You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Венесуэладагы зилзаладан аман калган аял: "Урандынын алдында уулумдун ыйын угуп жатам"
- Author, Ванесса Сильва
- Role, Би-Би-Си, Ла-Гуайра
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Венесуэлада эки жолу жер катуу силкинген күнү Андреина Валерио жумуштан чыгып, үйгө шашып келди. Себеби ал эки жаштагы уулу Сантьягону Ла-Гуайрадагы кайын энесинин үйүнө, жолдошу Рамсес Мендоса менен калтырып кеткен эле.
Андреина ал жерге жетип барганда имарат урандыларга айланып калганын көрдү. Анын кайниси Самуэль Мендоса ошол урандылардын арасында жүргөн экен.
Ишемби күнү Андреинаны ошол жерде жолуктурганда, ал мага уулу менен жолдошу, апасы, атасы, чоң атасы жана чоң атасы, ошондой эле кайнежеси ушул кезге чейин урандылардын арасында жатышканын айтты. Бирок Андреина үмүтүн үзгөн жок.
Андреина жана Самуэль мага имаратта башка балдар да – тогуз жаштагы Лукас жана үч жаштагы Аранса калганын айтып беришти.
Ишемби күнү окуя болгон жерге Сальвадордон жана Испаниядан куткаруучулар келишкен, бирок алар талкаланган имараттын ичине кире албай жатышат. Азырынча имараттан эч ким куткарыла элек.
Зилзаладан кийинки биринчи күнү эртең менен Самуэль урандылардын алдынан "аялдын үнүн укканын, адегенде анын ким экенин ажырата албаганын жана "жардамга" деген гана сөздү укканын" айтты.
Эртеси Андреина ал жакка кайра келгенде, ымыркайдын ыйын уккан.
"Мен уулум тирүү экенине ишенем. Уулум да, үй-бүлөм да аман калганын билем".
Андреина менен Самуэлге окшоп өлкө боюнча жүздөгөн имараттарды талкалаган эки зилзаладан кийин урандылардын арасынан жакындарын издеп, аларды куткарып калууга болгон үмүтүн жоготпой келаткан венесуэлалыктар өтө көп.
Үй-бүлөлөр Ла-Гуайрадагы урандыларды колдору менен эле казып жатышат. Ла-Гуайра – зилзаладан өзгөчө жабыркаган деңиздин жээгиндеги шаар.
Мен кепке тарткандардын эч кимиси акыркы 2-3 күндөн бери уктай элек экен, алар урандылардын астында калгандардын атын атап, кыйкыра бергендиктен үндөрү да чыкпай калган.
Жума күнү издөө иштерине коңшулар да кошулуп, Венесуэланын башка аймактарынан жардамга адамдар келе баштады.
Куткаруучулар жалпы өлкө боюнча иштеп жатышат, бирок Венесуэла жер титирөөгө даяр болбогондой – өлкө көп жылдан бери башка өтө оор кризистерге туш болуп келатат.
"Эдвард" мейманканасына келгенде, өлүмдүн жытын сездим. Убакыттын өтүшү менен кырдаал ого бетер начарлай турганы сезилип турду. Адамдар урандылардын алдында көп убакыт күтө албайт.
Ла-Гуайра шаарында 50дөн ашык талкаланган имаратты көрдүм. Расмий маалыматтар боюнча, бул аймакта 1 400дөн ашык имарат жабыркаган.
Венесуэланын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригес зилзала "акыркы 123 жылда республиканын башына келген эң ири катастрофалык окуя" болгонун билдирди. Ушул сааттарга караганда, өлкөдө каза болгондордун расмий саны 1 430га жетип, 3 238 адам жаракат алган.
Бирок он миңдеген адамдар дагы деле дайынсыз болуп жаткандыктан, куткаруучулар аман калгандарды табуу үчүн күн-түн дебей тынымсыз иштеп жатышат.
Ла-Гуайранын көчөлөрүндө бир нече полиция жана аскер кызматкерлерин көрүүгө болот. Убактылуу президент Делси Родригес штатка 14 миң адам жөнөтүлгөнүн жана коопсуздук максатында штат "милитаризацияланган аймак" болгонун билдирди.
Башында көчөдөн бир гана чакан тракторду көргөн элем. Кийинчерээк оор техникалар пайда болуп, алар бул жакка жетиш үчүн тар, талкаланган жол менен татаал жолду басып өткөнү билинип турду.
Ыктыярчылар муктаж болгондордун баарына дары-дармектерди таратып жатышат, ал эми кийим-кечелерди "балким, бирөөгө керек болуп калаар" деп жерге үйүп жатышат.
Түнүндө Ла-Гуайрадагы кырдаал начарлап кетти. Сөөктөрдү ыктыярчылар атайын жабдуусуз автоунааларга жана фургондорго жүктөп чыгарып жатышты.
Айдоочубуз Лео тыгындан улам шаарга тез жардам унаалары кире албай, жарадарларды мотоциклдердин артын отургузуп алып ташып жатышканын көрдү. Зилзаладан кыйраган көпүрөнүн жанында өзгөчө чоң тыгын бар.
Урандылардын алдында жаткан адамдардын туугандары көчөлөргө чатырларды тигип алып, кабар күтүп жатышат. Алар өкмөт жолдорду жаап салып, куткаруучулар алардын талкаланган үйлөрүнө жете албай калышат деп корккондуктан көчөлөрдө түнөп, куткаруучуларды кармап калыш үчүн күзөттө турушат.
Делси Родригес ишемби күнү Ла-Гуайра штатына 10 өлкөдөн куткаруучучулар келиши керектигин билдирди. Ал кошумчалагандай, аймакта электр энергиясы 60 пайызга калыбына келтирилди.
Жарандарды Ла-Гуайрага убактылуу барбоого чакырып жатышат; Хорхе Родригес бул аймак "чоң кыйроолорго"учураганын айтты.
Ла-Гуайрадан жарадарлар жеткирилип жаткан Каракастагы ооруканалардын биринде дарыгер менен сүйлөштүм. Дарыгер бул ооруканага бери дегенде 600 адам жеткирилгенин, алардын көпчүлүгүнүн буту-колу сынганын айтты.
Ал ошондой эле бейтаптар шок абалында түшүп жатканын белгиледи.
Каза болгондордун жана дарыланып жаткандардын тизмеси сыртта илинип турат.
Кээ бир адамдар дайыны чыкпай жаткан туугандарынын сүрөттөрүн плакаттарга чаптап алып, ошол тизменин жанына илип жатышат. (ZMa)