Брексит 10-жылдан кийин, Британия кайра Евробиримдикке кайтабы?

Сүрөттүн булагы, EPA
- Author, Алексей Калмыков
- Role, Би-би-си
- Published
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Британия он жыл мурун референдум аркылуу 40 жыл чогуу болуп келген Евробиримдик курамынан чыгып кеткен. Он жылдан кийин британиялыктардын көбүнүн брекситтен көңүлү калып, бийлик болсо ЕБ менен жакындашууну убадалап эатат. Бирок Британиянын бирдиктүү европалык үй-бүлө конушуна кайтууга бир да шансы жок. Эмнеге?
Ушу тапта британдыктардын 60% брексит ката болгон деп эсептешет, бул YouGov жүргузгөн июндагы сураижылоонун жыйынтыгы. Респонденттердин 55% Евробиримдикке кайтууну жакташат, бирок мурункудай эксклюзивдүү шарттарда кошулсак дешет.
Брекситке чейин Британия Евробиримдиктин эки принципиалдуу талабынан бошотулган эле, алар: еврого өтүү жана Шенгенге кирүү. Мүчөлүккө төлөмдү да азыраак төлөчү. Бирок мунун баары артта калды, азыр мындай жеңилдетүүлөргө Евробиримдик такыр барбасын аналитиктер жазып жатышат.
"Брексит европалыктарда Евробиримдиктен тышкары бир да өлкө союздун артыкчылыктары менен колдонбошу керек деген ойду бекемдеди", - дейт UK in a Changing Europe изилдөө борборунун эксперттери. - Он жылдан кийин бул принциптер дагы деле күчүндө калууда.
Евробиримдиктин бул маселеде ийкемсиздиги британиялык коомдук пикирди терең өзгөртүп жатат, себеби коомдук башталыштарда кайра ЕБге кошуулууну британиялыктардын 55% эмес, болгону 35% жактап, 43% каршы болуп жатат.
Британ жарандарынын көбү курамына 27 өлкө кирген Евробиримдик менен жакындашууга макул, бирок Евробиримдиктин эки шарты: бажы союзу жана бирдиктүү рыногуна кошулбай туруп гана. Андай жагдай товар менен кызмат көрсөтүүлөр эле эмес, адамдар да Британияга эркин кирип-чыгып чыгуусуна шарт түзүлөт.
Британдыктардын брексит тууралуу пикири Еробиримдиктен чыгып кеткенден бери канчалык өзгөрдү?
Башкача айтканда, ЕБ курамына кирүүгө британдыктардын аз бөлүгү гана макул. Бирок алар европалык клубда аларга мурдагыдай VIP мүчөлүк шарттар жеткиликтүү болбой калганын азырынча билишпейт. Анын үстүнө ал клуб дагы жигер менен өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатат. Өзгөрүүлөр ушунчалык ал британдыктарга жакпаса керек деп эскертишет, UK in a Changing Europe борборунун эксперттери.
"Евробиримдик азыр Британия чыгып кеткен ошол кездегидей уюм эмес. Дагы жаңы өзгөрүүлөр алыс эмес", - деп жазып алар Евробиримдик курамын дагы жаңы өлкөлөр менен кеңейтүү планы бар экенин белгилешет. Квалификациялуу көпчүлүктүн чечимине карап ветодон баш тартуу да каралып жатат. Мына ушундай мурункудан да тыгыз интеграцияга карай Евробиримдиктин умтулуусу британ коомчулугун чочутушу мүмкүн".
Чынында, брекситтин башкы урааны "көзөмөлдү кайтарабыз" болгон, ал эми андагы башкы коркунуч ЕБдин британ демократиясынын үстүнөн үстөмдүк кылышы эле. Социалдык жана саламаттыкты сактоо тармактарын кризиске кептей турчу миграция маселеси да чочулатчу, ошондой эле кылмыштуулуктун өсүшү жана турак-жайга болгон баанын өсүшү да негизги коркунучтардын бири болгон.
Ошондо брексит бул көйгөйлөрдү чечүүгө жардам бердиби?
Брекситтин жыйынтыктары
Евробиримдиктен чыгуу жергиликтүү элдин кирешесин, бизнесин жана британ казынасын азайтты. Ар кандай баалоолор боюнча британ экономикасы ал ЕБдин курамында кала бергенден 4%, ал түгүл 8%га чейин төмөндөдү.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бирок брекситтин идеологдору Еробиримдиктен бөлүнүп чыгуунун, экрикндиктин баасы болору баштан эле моюнга алышкан. Бирок алардын миграцияны жеңебиз дегени теңирден тескери чыкты.
Референдум өткөн жылы таза миграция (келгиндер менен кеткендердин айырмасы) жылына 300 миң адамдан ашчу эмес. Негизинен ал убакта европалыктар көп келчү. Аларга виза да, жумушка уруксаат да керек эмес эле. Британия ЕБдин бирдиктүү рыногунун өкүлү эле. 2020-жылы Британия Евробиримдиктен бөлүнүп чыкканы жана ковид пандемиясы бүткөндөн кийин деле, брекситтин демилгечилери убадалагандай, таза миграция кыскарып кеткен жок. Кайра эселеп көбөйдү.
