Жети күн жана миллиондогон аза күткөндөр: Иран жогорку лидери Али Хаменеи менен коштошууда

мстсяч

Сүрөттүн булагы, Reuters

    • Author, Масуд Азар
    • Role, Би-Би-Синин Перс кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Жума күнү Тегеранда Ирандын көз жумган жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин элесине арналган аза күтүү иш-чаралары башталды. Али Хаменеи төрт ай мурда АКШ менен Израилдин аба соккусу маалында өлтүрүлгөн. Ирандын аткаминерлери муну "кылымдын аза күтүүсү" деп аташты.

3-июлдан тарта Хаменеинин сөөгү "Мосалла Имам Хомейни" комплексинде болот.

Расмий адамдардын баамында, коштошуу аземине 12 миллиондон 20 миллионго чейин адам катышары күтүлүүдө. Бийлик Хаменеи менен коштошууга даярдык Ирандын тарыхында мамлекеттик иш-чаралар үчүн буга чейин болуп көрбөгөндөй масштабда өткөнүн ырастоодо. Тактап айтканда, коштошууга келгендер үчүн миңдеген лагерлер орнотулду. Миллиондон ашык адам келери күтүлүп жатат.

Тегерандын борбору аркылуу өтө турчу атайын каттам иштелип чыкты, ал адамдардын агымын жөнгө салууга жана коопсуздукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Иш-чараларды "Мохаммад Расулолланын" Тегеран корпусу координациялап жатат. "Мохаммад Расулолла" – Ислам ыңкылабынын сакчыларынын Корпусунун эң ири аймактык бөлүмү.

На символической похоронной процессии в Ираке ночью толпа несет флаги и фотографии бывшего верховного лидера Ирана аятоллы Али Хаменеи.

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images

Тегеранга кимдер келет?

Байкоочулар Тегеранга дүйнөнүн саясий жана диний ишмерлеринин, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн ичинен кимиси келерине кылдаттык менен көз салышууда.

Айрым байкоочулар четтен гана карап, бирок келбей тургандар да көп нерседен кабар берерин белгилешет.

Сүрөттө: Ирандын бийлиги акыркы сапарга узатуу иш-чаралары үчүн “Биз көтөрүлүшүбүз керек” деген ураанды тандап алышты

Сүрөттүн булагы, MEHR

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандын бийлиги акыркы сапарга узатуу иш-чаралары үчүн "Биз көтөрүлүшүбүз керек" деген ураанды тандап алды
Марлен Маматалиев Али Хаменеи менен коштошуу зыйнатына катышты. 3-июль, 2026-жыл

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Марлен Маматалиев Али Хаменеи менен коштошуу зыйнатына катышты. 3-июль, 2026-жыл

Али Хаменеи менен коштошуу зыйнатына 3-июлда Кыргызстандан Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган делегация катышты.

Жогорку Кеңештин делегациясын азем өтүүчү жайда Иран Ислам Республикасынын парламентинин вице-спикери тосуп алды.

"Төрага борбордук коштошуу залында маркумдун элесине таазим этип, андан соң Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жана Жогорку Лидердин үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушту" деп айтылат расмий билдирүүдө.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чараларга ондогон мамлекеттердин расмий өкүлдөрү, анын ичинде президенттер, премьер-министрлер, парламенттердин спикерлери жана өкмөттөрдүн мүчөлөрү катышат. Иш-чараларды 800гө жакын чет элдик журналист чагылдырат деп күтүлүүдө.

Москва Орусиянын делегациясын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн мурдагы президенти Дмитрий Медведев жетектей турганын тастыктады.

“Мохаммад Расулолла” корпусунун командири Хасан Хасанзаде Хаменеинин табыты бийик жерге коюларын билдирди.

Сүрөттүн булагы, HAMSHAHRI

Хаменеи менен коштошуу кандай өтүп жатат?

Жети күнгө созулчу аза күтүү иш-чаралары жума күнү Тегерандын "Мосалла Имам Хомейни" комплексинде (ислам ыңкылабынын лидеринин күмбөзүндө) башталды.

Келгендердин баары Али Хаменеи менен жекшембинин кечине чейин коштошо алышат.

"Мохаммад Расулолла" корпусунун командири Хасан Хасанзаде Хаменеинин табыты бийик жерге коюларын билдирди.

Каалоочулар Хаменеи менен коштошуу жерине барып, 15-20 мүнөттүн ичинде ал жактан чыгып кете алат. Уюштуруучулар дал ушундай шарт түзүп жатат.


