Түркияда өткөн климаттык саммит катышуучулары мунасага келе алган жок, келишимсиз аяктады

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images
Түркиянын Анталья шаарында өткөн COP31 климаттык саммити жыйынтыктоочу декларация кабыл алынбай, келишимсиз аяктады. Катышуучу өлкөлөрдүн позицияларын жакындатуу аракети эки күнгө созулганына карабастан, декларацияга казылып алынуучу отундан баш тартуу жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө компенсация төлөө боюнча милдеттенмелерди камтуу маселелеринде бир пикирге келе алышкан жок.
Сүйлөшүүлөрдөгү негизги пикир келишпестик "Анталья макулдашуулары" деп аталган документтин долбоорунда мунай, газ жана көмүрдү колдонуудан баш тартууга түздөн-түз чакырыктын жоктугунан улам жаралды.
Европанын бир катар өлкөлөрү, ошондой эле Панама, Вануату жана Маршалл аралдары мындай документти кабыл алууга болбой турганын билдиришти.
"Климаттын өзгөрүшүнө негизги себеп болуп жаткан казылып алынуучу отундар жөнүндө сөз да болбогон декларацияны колдобойбуз. Ошондой эле казылып алынуучу отундун экологияга зыяны жоктой көрсөтүлүшүнө жол берген конференцияны да кабыл албайбыз",- деди Ирландиянын климат маселелери боюнча министри Дарра О'Брайен. Учурда анын өлкөсү Европа Биримдигине төрагалык кылууда.
Декларацияга салттуу отун түрлөрүн колдонууну кыскартуу боюнча милдеттенмелердин киргизилбей калышын Сауд Арабиясы башында турган мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн тобу талап кылган.
Сауд Арабиясынын өкүлдөрү анын ордуна көмүр кычкыл газын атмосферадан кармап калуу технологияларын киргизүү боюнча милдеттенмелерди камтууну сунушташкан.
"Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө бардык жеткиликтүү чечимдерди колдонуу керек деп эсептейбиз",- деген Сауд Арабиясынын өкүлү Мохамед Аюб.
Бирок анын оппоненттери бул сунушту мунай, газ жана көмүр өндүрүүнүн азыркы көлөмүн сактап калуу менен атмосферадагы көмүр кычкыл газын бөлүп алып, жер астында сактоого багытталган кымбат технологияларды таңуулоо аракети катары баалашты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн, биринчи кезекте Африка мамлекеттеринин өкүлдөрү декларациянын долбоорунда климаттын өзгөрүшүнөн улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 120 миллиард долларлык фонд түзүү боюнча милдеттенменин жоктугуна нааразы болушту. Бул каражат парник газдарынын бөлүнүп чыгышына дээрлик салым кошпогон, бирок климаттын өзгөрүшүнөн олуттуу жабыркап жаткан өлкөлөргө жардам берүүгө багытталмак.
Саммитке катышкан өлкөлөрдүн дээрлик 200 өкүлүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылган Австралиянын өкүлү Крис Боуэн тараптардын ар бири өзүнүн так позициясынан кайтпай турганын белгиледи. Ар бир тараптын өзүнүн "кызыл сызыгы бар экенин, эч ким ал чектен өтүүгө даяр эмес" экенин айтты.
Боуэн делегаттардын макулдашууга жетүү үчүн көпкө созулган сүйлөшүүлөрдө көрсөткөн чыдамкайлыгын белгилеп, бул конференция өтө татаал шартта өткөнүн айтты.
"Бул конференциядагы сүйлөшүүлөрдөй татаал жана туруксуз шарт буга чейин болуп көргөн эмес",- деди ал.
Австралиялык министр муну АКШ баштаган Иран менен согуштун айынан күйүүчү майдын тартыштыгы жаралып, Перс булуңундагы өлкөлөрдөн мунай экспорттоого бөгөт коюлган кырдаал менен түшүндүрдү.
Мындай пикир келишпестиктерден улам климаттык конференциянын ийгиликсиз аякташы буга чейин 2009-жылы Копенгагенде болгон. Өлкөлөрдүн бир пикирге келе албай жатканы мындай саммиттер климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө алдыга жылууга жардам бере алабы деген суроону жаратууда.
Быйыл апрель айында 60ка жакын өлкө казылып алынуучу отундан акырындык менен баш тартуу маселесине арналган алгачкы эл аралык жыйынга катышкан. Антальяда бир нече мамлекет көмүр, мунай жана газдан баш тартуу боюнча өз пландарын жарыялашты.
Бул талаш-тартыштардын арасында дагы бир кооптуу жагдай дээрлик көңүл сыртында калды. Мындан 11 жыл мурда Парижде өткөн климаттык конференцияда белгиленген глобалдык температуранын өсүшүн 1,5 градус менен чектөө максатына жетүү мүмкүн болбой калды.
2015-жылы кабыл алынган макулдашууда каралгандай, казылып алынуучу отундарды күйгүзүүдөн чыккан парник газдарынын көлөмү азайган жок. Окумуштуулардын айтымында, жакынкы бир нече жылда дүйнөдөгү орточо температура белгиленген 1,5 градустук чектен ашат.
Бул дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар өтө катуу ысык шартында жашап, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө байланыштуу коркунучтарга туш болорун билдирет.






























