You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Киевге жасалган жапырт чабуулдан каза болгондор 13 кишиге жетти
Бейшембиге караган түнү Киевге ракеталар жана дрондор менен чабуул жасалды. Анын натыйжасында шаар боюнча 30дай жерде кыйроо болгон. Орусия Киевге сокку урганын ырастады.
Акыркы маалыматтар боюнча, Киевге түн ичинде жасалган соккулардын кесепетинен 13 адам каза болуп, 80ден ашык адам жаракат алды. Бул тууралуу шаар мэри Виталий Кличко жана шаардык аскердик администрациянын башчысы Тимур Ткаченко билдиришти.
"Борбор калаада түнкү чабуулдун кесепетинен жабыркагандардын саны 86га жетти. Алардын 70и ооруканага жаткырылды. Учурда 13 адамдын каза болгону белгилүү. Дарницкий районундагы жабыркаган үйдө издөө-куткаруу иштери уланууда", — деп жазды Кличко.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, Киев облусундагы аткылоолордун кесепетинен дагы эки адам жаракат алган.
Шаардык администрациянын башчысы чабуулдун кесепетинен Киевде 30дан ашык жерде кыйроолор болгонун маалымдады.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага жасалган жапырт соккуну ырастады. Мекеменин билдирүүсүндө массалык сокку абадан, жерден жана деңизден учурулуучу куралдар, ошондой эле учкучсуз учактар аркылуу жасалганы айтылат. Орусиянын Коргоо министрлиги чабуулдун натыйжасында Киевдеги жана анын облусундагы Украинанын аскердик-өнөр жай комплексинин ишканалары, энергетикалык объектилери, ошондой эле Днепропетровск, Полтава, Черкассы, Чернигов жана Киев облустарындагы аскердик аэродромдордун инфраструктурасы талкаланганын ырастоодо. Украина азырынча бул билдирүү боюнча комментарий бере элек.
Украинанын президенти Владимир Зеленский кечээ өлкө тургундарын бейшембиге караган түнү орус аскерлери жаңы массалык сокку урушу мүмкүн деп эскерткен. Анын айтымында, тиешелүү маалыматты ал украин чалгын кызматынан алган.
"Бүгүн Украинадагы адамдарыбызды өзгөчө сак болууга чакырам - өзүңөрдү, үй-бүлөңөрдү, балдарыңарды сактагыла, сөзсүз түрдө баш калкалоочу жайларды колдонгула жана абадан эскертүү сигналдарына көңүл бургула. Путин бир нече убакыттан бери Украинага массалык сокку урууга даярданып жатканын билебиз. Бүгүн түндө дал ушундай коркунуч бар", - деп жазган ал социалдык тармактарда.