"Кээ биринде АИ-95 бензини жок болуп жатат". Орусиядагы күйүүчү май тартыштыгы, Кыргызстандын аракети

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстан Орусиянын бензин жана авиакеросин экспортуна киргизген убактылуу тыюусунан улам келип чыгышы мүмкүн болгон күйүүчү май тартыштыгын болтурбоо чараларын көрүүдө. Өкмөт учурда өлкөдө күйүүчү майдын запасы жетиштүү экенин билдирип жатат.

"Жунданын" кубаттуулугун көтөрүү аракети

Өкмөт ички мунай иштетүүчү ишканалардын кубаттуулугун арттырууну көздөп жатканы маалым болду. Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы айына 24 миң тонна бензин өндүрүп келген кыйтайлык "Жунда" заводуна ушул жылдын аягына чейин көлөмдү 50 миң тоннага чейин жеткирүү тапшырмасы коюлганын президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев билдирди.

"Заводдун жетекчилигине мунай заттарын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү милдети коюлду. Жакынкы арада ишкана айына 24 миң тонна бензин өндүрүүгө, ал эми ушул жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтү 50 миң тоннага жеткирүүгө тийиш. Мындан тышкары, "Кыргызская Нефтяная Корпорация" ЖЧКсы менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу тапшырылды. Коюлган милдетке ылайык, мамлекеттик компания кайра иштетүү үчүн заводго чийки зат жеткирүүнү камсыз кылат, ал эми өндүрүлгөн мунай заттары ички рынокту туруктуу камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын ички рыногуна толугу менен багытталат", - деди Төрөбаев.

Ал бул чараларды ишке ашыруу мунайзаттарын ата мекендик өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, импорттон көз карандылыкты азайтууга жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого багытталганын билдирди.

Орусияда бензин, дизел жана авиациялык керосинди экспорттоого убактылуу толук тыюу салып жатканын 28-июнда президент Владимир Путин өкмөт мүчөлөрү жана ири энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен өткөн жыйында билдирген.

Анын айтымында, мындай чектөө ички күйүүчү май рыногун турукташтыруу жана жарандарды, ишканаларды, ошондой эле социалдык маанидеги мекемелерди күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Ал ортодо тартыштыктан улам Орусия өзү сырттан мунай азыктарын ташууну пландап жатканы тууралуу да маалыматтар чыкты.

Орусиянын мунай азыктарын экспорттоого киргизген тыюусу Кыргызстанга да таасири тийе турган чечим. Анткени өлкө күйүүчү майдын 90 пайызга жакынын Орусиядан импорттойт.

Энергетика министрлиги: күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүү үзгүлтүксүз уланууда

1-июлда Кыргызстандын Энергетика министрлиги өлкөдө күйүүчү-майлоочу материалдардын жетиштүү кору бар экенин жана ички рынокто туруктуулукту сактоо үчүн комплекстүү иштер жүрүп жатканын кабарлады.

Министрликтин маалыматына караганда, күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүү мурда түзүлгөн келишимдердин негизинде үзгүлтүксүз уланууда. Азыркы тапта камсыздоо процесси мамлекеттик органдардын тыкыр көзөмөлүндө.

"Камсыздоонун туруктуулугун сактоо максатында Орусия Федерациясы, Казакстан Республикасы, Беларус Республикасы, Азербайжан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Түркмөнстандагы компетенттүү мамлекеттик органдарга, ошондой эле башка өнөктөш мамлекеттердин тиешелүү органдарына расмий кайрылуулар жөнөтүлдү. Мындан тышкары, жеткирүү булактарын диверсификациялоо жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат" деп айтылат министрликтин маалыматында.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 29-июнда өткөргөн кезектеги жыйында өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо маселеси талкууланган. Анда да өлкөдө күйүүчү майдын запасы жетиштүү жана абал көзөмөлдө экени айтылган.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатовдун Би-Би-Сиге айтканына караганда, учурда Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензинден башкасы жетиштүү.

"Бизде кээ бир компанияларда АИ -95 үлгүсүндөгү бензин жок болуп жатат, баарында эмес. Мисалы, "Роснефть" компаниясында жок. Ал эми кээ бир компаниялар май куюучу жайларга жеткиргенге үлгүрбөй жатабыз деп айтып жатышат. Ал эми АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1,5 айлык кору бар. Дизелдин да 1,5 айлык кору бар. Алар боюнча бүгүнкү күндө маселе жок. Экинчиден, Орусиянын экспорту токтоткон жок. Экспортту чектөөнүн ЕАЭБге тиешеси жок. Анткени биз ЕАЭБге киребиз. Бизде өкмөт аралык келишимдер бар. Ал боюнча 1,2 млн тонна мунайзатты бериши керек". Алар өздөрүнө ошондой милдеттеме алышкан, - деди Канатбек Эшатов Би-Би-Сиге.

Украинанын куралдуу күчтөрү орусиялык мунай иштетүүчү заводдорго жана башка күйүүчү-энергетикалык инфраструктураларга сокку уруп, Орусиянын көптөгөн аймактары бир нече жумадан бери күйүүчү май тартыштыгы жаралууда.