Израил президенти Кыргызстан Иран үчүн санкцияларды айланып өтүүчү жол болушу мүмкүн экенин айтты

Сүрөттүн булагы, Аkorda.kz
Израилдин президенти Ицхак Герцог Казакстанга мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө Иран Кыргызстан аймагын контрабанда жана санкцияларды айланып өтүүчү схемалар үчүн маршрут катары колдонушу мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу JNS басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, билдирүү Астанада Борбор Азия өлкөлөрүнүн раввиндери менен жолугушуу учурунда айтылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы раввин Арье Райхман Ирандын коргоо министринин орун басары Реза Талаи Никанын жакында Бишкекке болгон сапары тууралуу сөз кылды.
Ал бул сапар азыркы геосаясий кырдаалды жана Иран менен АКШ-Израил альянсынын ортосундагы жакында эле ишке ашкан ок атышууну токтотууну эске алганда таң калыштуу болгонун белгиледи.
Кыргызстандагы расмий маалымат каражаттары Иран чиновниги өлкөгө Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынына катышуу үчүн келгенин кабарлады.
Ошол эле учурда Ицхак Герцог мындай дал келүүлөр көңүл бурууну талап кыларын баса белгиледи.
"Эч нерсе кокусунан болбойт. Иран биз чектөөгө аракет кылып жаткан материалдарды алуу үчүн Кыргызстанды контрабанда маршруту катары колдонууга аракет кылышы мүмкүн. Бул маселеге кылдат көз салуу керек",- деген Герцог маселени Иерусалимде көтөрөрүн кошумчалаган.
Жолугушууга ошондой эле Израилдин Казакстандагы жана Кыргызстандагы элчиси Йоав Быстрицкий катышкан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал ортодо Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Израил президенти Ицхак Герцог айткан билдирүүлөр боюнча Facebook баракчасына пикир калтырды.
Ал Герцогдун Иран Кыргызстанды санкцияларды айланып өтүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн деген сөздөрүн таң калуу менен кабыл алганын жана бул билдирүү терең нааразылык жаратканын кошумчалады.
"Мен муну бурмалоо жана өлкөбүздүн көз карандысыз тышкы саясат жүргүзүү укугуна одоно кийлигишүү деп эсептейм. Айрыкча бул негизсиз , далилсиз билдирүү. Баарыбызга белгилүү болгондой, 2026-жылы Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылууда. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн расмий делегациялары Кыргызстанга ар кандай иш-чараларды, жыйындарды, кеңешмелерди өткөрүү үчүн келишүүдө. Бул дүйнөлүк практикада кеңири колдонулган көрүнүш. Ошондой эле эскерте кетким келет, ШКУ БУУ тарабынан таанылган жана дүйнө жүзүндө кадыр-барктуу уюм болуп эсептелет. Мындай шартта "Кыргызстан Иран тарабынан контрабанда маршруту катары колдонулушу мүмкүн" деген сыяктуу негизсиз жыйынтыктарды чыгаруу бүгүнкү Израил саясий жетекчилигинин дипломатиясынын компетенттүүлүгүнө шек келтирет. Мындан тышкары, мындай жалаа мүнөзүндөгү билдирүүлөр эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге олуттуу зыян келтирет жана алардын чыныгы максаты тууралуу суроолорду жаратат",- деп жазган ал.
Учурда расмий Бишкек бул маселе боюнча кандайдыр бир билдирүү тарата элек.




























