"Президенттик шайлоого катыш дегем". Жапаров Ташиевдин кызматтан алынышы тууралуу суроого жооп берди

Президент Садыр Жапаровдун журналист Али Токтакуновго маек берип жаткан учуру.

Сүрөттүн булагы, MediaHub

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Садыр Жапаровдун журналист Али Токтакуновго маек берип жаткан учуру.
Published
Окуу убактысы: 5 мүнөт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мурдагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы, алардын мамилеси жана Ташиевдин саясий келечеги тууралуу кенен комментарий берди. Жапаров бул тууралуу 13-августта журналист Али Токтакуновго берген видео маегинде айтты. 1 саат 45 мүнөттүк маекте президент бир катар суроолорго, анын ичинде Кумтөрдүн мурдагы тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк, агасы Сабыр Жапаровдун айланасындагы маселелерге жооп берген. Ошондой эле кыргыз-кытай мамилеси, тышкы карыз, президенттик шайлоо, жерлерди инвесторлорго берүү сыяктуу суроолордун тегерегинде пикирин бөлүшкөн.

Президент Садыр Жапаровдун айтканына караганда, ал Ташиев менен 2005-жылы парламент депутаты болуп келгенден бери таанышып, дос болуп келген.

"2020-жылы түрмөдөн чыгып, бийликке отургандан кийин атайын кызматтын башчысы кылдым. Беш жыл жакшы иштеп берди. Бирок бир кемчилиги – жакындарын, классташтары дейбизби, группалаштары дейбизби, жакын адамдары дейбизби, ошолорго жакшы көз сала албай, жакшы көзөмөлдөй албай калганы үчүн эле кызматтан кетти. Анан анча-мынча кемчиликтери да бар дегендей. Адам болгондон кийин кемчилик болбой койбойт, баарыбыз жаңылабыз. Иштебеген гана адам жаңылбайт дегендей, пайгамбар эмеспиз дегендей. Дос бойдон кала берет. Кызматка алып келейин деген планым жок. Эми ал эс алыш керек. Балким, өткөн-кеткенге саресеп салып, балким, ката кетирген учурларын эстеп, өзү деле түшүнөр деп ойлойм. Эми кызматка келбейт азырынча".

Жапаров Ташиевдин ишмердигинде кемчиликтер менен катар жетишкендиктер да болгонун белгиледи.

"Жалаң эле каталарды кетирди дегенден алысмын. Эмгеги бар. Аны эл деле көрүп турат. Ийгиликтерге жетишкенге анын да кошумчасы бар. Берилген тапшырманы чагылгандай тездик менен, ошол күнү аткарып, ошол күнү кечинде жооп берет. Өзү деле билет, мен акыркы эки жылдан бери какшап айтып жаткам. "Ай, эл арасында сөз бар, жанагы криминалдардын буюмдарынын жарымын төгүп, жарымын менчиктеп алып жатат деп айтып жатышат. Кустургандардын жарымын чөнтөгүнө кустуруп жатат деп айтып жатышат" десем эле: "Мен барып текшерип келейин", — деп эле, эки күндөн кийин келип, кагазын алып: "Мына, мен кызматтык иликтөө кылдым, таптаза экен", — деп эле келе берчү. Анан кызматтан алгандан кийин, бүт чыккандан кийин анан келип туруп, башын шылкыйтып туруп айтты. "Ооба, мен ката кетирипмин, ошол жагына мен ишенип туруп алыпмын, сенин айткандарыңды ошол кезде кылсам болмок экен", — деп. Айттым: "Мына, кеч болду", — деп. Кызматтан кеткенден кийин эки-үч жолу кабыл алдым. Ошол жерде бүт кемчиликтерин айттым. "Эмне болду эми, көрдүңбү?" десем, "Көрдүм", — деди. "Мен ката кетирипмин, көзөмөлдөбөй, ишенип жүрө бериптирмин, жакындарыма ишенип жүрө бериптирмин", — деди. "Эду" беле камакта жаткан, "Эду", баланча-түкүнчөлөргө ишенип жүрө берипмин", — деп, катасын мойнуна алды".

Президент журналисттин Ташиевдин сот иштерине байланыштуу суроосуна жооп берип жатып, Ташиевге шайлоого катыш деп сунуштаганын билдирди.

"Сотко "андай чечим чыгаргыла, мындай чечим чыгаргыла" деп басым жасабайбыз. Сот кандай чечим чыгарса, ошондой чечим чыгарат да. Соттун жыйынтыгын көрө туралы. Ал эми шайлоого барам десе, мен өзүнө деле айткам, кызматтан алып жаткан күнү. "Шайлоого катышам десең, ага да жол ачып берейин, мына, катыш", — дегем. "Салмагыңды билип аласың, эки иштен — бир иш болуп" деп. Ошондо эле айткан: "Мен катышпайм, сага каршы чыгып шайлоого барбайм", — деп. Кызматтан ала элек кезде деле айтсам керек эле. Анан кийин "Командам менен колдоп чыгам", — деп жарыя кылды. Аны көрдүм", - деди Жапаров.

