You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Трамп бир жыл ичинде криптовалютадан бир миллиард доллардан ашык каражат тапты
АКШнын президенти Дональд Трамптын 2025-жыл үчүн тапшырган милдеттүү каржылык отчетуна ылайык, өткөн жылы ал криптовалюта операцияларынан 1 миллиард доллардан ашык киреше тапкан.
927 беттен турган отчетто ал криптовалютадан (TRUMP мемкоини) 635 миллион доллар алганын көрсөткөн. Бул криптовалютанын баасы президент кызматка киришерден бир нече күн мурун ишке киргизилгенден бери кескин төмөндөп кеткен.
Ал ошондой эле өзүнүн уулдары жана атайын өкүлү Стив Уиткоффтун балдары негиздеген World Liberty Financial криптовалюталык компаниясынан 500 миллион доллардан ашык киреше алганын декларациялаган.
Дагы миллиондогон долларды ал кыймылсыз мүлктөн жана Трамптын символикасы түшүрүлгөн товарларды сатуудан тапкан. Бирок Ак үй анын президенттиктен пайда көрүп жатканын четке кагат.
Анын акыркы каржылык отчетунда көрсөтүлгөн кирешелер Трамп 600 миллион доллардан ашык каражат декларациялаган 2024-жылга караганда бир топ жогору.
Бирок Трамп өз бизнесин балдары башкарган трасттык фондго өткөрүп бергенин бир нече жолу баса белгилеген Ак үй, кызыкчылыктар кагылышы бар экенин кайрадан четке кагууда.
Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Анна Келли президент АКШны сыймыктануу менен «дүйнөнүн криптоборбору» деп атаганын билдирди.
"Президенттин да, анын үй-бүлөсүнүн да кызыкчылыктар кагылышы болгон эмес жана болбойт", - деп айтылат анын билдирүүсүндө.
"Президент Трамптын жана анын администрациясынын бардык аракеттери америкалык элдин кызыкчылыгы үчүн жасалууда, ал эми тескерисинче айткан ар кандай "журналисттер", демократтар жана салттуу жалпыга маалымдоо каражаттары он жылдан бери жайылтып келе жаткан ошол эле эски, жалган сөздү кайталап жатышат", — деди ал.
Президент өзү да федералдык мыйзамдардагы кызыкчылыктар кагылышы боюнча эрежелерди бузбаганын баса белгиледи.
Жарыяланган отчет анын криптовалютадан алган кирешеси алгачкы атак-даңк алып келген кыймылсыз мүлк тармагындагы бизнесинен түшкөн кирешеден бир топ ашып кеткенин көрсөтүп турат.
Ал Мар-а-Лаго клубунан болжол менен 77 миллион доллар, ал эми Флорида штатынын Дорал шаарындагы гольф-клубунан 122 миллион доллар тапкан.
Ошондой эле Нью-Жерси штатындагы Бедминстер, Флоридадагы Жупитер жана Шотландиядагы Тернберри гольф-клубдарынан 30 миллион доллардан ашык каражат алган.
Каржылык декларацияга ылайык, Трамп башка бизнес-долбоорлордон да миллиондогон киреше тапкан.
Алардын ичине Трамп бренди менен сатылган сааттар, Библия, кроссовкалар, парфюмерия жана гитаралардан түшкөн 4,7 миллион доллар кирет.
Биринчи айым Мелания Трамп да декларацияда 2025-жылдан берки кирешесин көрсөткөн. Ал өткөн жылы чыккан өзү тууралуу даректүү тасмага байланыштуу "лицензиялык келишимден" 10,7 миллион доллар тапкан.
Дагы 6 миллион доллар киреше NFT (алмаштырылгыс токендерди) — интернет аркылуу сатылган санариптик сүрөттөрдү сатуудан түшкөн.
Президент ар кандай соттук доолордон алынган компенсация түрүндө да миллиондогон долларларды көрсөткөн.
Бул каражаттардын ичине ABCге каршы сот ишинен 16 миллион доллар, CBS Broadcasting жана CBS Interactive'тен 16 миллион доллар, Meta'дан 24,5 миллион доллар, YouTube'дан 22 миллион доллар жана X'тен 8 миллион доллар кирет.
Бирок Ак үй бул каражаттардын көпчүлүгү Трамптын келечектеги президенттик китепканасына же Вашингтон аймагындагы парк аймактарын тейлөө менен алектенген коммерциялык эмес уюмга жумшалганын билдирди.
Forbes журналынын дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесине ылайык, Трамптын байлыгы 2024-жылдагы 2,3 миллиард долларга салыштырмалуу 6 миллиард долларга бааланат. Bloomberg миллиардерлер индекси президенттин байлыгын 7,6 миллиард доллар деп баалайт.
Ак үйгө кайтып келгенден кийин, бир кезде биткоинди алдамчылык деп атаган Трамп, АКШны криптовалюталык супердержавага айландыруу боюнча шайлоо алдындагы убадасын аткарууга киришкен.
Өткөн жылдын июль айында АКШнын Конгресси криптовалютаны иш жүзүндө легализациялаган бир катар мыйзамдарды кабыл алды. Ак үй криптовалюталар жөнүндөгү мыйзамды "Кошмо Штаттарга санариптик валюталар тармагындагы дүйнөлүк революцияны жетектөөгө мүмкүндүк бере турган, улуттук коопсуздукту жана АКШ долларынын резервдик валюта катары статусун бекемдей турган тарыхый акт" деп атаган.
Трамп тарабынан дайындалган каржылык жөнгө салуучу органдын, Баалуу кагаздар жана биржалар боюнча комиссиянын башчысы да криптоиндустриянын өнөктөшү катары каралат.
Пол Аткинс 2025-жылдын апрель айында кызматка киришкенден бери мурунку жетекчисине мүнөздүү болгон мажбурлоо жолу менен катуу жөнгө салуудан баш тартып, агенттиктин мамилесин өзгөрттү.
Өткөн жылдын июль айында президент «Американы санариптик активдер тармагында талашсыз лидер кылууну» көздөгөн GENIUS Act мыйзамына кол койгон.
900 беттен ашкан Трамптын жылдык отчету мурунку президенттердин отчетторунан бир топ көлөмдүү. Мисалы, Жо Байдендин кызматтагы акыркы толук жылы үчүн каржылык отчету болгону 11 беттен турган.