Урматбек Самаев Токтогул районунун акими болуп дайындалды

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Урматбек Самаев Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалыматы таратты.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Токмок шаарынын мурдагы мэри Урматбек Самаев буга чейин президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары эле.

Чемпион" деген каймана ат менен таанымал Самаев 2023-жылы мамлекетке 130 миллион сомдон ашык зыян келтиргени айтылып, кармалып-камалган. Ал Токмокту башкарып турган 2023-жылы 17-апрелде кармалып, УКМК аны коррупциялык схемага айыптаган.

Бирок Самаев андан кийин Жогорку сотто акталган.

2025-жылы 20-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Урматбек Самаевди президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары кылып дайындоо жарлыгына кол койгон.

Урматбек Самаев 2016-жылы парламентке "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен депутат болгон. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Райымбек Матраимовго тиешелүү "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен катышкан.

2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин Садыр Жапаровдун бийликке келишин катуу колдоп, кезексиз жыйынга чогултуу үчүн депутаттарды коркутканын ошол учурдагы эл өкүлү Аида Касымалиева айтып чыккан эле. Бул окуядан кийин, 2020-жылы 13-октябрда Урмат Самаев Аида Касымалиевага жооп берип, анын айыптоосун толугу менен четке каккан.

Президенттик бүгүн кол койгон дагы бир тескемеге ылайык, Жумгал районуну да акими алмашып, Жаныбек Исаков жаңы аким болду.