Журналист Али Токтакунов президенттен Ташиев экөөнүн ортосунда "адегенде мен президент болом, анан сен президент болосуң" деген макулдашуу болгон-болбогонун сурады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Жок, такыр андай болгон эмес. Достору айтып жүрбөйбү: "Куран кармашкан, анан нан тиштешкен" деп. Кудай төбөдө карап турат, өзү деле калп айттырбайт, эч кандай андай болгон эмес, соодалашуу, "мен болоюн, анан сен болосуң" деген. Ушунча болду, мен айтайын. Менин өзүмдүн планым болгон. Алты жыл отуруп эле, 2027-жылы шайлоого барбай эле, тажрыйба топтоп, даяр болуп калса, Камчы катышса, мен катышпай эле, Камчыны президент кылып, эс алууга кетсемби деген менин өзүмдүн планым болгон. 2027-жылы январда шайлоо болот да. Ушундай кылсам деген менин планым болгон. Өзүнө бир жыл калганда айткам, эки-үч жыл болуп калдыбы. "Даяр болгун, даярдан, айлана-тегерегиңди тазала, тарбияла", — деп, ошентип келгем. Анан карасам, даяр эмес. Кызматкерлеринин баары тигинтип жатат. Айлана-тегерегинин баары асманда жүрөт, учуп алды деп эми 75тин каттары боюнча, парламентте экиге бөлүп депутаттарды: "Сен бери кел, генерал тараптасыңбы же бул тараптасыңбы?" — деп, баштаганда анан чакырып алып айттым. "Мындай иш болбойт. Элди экиге бөлбөш керек. Түндүк-түштүк деп бөлгөндөрдү мен катуу жазалайм. Эми-эми эл биригип, бир Кыргызстан болуп баратса, анан сен тигил жактасыңбы же бул тараптасыңбы деген болбойт". Мен сени ошон үчүн кызматтан алып жатам, "капа болбо" деп туруп, анан кийин шайлоого катышам десең, шайлоого шарт түзүп берем деп айткам. Кызматтан өзүнө айтып туруп алгам".

Бул президент Садыр Жапаровдун Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча биринчи жолу кенен комментарий бериши. Ал буга чейин Ташиев тууралуу суроолорго кыска гана жооп берип, мынчалык кенен түшүндүрмө берген эмес.

Ташиевдин иши тууралуу эмне белгилүү?

57 жаштагы Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун досу, саясаттагы тандемдеши катары мамлекетти башкаруу, чечим кабыл алуу ишине түздөн-түз аралашып келген.

2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыккан.

Ага ылайык, Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Курманкул Зулушев, мурдагы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев жана мурдагы депутат Аалы Карашев Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга" байланыштуу беренеси боюнча үй мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан эркинен ажыратылган. Бирок сот аларга үч жылдык пробациялык мөөнөт колдонуу менен эркиндикте калтырган.

Соттолгон сегиз адамдын баары тең райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан. Ошондой эле өкүмгө байланыштуу Башкы прокуратура да шаардык сотко апелляциялык арыз берген.

"75чилердин каты" боюнча кылмыш иши быйыл 9-февралда козголгон. Ага 75 адам кол койгон кайрылуу негиз болгон. 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Айрымдар бул окуяларга президент Садыр Жапаров "мамлекеттик төңкөрүштү" алдын алууга жетишип калды деп баа беришкен.

Ташиевди кызматтан алардын алдында, жогоруда айтылгандай, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 киши президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атына кайрылуу жолдошкон. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган.

Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Баш мыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканын белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү демилгелөөнү сунушташкан.

ИИМ 9-февралда буга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, беш киши кармалган.

Милиция булардын "иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек" жана "өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө багытталган" деп билдирген.

Ал эми кармалгандардын жакындары жана адвокаттары айыптоолорду четке каккан.

Дал ушул 75 кишинин каты беш жылдан бери бекем деп саналып келе жаткан Жапаров-Ташиев тандемин ыдыратууга себепчи болгону айтылып келе жатат.

Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.

Адвокат: Ташиев акталышы керек

Ташиев өзүнүн кызматтан алынышы, кылмыш ишинин козголушу тууралуу маселелердин тегерегинде пикирин элек. Ал өзүнүн сотуна күбө катары келген депутат Элвира Сурабалдиева менен сот жараянында кайым айтышып жатып, өзүн күнөөсүз деп эсептейт турганын билдирген. Ал эми анын адвокаты Икрамидин Айткулов Ташиевдин күнөөсү жок экендигин, толугу менен акталышы керектигин айтып келе жатат.

Ал ушул жумада Бишкек шаардык сотуна Ташиевдин иши боюнча апелляциялык арызды эмне себептен беришкенин түшүндүрүп, анда биринчи инстанциядагы соттун өкүмүнө байланыштуу бир катар күмөндүү суроолор бар экенин билдирген.

"Сот Камчыбек Ташиевдин кайсы конкреттүү аракетин кылмышка даярдануунун башталышы катары тааныды? Мыйзамдуу саясий ишмердиктен кылмышка даярданууга өтүү кайсы далил менен тастыкталат? Бийликти күч колдонуп басып алууга даярдануу сыяктуу кылмыштын объективдүү тарабынын кайсы элементи сот тарабынан аныкталды? Мамлекеттик бийликти болжолдуу күч менен басып алуунун механизми өкүмдүн кайсы жеринде сүрөттөлгөн? Соттун тыянактарына ылайык, күч колдонууну ким ишке ашырышы керек болгон? Кайсы конкреттүү аракеттер күч колдонууга багытталган?" – деген адвокат бул тууралуу Фейсбук баракчасына жазган.

Айткуловдун айтымында, жактоочулар апелляциялык арызды эмоцияларга же саясий бааларга эмес, соттун өкүмүндө жоопсуз калган укуктук маселелерге негиздеген.

Ал кошумчалагандай, сот айыпталуучунун аракеттерин жетиштүү деңгээлде аныктаган эмес, далилдерди талдоонун ордуна божомолдорго таянган жана жактоочулар келтирген маанилүү жүйөлөргө толук жооп берген эмес.