууда.

"Эсимде" – бул тарыхтагы жана элдин эсинде көмүскөдө калган окуяларды, фактыларды, процесстерди изилдөө жана аңдап түшүнүү боюнча талкуу аянтчасы. Ага XX-XXI кылымдардагы Кыргызстандын жана Борбор Азиянын тарыхына көз чаптырып, салым кошууга ынтызар болгон, ар кыл кесиптин ээлери чогулган.