Зеленский Ливияда Орусиянын "Меркурий" корветине чабуул жасалганын билдирди

Сүрөттүн булагы, Social Media
Украин президенти Володимир Зеленский Ливиянын Бенгази портунда Орусиянын аскердик кемесине украин аскерлери чабуул жасаганын ырастады. Чабуул тууралуу маалымат бир күн мурун белгилүү болгон. Орусия азырынча бул окуя боюнча комментарий бере элек.
"Окуя Ливиянын жээгинде болду. Биздин аскерлер Украинада жасалган жети деңиз дронун колдонушту. Душман каршы турууга канчалык аракет кылбасын, Орусиянын "Меркурий" корвети чөктүрүлдү",- деп жазды Зеленский Telegram баракчасына.
Украин президенти бул корветти Орусиянын эң жаңы аскердик кемелеринин бири деп атады. Зеленскийдин айтымында, кеме 2023-жылы, Украинадагы толук масштабдуу согуш башталгандан кийин, Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн катарына кирген. Ал чабуул учурунда Ка-27 үлгүсүндөгү аскердик тик учак да жок кылынганын билдирди.
"Биздин экинчи бутабыз Орусиянын MV ANGARA кургак жүк ташуучу кемеси",- деп кошумчалады Украина президенти. Анын айтымында, бул кеме курал-жарак ташуу үчүн пайдаланылган.
Ливиянын чыгышында жайгашкан жана Москва менен кызматташкан өкмөттүн билдирүүсүндө, жекшемби күнү Бенгазидеги аскер-деңиз базасында жарылуу болуп, андан кийин өрт чыккандыгы айтылган.
Билдирүүдө Орусиянын кемеси эки өлкөнүн кызматташтык келишиминин алкагында күйүүчү май жана керектүү запастарын толуктоо үчүн Ливиянын аскер-деңиз базасына киргени маалымдалган.
Кийинчерээк Ливиянын Саламаттык сактоо министрлиги Бенгази жээгинде чабуулга кабылган коммерциялык кемеден жабыркагандар ооруканага жеткирилгенин маалымдады.
Associated Press агенттигине маек берген Ливиянын аскердик булактары чабуулдан Орусиянын "Меркурий" корвети олуттуу жабыркаганын, ошондой эле аскердик базанын аймагында өрт чыкканын билдиришкен.

Сүрөттүн булагы, Planet Labs PBC
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Тергөө иштеринин алдын ала жыйынтыктарына ылайык, кемеге Ливиянын батыш бөлүгүндө украин күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү базадан бир нече украин деңиз дрону учурулган",- деп жазды басылма.
Ливиянын чыгыш жана түштүк аймактарын көзөмөлдөгөн Ливиянын Улуттук армиясындагы Associated Press агенттигинин булактарынын маалыматына караганда, кемеге багытталган кеминде төрт дрон жок кылынган. Дагы экөө аскердик кемеге тийген.
Ливия 2011-жылы Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери саясий жактан бөлүнүп калган. Анын бийликтен кетиши өлкөдө бири-бирине каршы турган эки өкмөттүн түзүлүшүнө алып келген.
Ливиянын батыш бөлүгүндөгү өкмөт өлкөнүн порттору менен жарандык объектилеринин "тышкы кагылышууларга тартылышына" тынчсыздануусун билдирди.
Associated Press агенттиги жазгандай, буга чейин Ливиядагы булактар март айында өлкөнүн батышында жашыруун келишимдин алкагында иш алып барган украин күчтөрү Жер Ортолук деңизинде, Мальтанын аймактык сууларына жакын жерде Орусиянын мунай ташуучу танкерине сокку урганын билдиришкен.
Басылманын булактарынын маалыматына караганда, украин адистери, (алардын басымдуу бөлүгү учкучсуз учуучу аппараттар боюнча эксперттер), жээктеги Мисрата шаарындагы авиабазада, ошондой эле Триполи шаарындагы жана жээктеги Эз-Завия шаарындагы аскердик объектилерде жайгашкан.
Москва Бенгазидеги аскер-деңиз базасына жасалган чабуул жана "Меркурий" корвети тууралуу маалыматтар боюнча азырынча комментарий бере элек.
БУУнун Ливиядагы миссиясы окуяга байланыштуу "олуттуу тынчсыздануусун" билдирип, "токтоосуз, көз карандысыз жана ачык-айкын тергөө жүргүзүүгө" чакырды.
"Ливия башка өлкөлөрдүн жаңжалдарынын майданына айланбашы керек жана буга жол берилбеши зарыл",- деп айтылат миссиянын X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.
Корветке келтирилген зыяндын көлөмү тууралуу азырынча так маалымат жок. BBC Verify геолокация аркылуу аныктаган социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо таңкы чабуулдан кийин кеменин өрттөнүп, коюу түтүн каптап турганы көрүнөт.
Мындан тышкары, Planet Labs PBC компаниясынын спутниктен тартылган сүрөттөрү Гринвич убактысы боюнча саат 05:47де Бенгази портундагы кемелердин бири өрттөнүп жатканын тастыктайт.
Америкалык чалгындоо компаниясы Vantor жогорку сапаттагы спутник сүрөттөрдү алганын билдирди. Компаниянын маалыматына караганда, сүрөттөрдө "Стерегущий" ("Меркурий" корабли) 20380-тибиндеги Орусиянын "Меркурий" корвети тартылган.
Компаниянын маалыматы боюнча, ишемби күнү кеме портко токтоп турган. Жекшемби күнү оодарылып, чөгүп кеткен. Суунун үстүндө кеменин тумшугу гана көрүнүп калган.





