Хаменеинин сөөгү Ирактын Наджаф шаарына да жеткирилет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хаменеинин сөөгү Ирактын Наджаф шаарына да жеткирилет
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Шейшембиде аза күтүү иш-чаралары Тегерандын түштүгүндөгү Кумада уланат. Ал жерде Ирандын эң белгилүү жана символдук мааниси бар диний жайларынын бири болгон Жамкаран мечитинде жаназа окулат.

Шаршембиде Хаменеинин сөөгү Ирактын Наджаф шаарына жеткирилет. Шииттердин биринчи имамы Алинин күмбөзүндө аза күтүү зыйнатынан кийин азем Кербелде улантылып, Хаменеинин сөөгү Иранга кайтарылат.

Ирандын бийлиги Иракта иш-чараларды өткөрүүгө ирактык уюмдардын өтүнүчү себеп болгонун ырасташууда. Ошол эле учурда айрым серепчилер бул кадамды Хаменеинин шиит дүйнөсүндөгү таасирин, Ирандын өлкөлөр менен тыгыз диний жана саясий байланыштарынын далили деп көрсөтүү аракети катары баалашууда.

Коштошуу аземине даярдык көрүү иштерин координациялоо үчүн Багдадга барган Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи алардын "символикалык маанисин" баса белгиледи.

Бейшембиде Хаменеи туулуп өскөн Мешхед шаарында, шииттердин сегизинчи имамы Имам Резанын күмбөзүнүн жанына коюлат. Бул Ирандын эң маанилүү зыярат жайы болуп саналат жана бул жакка жыл сайын миллиондогон адамдар келип турушат.

Өлкө боюнча аза күтүү иш-чаралары дагы 40 күнгө созулат, ал эми маркумду эскерүү иш-чаралары анын жылдыгына чейин улана бермекчи.

Коштошууга Моджтаба Хаменеи келеби?

Хаменеи Ислам Республикасы олуттуу саясий жана социалдык чакырыктарга туш болуп жаткан мезгилде жерге берилип жатат.

Айрымдар бул аземдерди Иран мамлекети үчүн биримдикти көрсөтүү мүмкүнчүлүгү катары карашууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айрымдар бул аземдерди Иран мамлекети үчүн биримдикти көрсөтүү мүмкүнчүлүгү катары карашууда.

Идеологияга негизделген мамлекеттерде лидерлерди акыркы сапарга узатуу диний гана эмес, саясий да функцияны аткарат.

Кээ бирлери мындай аземдер Иран бийлигине өлкөнүн биримдигин көрсөтүүгө жана расмий саясий турумун бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет деп эсептешет. Алар ошондой эле Хаменеиден кийинки бийлик системасын бириктирүүдө жана анын уулу, мураскери Моджтаба Хаменеинин бийлигин бекемдөөдө символдук ролду ойноп бериши мүмкүн.

Анткен менен, айрымдар адамдарды мындай масштабдуу мобилизациялоонун өзү Иран коомундагы терең саясий жана социалдык карама-каршылыктарды жеңе албайт деп эскертишүүдө.

Аземдерге кылдаттык менен даярдык көрүлгөнүнө карабастан, бир катар маанилүү суроолор жоопсуз кала берүүдө. Тактап айтканда, Моджтаба Хаменеи жана анын ага-инилери атасы менен коштошууга катышабы же жокпу – бул азырынча белгисиз.

Хаменеинин уулдары АКШ жана Израил менен согуш башталгандан бери элдин алдына чыга элек болчу. Мындан тышкары, Моджтабанын ден соолугуна байланыштуу маалыматтар да бир өңчөй эмес – айрыкча 2026-жылдын 28-февралындагы кол салуунун натыйжасында анын үй-бүлөсүнүн бир нече мүчөсү, анын ичинде жубайы каза болгондугу тууралуу маалыматтардан кийин ушундай абал сакталууда.

30-июнда акыркы сапарга узатууну уюштуруу комитетинин катчысы Али Акбар Пуржамшидиан Моджтабанын катышуусу тууралуу чечимди Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы жана Ирандын жогорку лидеринин канцеляриясы жарыяларын билдирди.

Дагы бир суроо — жаназаны ким окуйт. Шииттердин салты боюнча, бул роль диний гана эмес, саясий да мааниге ээ. Кээ бир байкоочулар Моджтабанын эл алдына чыгышы Ирандын келечектеги жетекчилигине тиешелүү маанилүү белги катары кабыл алынышы мүмкүн экенин белгилешет.

Макаланы которгон Зейнеп Мартбек кызы