2022-2024-жылдары 67 миллиондук калкы бар өлкөдө мигранттар 2 миллионго көбөйдү. Европалыктар кетти, алардын ордун башка өлкөлөрдүн жарандары басты.
2016-жыл Брексит тууралуу референдум өткөн жылы Британияга биринчи эле Польшадан (85 миң адам), анан Румыниядан (75 миң адам) келген. 2023-жылы Индиядан (250 миң), Нигериядан (140 миң адам) келген.
Буга жергиликтүү эл нааразы болуп, бийлик чараларга өттү. Былтыр таща миграция 170 миңге азайды. Бирок ошентсе да мигранттарга каршы жана антиевропалык Reform UK партиясы сурамжылоолордо бийликтеги лейбористтерден жана башка саясий күчтөрдөн туруктуу алдыга чыгып жатат.
Европа Британияны кайра кабыл алганга даярбы?
Эгер британдыктар бирдиктүү Европага мамилесин түбүнөн өзгөртсө да, бул иштин жарымы эле болот. Евробиримдиктин ,өзүнө өзгөчо мамиле талап кылган, өзүм билемдик кылган түндүктүктөрдү кайра үй-бүлөгө кошконго калоосу да болушу керек.

Сүрөттүн булагы, EPA
Евробиримдиктин 2014-2029-жылдарга карата саясий пландарында коопсуздук, энергетика, студенттик алмашуу жаатында кызматташуу каралган. Бирок соода тууралуу бир да сөз жок. Себеби, брекситтин шарттары бир тараптуу жана чечкиндүү болуп Евробиримдикке ыңгайлуу болгонун UK in a Changing Europe чечмелейт.
Брексит тууралуу референдумдан кийин бул тема Евробиримдиктеги бардык саммиттердин негизги темасы эле. Бирок кийин уюм башка көйгөйлөргө назарын бурууга өттү. Украинадагы согуш, Кытай менен АКШ мамилеси жана бирдиктүү рынокту бекемдөө күн тартибине чыгып, брексит тууралуу эстебей да калышты.
Бирок эстешкен күндө деле бир эле калоо менен артка кайта албайсын. Британияны кайра кабыл алуу үчүн европалыктар уюмдун эрежелерин кайра жазып чыгууга туура келет. Бул ЕБдин эрежелер баарына бирдей деген башкы принцибине каршы келет. Уюмдан чыгып кетүү - ар өлкөнүн өз эрки, бирок кирүү жалпы тартиптин негизинде жүрөт. ЕБге кошулууга кезекте Черногория, Украина, Молдова, Албания, Сербия жана көптөгөн башка өлкөлөр турат.
Бирок кээде тарых секирик салып, муз жиреген учурлар деле боло келген. Орусия Украинага бастырып киргени Евробиримдик катарын калыңдатуунун максатында катуу эрежелерин буйтап өтүүгө аракет жасоодо. Украинаны ЕБге мүчөлүккө кабыл алуу убадасын аткаруунун аракетин жасоодо.
Азырынча анысы ийгиликтүү эмес, бирок Украинанын блокко мүчөлүккө алуу Британия үчүн ЕБге жакындоого кичине болсо да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, дешет UK in a Changing Europe изилдөө борборунун аналиктери.
"Акыркы сөз айтыла элек"
"Эгер Украинага ЕБге мүчөлүктүн убадалары аткарылып жаткандай көрүнүш жаратуу үчүн кыйла ийкемдүү формат сунушталса, анда Лондондун да маневр жасоого мүмкүнчүлүгү пайда болот", - деп жазышат британдык саясат таануучулар.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Бирок бул үчүн британ коомчулугу Европага кайра жакындагысы келиши керек. Азырынча жүргүзүлгөн сурамжылоолордо Брекситтин демилгечилеринин бири Найджел Фараждын партиясы алдыда келе жатат.
Эгер Reform UK бийликке келсе, өлкөнүн азыркы жетекчилигинин Европага жакындашуу аракеттеринин баары жокко чыгышы мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүк жөн гана божомол эмес, сурамжылоолор менен да тастыкталып турган шартта, Евробиримдик үчүн жаңы союздун шарттарын талкуулоого киришүүнүн мааниси аз.
Ошентсе да маселе толугу менен жабылган жок деп эсептейт Стратклайд университетинин профессору, британ социологиясынын белгилүү өкүлү Жон Кёртис.
"Жакынкы беш жылда жаңы референдум болбой турганы мүмкүн. Бирок коомдук пикир Евробиримдикке мүчөлүк маселесинде кайра өзгөрмөйүнчө, 2016-жылдагы добуш берүү акыркы сөз болду деп ишенүү кыйын", - деп жазат ал.
Ал эми британ коомчулугу өзүнүн келечекке болгон тандоосун тактап бүткүчө, Евробиримдик менен жакындашуу көбүнчө символдук жана чектелген мүнөздө кала берет. Акыркы он жыл ичинде Британия өткөнү боюнча бир гана суроого жооп бере алды - Брексит туура чечим беле? Ушундай темп менен кетсе, британ эли келечекте кандай жолду тандагысы келерин түшүнүү үчүн дагы он жылдай убакыт талап кылынышы мүмкүн.
































