"Артисттер ачка жүрүп калды": Цирктеги чатак

Цирк
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргыз мамлекеттик циркинин айрым артисттери кайрадан нааразы болуп чыгышты. Алар айлыктын аздыгына, жетекчиликтин мамилесине нааразы.

"Биз өзүбүздү өзүбүз каржылаш үчүн бир айда 9 млн 95 миң сом табышыбыз керек экен. Бир оюндун баасы 320 миң сом. Жогорудагы сумманы табыш үчүн бир айда 28 оюн өткөрүшүбүз керек. Бул реалдуу эмес. Биз болгону 10-12 оюн гана өткөрө алабыз. Биз өзүбүздү өзүбүз багып кете албайбыз экен. Бизди Маданият министрлигине киргизип, мамлекеттик бюджеттен каржылоону камсыздап берүүнү суранып жатабыз. Негизги маселебиз ушул эле",- деди А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирктин директорунун орун басары Темирбек Мамбетoв.

"Цирк өзүн-өзү каржылоого өткөндөн кийин айлыгыбыз жогорулайт деп айтышкан. Бирок андай болгон жок. Июнь жана июль айларында айлыгыбызды бербей кармады. Мен жаңы үйлөнгөн жигитмин. Биринчи категориядагы артист болсом да, болгону 21-22 миң сом айлык алам. Үй-бүлөмдү багышым керек, күнүмдүк чыгымдарым бар. Бул каражат жетишсиз",- деди артисттердин бири Тилек Мусаев.

Маяна маселеси жамааттын ортосундагы ыркты да ыдыраткан. Артисттер жакында Тажикстанда өтө турган эл аралык фестивалга баруудан да баш тарткан.

"Акча бербейт, балетмейстер жок. Реквизит менен камсыз кылышкан эмес. Мына бул жерде турган жабдыктардын баары өзүмдүкү. Биз күнү-түнү иштеп, убадабызды аткардык, номер даярдадык. Бирок ушундай мамиле болгондо баргыбыз да келбей калды", - деди башкы машыктыруучу Анарбек Айталиев.

Мамлекеттик цирк 2023-жылдын июль айында капиталдык оңдоо иштери үчүн жабылып, 2024-жылдын ноябрында кайра ачылган.

Светлана Аширова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Светлана Аширова

2025-жылы Маданият министрлигинин карамагынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүлгөн жана өзүн-өзү каржылай баштаган. Директордун айтымында, мекемени кайрадан Маданият министрлигинин карамагына өткөрүү анын жеке чечими менен кабыл алына турган маселе эмес.

"Мурун биз атайын эсеп менен каржыланып келгенбиз. Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөндөн кийин өзүбүздү-өзүбүз каржылаган системага өттүк. Учурда президенттин жарлыгы, Министрлер кабинетинин токтому чыгып, тиешелүү чечим кабыл алынган болсо, мен кантип ошол токтомго каршы чыга алам? Ал мүмкүн эмес", - деди цирктин директору Светлана Аширова.

Айрым жаш артисттер жетекчилик алардын кесиптик өсүшүнө мүмкүнчүлүк бербей, керектүү жабдуулар менен камсыз кылбай жатканын айтышты. Мындай мамиленин айынан тажрыйбалуу жана мыкты артисттердин айрымдары цирктен кетүүгө аргасыз болгонун, айрым кызматкерлер мыйзамсыз иштен алынганын билдиришүүдө.

"Директор да өзү, көркөм жетекчи да, режиссёр да өзү. Баары өзү. Биз, жаштар, жеке өзүм "менин дагы программам бар, катышкым келет" десем, алардын баарынан баш тартты. 2024-жылдан бери бизде режиссёр, көркөм жетекчи деген жок. Ошонун айынан 186 кызматкердин ичинен 100 кызматкер иштен кетти. Айрымдары өздөрү кетсе, айрымдарын кетиришти", - деди артисттердин бири Мээрим Тургунбаева.

Цирк

"Мен жогорку категориядагы артистмин. Бул категорияга жетиш үчүн көп эмгек кылдым. Берилип иштедим, далилдедим. Бирок белгисиз себептерден улам мени биринчи категорияга түшүрүп коюшту. Эмне үчүн мындай кылышканын түшүнбөйм", - деди дагы бир артист Абдукаххор Маматов.

Цирк жетекчилиги артисттер тарабынан айтылган дооматтардын баары чындыкка дал келе бербей турганын билдирди. Бул жагдайга укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына кайрылганын маалымдады.

Бул Кыргыз мамлекеттик циркинде болуп жаткан биринчи нааразычылык эмес. Мындан бир канча жыл мурун да мекемеде ушундай көйгөйлөр көтөрүлүп, ошол кездеги жетекчилик алмашкан.