You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Сирия: Асад кулатылгандан кийин түзүлгөн парламентке акыркы 70 депутат дайындалды
Сириянын убактылуу президенти Ахмед аш-Шараа өлкөнүн жаңы парламентинин акыркы 70 мүчөсүн дайындады, бул парламенттин биринчи отурумун эмки аптада өткөрүүгө жол ачты.
Жаңы депутаттардын арасында 15 аял бар, ал эми 13 адам 2024-жылы бийликтен кулатылган Башар Асаддын башкаруусу учурунда түрмөгө камалган. Ошону менен бирге аш-Шараа дайындаган жаңы парламентарийлердин канчасы диний жана этникалык азчылыктардын өкүлдөрү экени белгисиз.
Былтыр октябрда аймактык шайлоо коллегиялары өткөөл мезгилдеги мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө жооп бере турган Элдик жыйындын 210 депутатынын үчтөн экисин шайлаган эле.
Ал дайындоолордун жыйынтыгы менен аялдар болгону алты, ал эми азчылыктардын өкүлдөрү он орунга ээ болгондуктан, шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү Ахмед аш-Шараа президенттик «квота» аркылуу депутаттарды дайындоо менен бул дисбалансты жоё турганын билдиришкен.
Сириянын Элдик жыйынын шайлоо боюнча жогорку комитеттин төрагасы Мухаммед Таха аль-Ахмед президент тандаган талапкерлер Элдик жыйында "курмандыктардын үнү менен тажрыйбанын үнүн" бириктирип, сириялык коомдун ар кыл катмарларын чагылдырарын жана улуттук биримдикти бекемдей турганын айтты.
Ал кошумчалагандай, алардын арасында 13 жылдык жарандык согуштагы "шейиттердин жакындары, камакта отуруп чыккандар жана химиялык чабуулдардан аман калгандар", ошондой эле "тажрыйбасы, чынчылдыгы жана коомдук ишмердүүлүгү менен таанымал" окумуштуулар, эксперттер, адистер, жамаат лидерлери жана коомдук ишмерлер бар.
Сирия телеканалы дайындалган депутаттардын арасында актриса Рузайна Лазкани да бар экенин кабарлады.
Таха аль-Ахмед ошондой эле дайындалган депутаттардын катарына бардык 14 провинциянын өкүлдөрү, анын ичинде калкынын басымдуу бөлүгүн друздар түзгөн Сувейдадан эки өкүл киргенин билдирди.
Сувейдадагы шайлоочулар коллегиясында добуш берүү азырынча өтө элек, анткени бул түштүк провинция былтыр июлда өкмөттүк аскерлер, бедуин уруулары жана друз кошуундарынын ортосундагы конфессиялар аралык кагылышууларда 1 700 адам каза болгондон бери мамлекеттин көзөмөлүнөн тышкары калууда.
"Бул кооз жана берекелүү провинцияда шайлоо өткөрүүгө шарт түзүлгөндө, биз ал жакта шайлоону өткөрөбүз", - деди Таха аль-Ахмед.
Шайлоо ошондой эле түндүктөгү Ракка жана Хасеке провинцияларынын кээ бир райондорунда жети айга жылдырылган, бул аймактарды өкмөттүк аскерлер быйыл жыл башында күрддөр жетектеген «Сириянын демократиялык күчтөрүнөн» кайтарып алган эле.
20дан ашык күрд партиясы май айында шайлоо коллегиялары тарабынан дайындалган депутаттарды тааныбай, бул процесс "четтетүүгө жана маргиналдаштырууга негизделген ыкманы" көрсөткөнүн билдиришти.
Былтыр 14 сириялык коомдук уюм да Сириянын шайлоо системасын сынга алып, аны "терең түзүмдүк кемчиликтерден жапа чегет" деп мүнөздөшкөн.